Казахские песни Узбекские песни

Песня «Жаным дечи»
исполнителя Анжелика Кайратовна.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Жүрөктү эледиң бир өзүң
Көңүлдү жибитти мүнөзүң
Түбөлүк бир болуп өтсөк деп тилеймин
Сен менен бакыттын даамын татамын
Өзүңсүз күндөрдөн качамын
Жанымдан кетпечи
Дайым жаным дечи

Узун жолдо бул жашоодо
Сен менен бир болсом
Бакыт конот
Сүйүү болот
Бир өзүң колдосо
Өмүрүмдү көңүлүмдү бир сага арнайын
Сүйүү менен жалгыз сени ар дайым арбайын

Сен менен бир болсом ак таңда
Кубаныч көтөрөт асманга
Дайармын махабат суусуна акканга
Өзүңсүң жандаган менин жыргалым
Бир сага арналат ырларым
Жанымдан кетбечи
Дайым жаным дечи

Жүрөктү эледиң көңүлдү жибиттиң
Жанымдан кетпечи
Дайым жаным дечи
Сен менен бир болом бир өзүң колдосоң
Жанымдан кетпечи
Дайым жаным дечи

Другие песни исполнителя:

  • Кайырма: Махабатым, махабатым, Гүл болуп ыргаласың. Күн болуп нурданасың, Жашоодо жакшы обондой. Татынам, жылмаясың, Талпынтып ыр канатың. Байланып кирпигиңе, Бакыттай бир карашың. Кайырма: Алтын чач мөл булагым, Тамчыдан көл курадым. Кумарлуу көл жээгинде, Кубанып мен турамын. Кайырма: Сен үчүн жандырамын, Сезимдин шам чырагын. Ыйбалуу наздыгымды, Ырыма калтырамын. Кайырма:
  • Тал талдап оргон чачыбыз Таалайлуу кыздар атыбыз. Тандагы булбул ондонуп ай Таншып бир ырдар чагыбыз. Сай сайга чыккан дарактын Саясы беле жалбырак. Сары оору болгон журоктун ай Дарысы беле кыз бурак. Ай нурун чачып кун жатса Жай гулун тан жел ыргалса. Эр жигит кулку салбайбын ай Эригип кыздар баратса.
  • Жаным сүйүп, жандай көргөн жар элең, Маңдайымда күйүп турган шам элең. Сен бир булбул бутагында сайраган, Сен бир мага көлөкөлүү жар элең. Кайырма: Өткөн күндү сен эстедиңби, Жүрөгүмдү эзбедиңби сен. Көрбөй калсам сени, Сагынчу элем, мен күтүп сени. Сүйүү оту жанбай калды бизде эми, Балким, анда жок күнөөбүз, билбейм деги. Махабаттай арман барбы бул дүйнөдө? Эске салып өкүнөбүз биз да эми. Кайырма: Жалындап өзүң, Ортодо жайнап турду көзүң. От болду сезим, Сырымды билбей сен кеттиң. Жалындап өзүң, Ортодо жайнап турду көзүң. От болду сезим, Сырымды билбей сен кеттиң, Жылдар өтсүн арадан… Жаным сүйүп, жандай көргөн жар элең, Маңдайымда күйүп турган шам элең. Сен бир булбул бутагында сайраган, Сен бир мага көлөкөлүү жар элең. Кайырма: