Казахские песни Узбекские песни

Песня «Ардагым»
исполнителя Анжелика Кайратовна.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Сага гана айтамын жан сырымды,
Сага гана арнаймын жакшы ырымды.
Салтанаттуу жашоонун сереси дейм,
Сага гана байланган тагдырымды.
Кайырма:
Сени менен басканда,
Серпилемин асманга.
Махабатым мен сени,
Ыраазымын тапканга.
Сезимимде сел жүрөт,
Салам айтам ак таңга.
Арбалам, ай, кармалам,
Сүйүү деген дастанга.
Көктөмдөргө бөлөнгөн көңүлүмдү,
Көп айтамын, колдо деп Теңиримди.
Жылдыздарга окшотом, жылдыздарга,
Сага гана арналган өмүрүмдү.
Кайырма:
Ырыскымды ыйгарган ыр дүйнөдөн,
Ыраазымын миң ирет Жаратканга мен.
Асыл ойду беттеген аруу тилек,
Ак нур жааган жолумду сен деп билем.
Кайырма:

Другие песни исполнителя:

  • Убакыт зымырыктай учат экен алга Байкасан омурдун кучу кетет жокко барга Достошуп колдошуп турчу адам керек жолоп турганга сага Бир тууган болуп ал сен достуктун касап чертини чалба анда Кайырма: Тилегеним достугубуз дайым бекем болсун Суранарым досторумду жараткан колдосун Бир туугандай жакын болуп алар эстен кетпейт Журоктосун менин курбум достугубуз очпой Колдогун колдон келсе достукту коппой барга Жакшылык кылсан милдет кылба ага айтпа Сен бугун гулдопсун жакшылык келет кийин сага кайра канда Досунду ийгилик коштойт бугун аны сен да жолоп тая чалба Кайырма: Тилегеним достугубуз дайым бекем болсун Суранарым досторумду жараткан колдосун Бир туугандай жакын болуп алар эстен кетпейт Журоктосун менин курбум достугубуз очпой