Казахские песни Узбекские песни

Песня «Каалоо»
исполнителя Анжелика Кайратовна.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Жашоо, жашоо, жашоо керемет,
Бул жашоодо өмүр, өмүр бир келет.
Ошондуктан, достор, келгин ырдайлы,
Күлкү менен шаттык бизди терметет.

Кайырма:
Боло электе бир арман,
Ырдагыла, жаштар, ай.
Биздин заман нур заман,
Шаттангыла, жаштар, ай,

Өтсө дагы жылдар, жылдар арадан,
Өчпөсө экен шаттык, шаттык заманам,
Бактылуу бол, достор, аман бол, элим,
Тилегеним ошол ошол Кудайдан.

Кайырма:
Боло электе бир арман,
Ырдагыла, жаштар, ай.
Биздин заман нур заман,
Шаттангыла, жаштар, ай,

Другие песни исполнителя:

  • FacebookTwitterWhatsAppOdnoklassnikiTelegramVKРесурс Бала кезде балдай таттуу сүйлөптүрмүн, Бала таттуу экенин эч билбептирмин. Эркелетип мени апам бооруна кысса, Бул сезимди уят го деп сүрдөптүрмүн. Кайырма: Энекебай, эркелеткен мээримиңден, Эч бирөөгө теңелбеген эмгегиңден. Эми гана эне болуп сезип жатам, Бала жытын бакыт берген небереңден. Оо, энеке, өмүрүңүз узун болсун, Небереңиз менден жакын кызың болсун. Эл алдында кызың менен сыймыктанган, Жарык чачып күлүп турган жүзүң болсун. Кайырма: Эң кымбатың эмне десе сиз дептирмин, Бала таттуу экенин эч билбептирмин. Өмүр бою актай албайм ак сүтүңдү, Апакебай, мен алдыңда милдеттүүмүн. Кайырма:
  • Кайырма: Үйлөнүү тоюң кут болсун, Үйүңө бакыт куш консун. Тамшанып жүрүп издеген, ай, Татына кызга туш болдуң. Жаркылдап күлүп, жайнаган гүлүн, Үздүңөр бирге сүйүү гүлүн. Түбөлүк сыйлап бириңди бириң, Көтөрүш керек сүйүү жүгүн. Кайырма Ак тойго келдим, ачылды эргүүм, Батасы тийсин бүгүн элдин. Жакшылык курчап, жарашып турса, Бардыгы болот ак тилек кылса. Кайырма
  • Жүрөктү эледиң бир өзүң Көңүлдү жибитти мүнөзүң Түбөлүк бир болуп өтсөк деп тилеймин Сен менен бакыттын даамын татамын Өзүңсүз күндөрдөн качамын Жанымдан кетпечи Дайым жаным дечи Узун жолдо бул жашоодо Сен менен бир болсом Бакыт конот Сүйүү болот Бир өзүң колдосо Өмүрүмдү көңүлүмдү бир сага арнайын Сүйүү менен жалгыз сени ар дайым арбайын Сен менен бир болсом ак таңда Кубаныч көтөрөт асманга Дайармын махабат суусуна акканга Өзүңсүң жандаган менин жыргалым Бир сага арналат ырларым Жанымдан кетбечи Дайым жаным дечи Жүрөктү эледиң көңүлдү жибиттиң Жанымдан кетпечи Дайым жаным дечи Сен менен бир болом бир өзүң колдосоң Жанымдан кетпечи Дайым жаным дечи
  • Мен күткөн ханзадам, Сени көрсөм кубанам. Жашоомо көрк берген, Бакытым — сен. Кайырма: Сен менин — ачык асманым, Сен менен атсын ак таңым. Соолубас бейиш көлүндөй, Сүйүүбүз биздин жашасын. Сагынам зарыга, Алыстасаң жанымдан. Өмүрүм сен менен, Жүрөгүм — сен. Кайырма: Баал тилдүү, шириним, Сөзүң мени жибитет. Жүрөккө сөзү өткөн, Жалгызым – сен. Кайырма: