Казахские песни Узбекские песни

Песня «Элим»
исполнителя Анжелика Кайратовна.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Текст песни не найден. Добавить?
Мы платим за добавление текста. Вам нужно авторизоваться, чтобы мы смогли вам заплатить
Отмена

Другие песни исполнителя:

  • Көз кумарын кандырган, Көркөмүнө жан курман. Эң бир ыйык жерибиз, Эргүү табат ар бир жан. Өмүрүбүз кулпунат, Өрдү карай умтулат. Кемибесин бактыбыз, Керек бизге ынтымак. Кайырма: Көңүлүбүз куш болсун, Көлдөй ырыс туш болсун. Алакандай кыргызга, Ала-Тоодой кут консун. Башты бийик көтөргүн Байлыгы сен мекендин Үлгү болсоң балаңа, Үмүтүңө жетерсин. Ден соолук бер дегиле, Дем кошулат демиңе. Тилегенди өзүмө, Тилеп келем элиме. Кайырма:
  • Сансыз күндөр закымдап өттү сызып, Сага деген сезимдер алып учуп. Махабаттан буюрган энчибиздей, Сагынычта жүрөбүз сагынышып. Кайырма: Мен эч кимди мынчалык сагынбагам, Мен эч кимге жалбарып жагынбагам. Күтүп жатып күл болуп сапырылып, Жолукканда от болдук жалындаган. Сагынычым таркабай улам ашып, Түшүмдөн да чочуймун уктап жатып. Өзүңдөн аян алып жатканымды, Негедир эстей берем санаа басып. Кайырма: Жүрөк дегдеп, умтулуп, жаным ысып, Сагындырып, сагынып, сагынышып, Бул жарыкта кайгыны унутуп салып, Махабатка жашайбыз табынышып. Кайырма:
  • Күн болуп күлүп турсаң, Каректен нур бөлүнүп. Жан дүйнөм балкып, эрийт, Жүрөктөн ыр төгүлүп. Сүйкүмдүү жылмайганың, Сезимди өрттөп өтөт. Керемет ошол элес, ошол элес, Каректен кантип өчөт? Кайырма: Назданып эркелесең, Берерге жаным даяр. Артылып арзуум сага, Махабат багым даяр, Махабат багым даяр… Күн болуп тийип турчу, Мээримиң төгүп мага. Жаштыгым өтсө мейли, Өзүң деп күйүп-жанам. Сүйкүмдүү жылмайганың, Сезимди өрттөп өтөт. Керемет ошол элес, ошол элес, Каректен кантип өчөт? Кайырма:
  • Сен турган жер ыйык мага бейиштей, Сени менен телегейим тегиздей. Мени кандай мээнет менен өстүрдүң, Балалыктын бактысынан кемитпей. Кайырма: Апакем менин ынагым, Маңдайда өчпөс чырагым. Эсен-соо болуп биз менен Жайнасын көлдөй жамалың. Бейиш жыты, балким эне жытындай, Жыттап алсам жыргай түшөм ушундай. Болгон үчүн энелердин мээрими, Бүтүн бойдон турат дүйнө бузулбай. Кайырма: