Казахские песни Узбекские песни

Песня «Өмүр багы»
исполнителя Анжелика Кайратовна.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Бала кезде балдай таттуу сүйлөптүрмүн,
Бала таттуу экенин эч билбептирмин.
Эркелетип мени апам бооруна кысса,
Бул сезимди уят го деп сүрдөптүрмүн.
Кайырма:
Энекебай, эркелеткен мээримиңден,
Эч бирөөгө теңелбеген эмгегиңден.
Эми гана эне болуп сезип жатам,
Бала жытын бакыт берген небереңден.
Оо, энеке, өмүрүңүз узун болсун,
Небереңиз менден жакын кызың болсун.
Эл алдында кызың менен сыймыктанган,
Жарык чачып күлүп турган жүзүң болсун.
Эң кымбатың эмне десе сиз дептирмин,
Бала таттуу экенин эч билбептирмин.
Өмүр бою актай албайм ак сүтүңдү,
Апакебай, мен алдыңда милдеттүүмүн.
Кайырма:

Другие песни исполнителя:

  • Күн болуп күлүп турсаң, Каректен нур бөлүнүп. Жан дүйнөм балкып, эрийт, Жүрөктөн ыр төгүлүп. Сүйкүмдүү жылмайганың, Сезимди өрттөп өтөт. Керемет ошол элес, ошол элес, Каректен кантип өчөт? Кайырма: Назданып эркелесең, Берерге жаным даяр. Артылып арзуум сага, Махабат багым даяр, Махабат багым даяр… Күн болуп тийип турчу, Мээримиң төгүп мага. Жаштыгым өтсө мейли, Өзүң деп күйүп-жанам. Сүйкүмдүү жылмайганың, Сезимди өрттөп өтөт. Керемет ошол элес, ошол элес, Каректен кантип өчөт? Кайырма:
  • Убакыт зымырыктай учат экен алга Байкасан омурдун кучу кетет жокко барга Достошуп колдошуп турчу адам керек жолоп турганга сага Бир тууган болуп ал сен достуктун касап чертини чалба анда Кайырма: Тилегеним достугубуз дайым бекем болсун Суранарым досторумду жараткан колдосун Бир туугандай жакын болуп алар эстен кетпейт Журоктосун менин курбум достугубуз очпой Колдогун колдон келсе достукту коппой барга Жакшылык кылсан милдет кылба ага айтпа Сен бугун гулдопсун жакшылык келет кийин сага кайра канда Досунду ийгилик коштойт бугун аны сен да жолоп тая чалба Кайырма: Тилегеним достугубуз дайым бекем болсун Суранарым досторумду жараткан колдосун Бир туугандай жакын болуп алар эстен кетпейт Журоктосун менин курбум достугубуз очпой
  • Сансыз күндөр закымдап өттү сызып, Сага деген сезимдер алып учуп. Махабаттан буюрган энчибиздей, Сагынычта жүрөбүз сагынышып. Кайырма: Мен эч кимди мынчалык сагынбагам, Мен эч кимге жалбарып жагынбагам. Күтүп жатып күл болуп сапырылып, Жолукканда от болдук жалындаган. Сагынычым таркабай улам ашып, Түшүмдөн да чочуймун уктап жатып. Өзүңдөн аян алып жатканымды, Негедир эстей берем санаа басып. Кайырма: Жүрөк дегдеп, умтулуп, жаным ысып, Сагындырып, сагынып, сагынышып, Бул жарыкта кайгыны унутуп салып, Махабатка жашайбыз табынышып. Кайырма: