Казахские песни Узбекские песни

Песня «Ай баратат»
исполнителя Анжелика Кайратовна.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Ак булутту аралап ай баратат,
Ак куу болуп көлдөгү жай баратат.
Ата албайсың ак кууну оңой менен,
Жете албайсың айга да жел ой менен.
Жеткичекти жетпестен калган жакшы,
Жетип азап жегиче, арман жакшы.
Жетем десем сулуу ай, жетер элем,
Көк деңизин булуттун кечер элем.
Сүзө бергин алтын ай көгүң менен,
Мен карайын өзүңдү теңим менен.
Сага жакшы сезилсе булуттуу көк,
Мага жакшы көктөм жер жемиши көп.

Другие песни исполнителя:

  • Жаным сүйүп, жандай көргөн жар элең, Маңдайымда күйүп турган шам элең. Сен бир булбул бутагында сайраган, Сен бир мага көлөкөлүү жар элең. Кайырма: Өткөн күндү сен эстедиңби, Жүрөгүмдү эзбедиңби сен. Көрбөй калсам сени, Сагынчу элем, мен күтүп сени. Сүйүү оту жанбай калды бизде эми, Балким, анда жок күнөөбүз, билбейм деги. Махабаттай арман барбы бул дүйнөдө? Эске салып өкүнөбүз биз да эми. Кайырма: Жалындап өзүң, Ортодо жайнап турду көзүң. От болду сезим, Сырымды билбей сен кеттиң. Жалындап өзүң, Ортодо жайнап турду көзүң. От болду сезим, Сырымды билбей сен кеттиң, Жылдар өтсүн арадан… Жаным сүйүп, жандай көргөн жар элең, Маңдайымда күйүп турган шам элең. Сен бир булбул бутагында сайраган, Сен бир мага көлөкөлүү жар элең. Кайырма:
  • Мы вроде бы недавно Познакомились с тобой Но так как ты Никто не нарушает мой покой Мне голову вскружил Твой взгляд А не слова О боже я влюбилась Или я сошла с ума И сломатом по телу От прикосновений дрожь И мысли фейерверки Это правда или ложь
  • Сени ойлосом канат бүткөн көңүлгө, Бек сакталып жүрөгүмдүн төрүндө. Таалайымдын жаркыраган жылдызы, Махабаттын гүлүн терген өмүргө. Алыс жакта жүргөнүңдө сагынып, Жалынчумун, жаным сага кагылып. Кирпик какпай тан атырам далай түн, Карааныңды бир көргөнгө зарылып. Сен унутсаң, мен унута албадым, Элесиңди көңүлгө бек сактадым Менден башка бар турбайбы сүйгөнүң, Анда неге сүйөм дедиң алдадың
  • Сага гана айтамын жан сырымды, Сага гана арнаймын жакшы ырымды. Салтанаттуу жашоонун сереси дейм, Сага гана байланган тагдырымды. Кайырма: Сени менен басканда, Серпилемин асманга. Махабатым мен сени, Ыраазымын тапканга. Сезимимде сел жүрөт, Салам айтам ак таңга. Арбалам, ай, кармалам, Сүйүү деген дастанга. Көктөмдөргө бөлөнгөн көңүлүмдү, Көп айтамын, колдо деп Теңиримди. Жылдыздарга окшотом, жылдыздарга, Сага гана арналган өмүрүмдү. Кайырма: Ырыскымды ыйгарган ыр дүйнөдөн, Ыраазымын миң ирет Жаратканга мен. Асыл ойду беттеген аруу тилек, Ак нур жааган жолумду сен деп билем. Кайырма:
  • Бала кезде балдай таттуу сүйлөптүрмүн, Бала таттуу экенин эч билбептирмин. Эркелетип мени апам бооруна кысса, Бул сезимди уят го деп сүрдөптүрмүн. Кайырма: Энекебай, эркелеткен мээримиңден, Эч бирөөгө теңелбеген эмгегиңден. Эми гана эне болуп сезип жатам, Бала жытын бакыт берген небереңден. Оо, энеке, өмүрүңүз узун болсун, Небереңиз менден жакын кызың болсун. Эл алдында кызың менен сыймыктанган, Жарык чачып күлүп турган жүзүң болсун. Эң кымбатың эмне десе сиз дептирмин, Бала таттуу экенин эч билбептирмин. Өмүр бою актай албайм ак сүтүңдү, Апакебай, мен алдыңда милдеттүүмүн. Кайырма: