Казахские песни Узбекские песни

Песня «Алгачкы сүйүү»
исполнителя Анжелика Кайратовна.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Кандай жакшы, кандай жакшы ошол көз ирмем,
Бир жалт карап көздөр-көзгө тигилген
Канчаларга кар кызындай муздак болсом да
Канча курдай сенден сүрдөп ийилгем
Кандай жакшы ошол көз ирмем.
Кайырма:
Жүрөккө эргүү себелеп,
Кандайдыр бир нур, сезимдер керемет
Көңүлдү көккө алып учат, ырахат себелеп
Алгач сүйүү келди мага,
Жүрөгүм туйлап согот кайра-кайра
Көңүлдү алып учат алда-кайда
Суранам сезимге ыр, сүйүү себеле,
Жан дүйнөмө гүл көтөрүп күтөм келе кет
Сен жазган кат сөздөрүң да, көздөрүң дагы
Мага жагат жакшынакай боз улан,
Артык көргөн бардык досуман.
Кайырма:

Другие песни исполнителя:

  • Эрке кыз элең шаңга бөлөгөн үйүбүздү, Элпегим элең эки кылбаган тилибизди. Эми бой жетип узап жатасың түгөйүңө, Мыкты жар болгун, бакыт орносун. Жарык кыла бер жүзүбүздү Кайырма: Эрке кызып, эстүү кызып, Эми сен да турмуш курасың Бактылуу бол, ачылсын жол, Барган жериң дагы кубансын. Салам салып тур барган жериңе салтты бузбай, Кайын журтуңа кайрымдуу болгун өз кызыңдай. Жөлөгү болгун, тиреги болгун түгөйүңө, Боорукер эне, бир тууган жеңе, Меймандос болгун кыргызымдай. Кайырма:
  • Кайырма: Үйлөнүү тоюң кут болсун, Үйүңө бакыт куш консун. Тамшанып жүрүп издеген, ай, Татына кызга туш болдуң. Жаркылдап күлүп, жайнаган гүлүн, Үздүңөр бирге сүйүү гүлүн. Түбөлүк сыйлап бириңди бириң, Көтөрүш керек сүйүү жүгүн. Кайырма Ак тойго келдим, ачылды эргүүм, Батасы тийсин бүгүн элдин. Жакшылык курчап, жарашып турса, Бардыгы болот ак тилек кылса. Кайырма
  • FacebookTwitterWhatsAppOdnoklassnikiTelegramVKРесурс Бала кезде балдай таттуу сүйлөптүрмүн, Бала таттуу экенин эч билбептирмин. Эркелетип мени апам бооруна кысса, Бул сезимди уят го деп сүрдөптүрмүн. Кайырма: Энекебай, эркелеткен мээримиңден, Эч бирөөгө теңелбеген эмгегиңден. Эми гана эне болуп сезип жатам, Бала жытын бакыт берген небереңден. Оо, энеке, өмүрүңүз узун болсун, Небереңиз менден жакын кызың болсун. Эл алдында кызың менен сыймыктанган, Жарык чачып күлүп турган жүзүң болсун. Кайырма: Эң кымбатың эмне десе сиз дептирмин, Бала таттуу экенин эч билбептирмин. Өмүр бою актай албайм ак сүтүңдү, Апакебай, мен алдыңда милдеттүүмүн. Кайырма:
  • Над осколками льда, ты идешь без следа, Не замечая ярких огней. Вспоминая тебя, закрываю глаза, В поисках вечных радужных дней. Время постой, куда? Ты не спеши, я ведь вся в надежде. Я навсегда твоя, это судьба. Кайырма: Теплые дни нас унесли, Мы с тобою волною накрылись одни, Ты обними.Буду рядом с тобой душою на вечность Скорость быстрого дня, не дает мне понять. Сводят с ума пустые мечты. Я любовью грешна, но поймут облака. Искренность в этой страстной любви. Время постой, куда? Ты не спеши, я ведь вся в надежде. Я навсегда твоя, это судьба.