Казахские песни Узбекские песни

Песня «Эрке кызым»
исполнителя Анжелика Кайратовна.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Эрке кыз элең шаңга бөлөгөн үйүбүздү,
Элпегим элең эки кылбаган тилибизди.
Эми бой жетип узап жатасың түгөйүңө,
Мыкты жар болгун, бакыт орносун.
Жарык кыла бер жүзүбүздү
Кайырма:
Эрке кызып, эстүү кызып,
Эми сен да турмуш курасың
Бактылуу бол, ачылсын жол,
Барган жериң дагы кубансын.
Салам салып тур барган жериңе салтты бузбай,
Кайын журтуңа кайрымдуу болгун өз кызыңдай.
Жөлөгү болгун, тиреги болгун түгөйүңө,
Боорукер эне, бир тууган жеңе,
Меймандос болгун кыргызымдай.
Кайырма:

Другие песни исполнителя:

  • Ак булутту аралап ай баратат, Ак куу болуп көлдөгү жай баратат. Ата албайсың ак кууну оңой менен, Жете албайсың айга да жел ой менен. Жеткичекти жетпестен калган жакшы, Жетип азап жегиче, арман жакшы. Жетем десем сулуу ай, жетер элем, Көк деңизин булуттун кечер элем. Сүзө бергин алтын ай көгүң менен, Мен карайын өзүңдү теңим менен. Сага жакшы сезилсе булуттуу көк, Мага жакшы көктөм жер жемиши көп.
  • Над осколками льда, ты идешь без следа, Не замечая ярких огней. Вспоминая тебя, закрываю глаза, В поисках вечных радужных дней. Время постой, куда? Ты не спеши, я ведь вся в надежде. Я навсегда твоя, это судьба. Кайырма: Теплые дни нас унесли, Мы с тобою волною накрылись одни, Ты обними.Буду рядом с тобой душою на вечность Скорость быстрого дня, не дает мне понять. Сводят с ума пустые мечты. Я любовью грешна, но поймут облака. Искренность в этой страстной любви. Время постой, куда? Ты не спеши, я ведь вся в надежде. Я навсегда твоя, это судьба.
  • Көз кумарын кандырган, Көркөмүнө жан курман. Эң бир ыйык жерибиз, Эргүү табат ар бир жан. Өмүрүбүз кулпунат, Өрдү карай умтулат. Кемибесин бактыбыз, Керек бизге ынтымак. Кайырма: Көңүлүбүз куш болсун, Көлдөй ырыс туш болсун. Алакандай кыргызга, Ала-Тоодой кут консун. Башты бийик көтөргүн Байлыгы сен мекендин Үлгү болсоң балаңа, Үмүтүңө жетерсин. Ден соолук бер дегиле, Дем кошулат демиңе. Тилегенди өзүмө, Тилеп келем элиме. Кайырма: