Казахские песни Узбекские песни

Песня «Мейли, тагдыр…»
исполнителя Анжелика Кайратовна.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Мейли тагдыр мага башың ийбегин
Мейли тагдыр мага жарык тийбесин
Бул жашоомдо турсун жарык күн тийип, ай,
Медер туткан ата-энеме тийбегин.
Медер туткан ата-энеме тийбегин.
Мейли тагдыр өкчөп-калчап бийлегин
Мейли тагдыр камыр кылып ийлегин
Мен өзүңдөн башка нерсе сурабаймын
Суранаарым балдарыма тийбегин.
Суранаарым балдарыма тийбегин.
Мейли тагдыр сыйлыгыңды бербегиң
Байлыгыңды маңдайыма илбегин.
Андан өткөн мага байлык, бакыт жок, ай,
Суранаарым жакыныма тийбегин.
Биртууганым, бир боорума тийбегин
Мейли тагдыр мага башың ийбегин
Мейли тагдыр мага жарык тийбесин
Бул жашоомдо турсун дайым күн тийип, ай,
Медер туткан ата-энеме тийбегин.
Мен өзүңдөн башка нерсе сурабаймын
Суранарым ата-энеме тийбегин.
Суранарым балдарыма тийбегин.
Суранарым эл-журтума тийбегин.

Другие песни исполнителя:

  • Ак булутту аралап ай баратат, Ак куу болуп көлдөгү жай баратат. Ата албайсың ак кууну оңой менен, Жете албайсың айга да жел ой менен. Жеткичекти жетпестен калган жакшы, Жетип азап жегиче, арман жакшы. Жетем десем сулуу ай, жетер элем, Көк деңизин булуттун кечер элем. Сүзө бергин алтын ай көгүң менен, Мен карайын өзүңдү теңим менен. Сага жакшы сезилсе булуттуу көк, Мага жакшы көктөм жер жемиши көп.
  • Жаным сүйүп, жандай көргөн жар элең, Маңдайымда күйүп турган шам элең. Сен бир булбул бутагында сайраган, Сен бир мага көлөкөлүү жар элең. Кайырма: Өткөн күндү сен эстедиңби, Жүрөгүмдү эзбедиңби сен. Көрбөй калсам сени, Сагынчу элем, мен күтүп сени. Сүйүү оту жанбай калды бизде эми, Балким, анда жок күнөөбүз, билбейм деги. Махабаттай арман барбы бул дүйнөдө? Эске салып өкүнөбүз биз да эми. Кайырма: Жалындап өзүң, Ортодо жайнап турду көзүң. От болду сезим, Сырымды билбей сен кеттиң. Жалындап өзүң, Ортодо жайнап турду көзүң. От болду сезим, Сырымды билбей сен кеттиң, Жылдар өтсүн арадан… Жаным сүйүп, жандай көргөн жар элең, Маңдайымда күйүп турган шам элең. Сен бир булбул бутагында сайраган, Сен бир мага көлөкөлүү жар элең. Кайырма:
  • FacebookTwitterWhatsAppOdnoklassnikiTelegramVKРесурс Бала кезде балдай таттуу сүйлөптүрмүн, Бала таттуу экенин эч билбептирмин. Эркелетип мени апам бооруна кысса, Бул сезимди уят го деп сүрдөптүрмүн. Кайырма: Энекебай, эркелеткен мээримиңден, Эч бирөөгө теңелбеген эмгегиңден. Эми гана эне болуп сезип жатам, Бала жытын бакыт берген небереңден. Оо, энеке, өмүрүңүз узун болсун, Небереңиз менден жакын кызың болсун. Эл алдында кызың менен сыймыктанган, Жарык чачып күлүп турган жүзүң болсун. Кайырма: Эң кымбатың эмне десе сиз дептирмин, Бала таттуу экенин эч билбептирмин. Өмүр бою актай албайм ак сүтүңдү, Апакебай, мен алдыңда милдеттүүмүн. Кайырма: