Казахские песни Узбекские песни

Песня «Шопинг»
исполнителя Анжелика Кайратовна.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Текст песни не найден. Добавить?
Мы платим за добавление текста. Вам нужно авторизоваться, чтобы мы смогли вам заплатить
Отмена

Другие песни исполнителя:

  • Кандай жакшы, кандай жакшы ошол көз ирмем, Бир жалт карап көздөр-көзгө тигилген Канчаларга кар кызындай муздак болсом да Канча курдай сенден сүрдөп ийилгем Кандай жакшы ошол көз ирмем. Кайырма: Жүрөккө эргүү себелеп, Кандайдыр бир нур, сезимдер керемет Көңүлдү көккө алып учат, ырахат себелеп Алгач сүйүү келди мага, Жүрөгүм туйлап согот кайра-кайра Көңүлдү алып учат алда-кайда Суранам сезимге ыр, сүйүү себеле, Жан дүйнөмө гүл көтөрүп күтөм келе кет Сен жазган кат сөздөрүң да, көздөрүң дагы Мага жагат жакшынакай боз улан, Артык көргөн бардык досуман. Кайырма:
  • Махабат көлү өмүр жай кылып, Жүрөгүм азыр турат кайгырып. Аз күн ичинде сүйүүм күч алып, ай Кетким келбейт сенден айрылып. Убакыт өттү, өттү арадан, Коштошуу мезгил жетти кайрадан. Мен алыстап, узап кеткенде, ай Кол булгалап калдың, калдың капыстан. Сагындым сени, менин ардагым, Жүдөттүң, издедим, бирок таппадым. Өмүрдүн гүлү, ардагым менин, Айтсаң боло азыр, азыр кайдасың?
  • Кайырма: Үйлөнүү тоюң кут болсун, Үйүңө бакыт куш консун. Тамшанып жүрүп издеген, ай, Татына кызга туш болдуң. Жаркылдап күлүп, жайнаган гүлүн, Үздүңөр бирге сүйүү гүлүн. Түбөлүк сыйлап бириңди бириң, Көтөрүш керек сүйүү жүгүн. Кайырма Ак тойго келдим, ачылды эргүүм, Батасы тийсин бүгүн элдин. Жакшылык курчап, жарашып турса, Бардыгы болот ак тилек кылса. Кайырма
  • Ата-журт намысын Бек сактап келген Көз албай келечектен Өз жанын берген Душман келсе тайманбас Жолдон адашпас Бар болгула ар качан Кайырма: Эр жүрөк жоокерлер Эр жигиттер Эл четинде Баатырлары жоо бетинде Элин кылымга сактаган Намысын сатпаган Жашасын биздин жоокерлер Өчпөсүн кыздар сезимдер Жүрсө да бизден алыста Биз барбыз жүрөктө Мекенди чын сүйгөн Бек сактап ойлоп Элимдин бейпилдигин Дайым коргогон Душман келсе тайманбас Жолдон адашпас Бар болгула ар качан
  • Сен турган жер ыйык мага бейиштей, Сени менен телегейим тегиздей. Мени кандай мээнет менен өстүрдүң, Балалыктын бактысынан кемитпей. Кайырма: Апакем менин ынагым, Маңдайда өчпөс чырагым. Эсен-соо болуп биз менен Жайнасын көлдөй жамалың. Бейиш жыты, балким эне жытындай, Жыттап алсам жыргай түшөм ушундай. Болгон үчүн энелердин мээрими, Бүтүн бойдон турат дүйнө бузулбай. Кайырма: