Казахские песни Узбекские песни

Песня «Назданып»
исполнителя Анжелика Кайратовна.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Күн болуп күлүп турсаң,
Каректен нур бөлүнүп.
Жан дүйнөм балкып, эрийт,
Жүрөктөн ыр төгүлүп.
Сүйкүмдүү жылмайганың,
Сезимди өрттөп өтөт.
Керемет ошол элес, ошол элес,
Каректен кантип өчөт?
Кайырма:
Назданып эркелесең,
Берерге жаным даяр.
Артылып арзуум сага,
Махабат багым даяр,
Махабат багым даяр…
Күн болуп тийип турчу,
Мээримиң төгүп мага.
Жаштыгым өтсө мейли,
Өзүң деп күйүп-жанам.
Сүйкүмдүү жылмайганың,
Сезимди өрттөп өтөт.
Керемет ошол элес, ошол элес,
Каректен кантип өчөт?
Кайырма:

Другие песни исполнителя:

  • Бак ичинде жүрөсүң күлүп-жайнап, Бажырайган көздөрүң алды арбап. Байкабадың жанымдан өтүп жатып, Бажырайган кызыл гүл колго кармап. Кайырма: Кызыл гүлүм ай, кызыктырдың ай, Аппак гүлүм ай, алгач сүйүүм ай. Көлөкөдө жүрөсүң күлүп-жайнап, Көңүлүңдү койбодуң го мага арнап. Чоктой беле көздөрүң күйүп-жанган, Гүлдөрүңдөн сунуп кой мага арнап. Кайырма: Гүл жытына мас болуп термелемин, Ок аткандай мен өзүңө сермелемин. Кокус сени чочутуп албайын деп, Арт жагыңан акмалап мен келемин. Кайырма:
  • Кайырма: Үйлөнүү тоюң кут болсун, Үйүңө бакыт куш консун. Тамшанып жүрүп издеген, ай, Татына кызга туш болдуң. Жаркылдап күлүп, жайнаган гүлүн, Үздүңөр бирге сүйүү гүлүн. Түбөлүк сыйлап бириңди бириң, Көтөрүш керек сүйүү жүгүн. Кайырма Ак тойго келдим, ачылды эргүүм, Батасы тийсин бүгүн элдин. Жакшылык курчап, жарашып турса, Бардыгы болот ак тилек кылса. Кайырма
  • Сен белен сезелек сүйүү бактым, Сен белен себеби кусалыктын, Сергитип сезимимдин гүлдүү багын, Сен деп мен келемин кыялданып. Кайырма: Тандадым бакытым бакытым, Байладым тагдырды өзүнө мен, О, бакытым, багынтты, багынтты, Сөздөрүн өзүндү сүйөм деген. Сен белен махабаттын булагы, Жер белен тамшанткан ыр булагы, Сен десем жүрөгум күйүп жанып, Сен менен учамын канат кагып.
  • Бул менин ачкычым, Айтамын ачыгын. Ыр сунуп сизге ырдаган Көнүлдүн тереңинде, От болуп келемин мен Жан дүйнө үнүн тыңдаган. Гүл сунуп ыр сунуп келемин. Шаңга толуп ар бир күнүң, Кайгы муңду калтыр бүгүн. Ар бир жанга тилегеним, Бул ыргакты тапкын бүгүн. Маанайлар чөкпөсүн, Өмүр жаш өчпөсүн Жүрөктө обон турганда. Кучагын жайып турган, Сезимди айыктырган. Музыка жана ыр гана. Гүл сунуп, ыр сунуп келемин
  • Жаным сүйүп, жандай көргөн жар элең, Маңдайымда күйүп турган шам элең. Сен бир булбул бутагында сайраган, Сен бир мага көлөкөлүү жар элең. Кайырма: Өткөн күндү сен эстедиңби, Жүрөгүмдү эзбедиңби сен. Көрбөй калсам сени, Сагынчу элем, мен күтүп сени. Сүйүү оту жанбай калды бизде эми, Балким, анда жок күнөөбүз, билбейм деги. Махабаттай арман барбы бул дүйнөдө? Эске салып өкүнөбүз биз да эми. Кайырма: Жалындап өзүң, Ортодо жайнап турду көзүң. От болду сезим, Сырымды билбей сен кеттиң. Жалындап өзүң, Ортодо жайнап турду көзүң. От болду сезим, Сырымды билбей сен кеттиң, Жылдар өтсүн арадан… Жаным сүйүп, жандай көргөн жар элең, Маңдайымда күйүп турган шам элең. Сен бир булбул бутагында сайраган, Сен бир мага көлөкөлүү жар элең. Кайырма: