Казахские песни Узбекские песни

Песня «Жаным, сага баратам»
исполнителя Анжелика Кайратовна.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Текст песни не найден. Добавить?
Мы платим за добавление текста. Вам нужно авторизоваться, чтобы мы смогли вам заплатить
Отмена

Другие песни исполнителя:

  • Турдуң да мага сүйкүм күлүп, Арначы назик махабатың. Мен да арнайын өмүрүмдү, Алтыным менин, сен кымбатым. Кайырма: Сен жөнүндө ойго курчалдым, Жүрө албаймын жаным тынч алып. Тынч уйкумду уурдап кеттиң го, Садагасы, кетем зарыгып. Сен жөнүндө ойго толгонуп, Айлуу түндө кетем ойгонуп. Сени жоготкондон коркомун, Сагынамын дале ойлонуп. Тартынбачы, келчи, келсеңчи, Арзуу деген нурун сепсеңчи. Өмүр бою сүйүү дастаны, Болсун бизге өмүр белеги. Кайырма:
  • Мейли тагдыр мага башың ийбегин Мейли тагдыр мага жарык тийбесин Бул жашоомдо турсун жарык күн тийип, ай, Медер туткан ата-энеме тийбегин. Медер туткан ата-энеме тийбегин. Мейли тагдыр өкчөп-калчап бийлегин Мейли тагдыр камыр кылып ийлегин Мен өзүңдөн башка нерсе сурабаймын Суранаарым балдарыма тийбегин. Суранаарым балдарыма тийбегин. Мейли тагдыр сыйлыгыңды бербегиң Байлыгыңды маңдайыма илбегин. Андан өткөн мага байлык, бакыт жок, ай, Суранаарым жакыныма тийбегин. Биртууганым, бир боорума тийбегин Мейли тагдыр мага башың ийбегин Мейли тагдыр мага жарык тийбесин Бул жашоомдо турсун дайым күн тийип, ай, Медер туткан ата-энеме тийбегин. Мен өзүңдөн башка нерсе сурабаймын Суранарым ата-энеме тийбегин. Суранарым балдарыма тийбегин. Суранарым эл-журтума тийбегин.
  • Кайырма: Үйлөнүү тоюң кут болсун, Үйүңө бакыт куш консун. Тамшанып жүрүп издеген, ай, Татына кызга туш болдуң. Жаркылдап күлүп, жайнаган гүлүн, Үздүңөр бирге сүйүү гүлүн. Түбөлүк сыйлап бириңди бириң, Көтөрүш керек сүйүү жүгүн. Кайырма Ак тойго келдим, ачылды эргүүм, Батасы тийсин бүгүн элдин. Жакшылык курчап, жарашып турса, Бардыгы болот ак тилек кылса. Кайырма
  • Эрке кыз элең шаңга бөлөгөн үйүбүздү, Элпегим элең эки кылбаган тилибизди. Эми бой жетип узап жатасың түгөйүңө, Мыкты жар болгун, бакыт орносун. Жарык кыла бер жүзүбүздү Кайырма: Эрке кызып, эстүү кызып, Эми сен да турмуш курасың Бактылуу бол, ачылсын жол, Барган жериң дагы кубансын. Салам салып тур барган жериңе салтты бузбай, Кайын журтуңа кайрымдуу болгун өз кызыңдай. Жөлөгү болгун, тиреги болгун түгөйүңө, Боорукер эне, бир тууган жеңе, Меймандос болгун кыргызымдай. Кайырма: