Казахские песни Узбекские песни

Песня «Жылдар өтсүн арадан»
исполнителя Анжелика Кайратовна.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Жаным сүйүп, жандай көргөн жар элең,
Маңдайымда күйүп турган шам элең.
Сен бир булбул бутагында сайраган,
Сен бир мага көлөкөлүү жар элең.
Кайырма:
Өткөн күндү сен эстедиңби,
Жүрөгүмдү эзбедиңби сен.
Көрбөй калсам сени,
Сагынчу элем, мен күтүп сени.
Сүйүү оту жанбай калды бизде эми,
Балким, анда жок күнөөбүз, билбейм деги.
Махабаттай арман барбы бул дүйнөдө?
Эске салып өкүнөбүз биз да эми.
Кайырма:
Жалындап өзүң,
Ортодо жайнап турду көзүң.
От болду сезим,
Сырымды билбей сен кеттиң.
Жалындап өзүң,
Ортодо жайнап турду көзүң.
От болду сезим,
Сырымды билбей сен кеттиң,
Жылдар өтсүн арадан…
Жаным сүйүп, жандай көргөн жар элең,
Маңдайымда күйүп турган шам элең.
Сен бир булбул бутагында сайраган,
Сен бир мага көлөкөлүү жар элең.
Кайырма:

Другие песни исполнителя:

  • Мейли тагдыр мага башың ийбегин Мейли тагдыр мага жарык тийбесин Бул жашоомдо турсун жарык күн тийип, ай, Медер туткан ата-энеме тийбегин. Медер туткан ата-энеме тийбегин. Мейли тагдыр өкчөп-калчап бийлегин Мейли тагдыр камыр кылып ийлегин Мен өзүңдөн башка нерсе сурабаймын Суранаарым балдарыма тийбегин. Суранаарым балдарыма тийбегин. Мейли тагдыр сыйлыгыңды бербегиң Байлыгыңды маңдайыма илбегин. Андан өткөн мага байлык, бакыт жок, ай, Суранаарым жакыныма тийбегин. Биртууганым, бир боорума тийбегин Мейли тагдыр мага башың ийбегин Мейли тагдыр мага жарык тийбесин Бул жашоомдо турсун дайым күн тийип, ай, Медер туткан ата-энеме тийбегин. Мен өзүңдөн башка нерсе сурабаймын Суранарым ата-энеме тийбегин. Суранарым балдарыма тийбегин. Суранарым эл-журтума тийбегин.
  • Сен белен сезелек сүйүү бактым, Сен белен себеби кусалыктын, Сергитип сезимимдин гүлдүү багын, Сен деп мен келемин кыялданып. Кайырма: Тандадым бакытым бакытым, Байладым тагдырды өзүнө мен, О, бакытым, багынтты, багынтты, Сөздөрүн өзүндү сүйөм деген. Сен белен махабаттын булагы, Жер белен тамшанткан ыр булагы, Сен десем жүрөгум күйүп жанып, Сен менен учамын канат кагып.
  • Сага гана айтамын жан сырымды, Сага гана арнаймын жакшы ырымды. Салтанаттуу жашоонун сереси дейм, Сага гана байланган тагдырымды. Кайырма: Сени менен басканда, Серпилемин асманга. Махабатым мен сени, Ыраазымын тапканга. Сезимимде сел жүрөт, Салам айтам ак таңга. Арбалам, ай, кармалам, Сүйүү деген дастанга. Көктөмдөргө бөлөнгөн көңүлүмдү, Көп айтамын, колдо деп Теңиримди. Жылдыздарга окшотом, жылдыздарга, Сага гана арналган өмүрүмдү. Кайырма: Ырыскымды ыйгарган ыр дүйнөдөн, Ыраазымын миң ирет Жаратканга мен. Асыл ойду беттеген аруу тилек, Ак нур жааган жолумду сен деп билем. Кайырма:
  • Жашоо, жашоо, жашоо керемет, Бул жашоодо өмүр, өмүр бир келет. Ошондуктан, достор, келгин ырдайлы, Күлкү менен шаттык бизди терметет. Кайырма: Боло электе бир арман, Ырдагыла, жаштар, ай. Биздин заман нур заман, Шаттангыла, жаштар, ай, Өтсө дагы жылдар, жылдар арадан, Өчпөсө экен шаттык, шаттык заманам, Бактылуу бол, достор, аман бол, элим, Тилегеним ошол ошол Кудайдан. Кайырма: Боло электе бир арман, Ырдагыла, жаштар, ай. Биздин заман нур заман, Шаттангыла, жаштар, ай,