Кайырма:
Үйлөнүү тоюң кут болсун,
Үйүңө бакыт куш консун.
Тамшанып жүрүп издеген, ай,
Татына кызга туш болдуң.
Жаркылдап күлүп, жайнаган гүлүн,
Үздүңөр бирге сүйүү гүлүн.
Түбөлүк сыйлап бириңди бириң,
Көтөрүш керек сүйүү жүгүн.
Кайырма
Ак тойго келдим, ачылды эргүүм,
Батасы тийсин бүгүн элдин.
Жакшылык курчап, жарашып турса,
Бардыгы болот ак тилек кылса.
Кайырма