Казахские песни Узбекские песни

Песня «Бактылуумун»
исполнителя Анжелика Кайратовна.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Сен барда бул өмүрдө багым бар бул күндө,
Жашоомдун мезгилдерин бөлөдүң түркүнгө.
Жаз болуп сезимдерим ар убак жаңырат,
Сен менин, кечим менин, бакытты чакырат.
Кайырма:
Бактылуумун, бактылуумун өзүң бар үчүн,
Сездим бүгүн таттуулугун өмүр балы үчүн.
Бул дүйнөдө менин сүйүүм жалгыз сен үчүн,
Жылмайганым, наздуулугум өзүң бар үчүн.
Көңүлдүн жарыгысың нурданткан тилекти,
Жанымдын жарымысың агарткан жүрөктү.
Сен барда бар ырысым жашарткан үмүттү,
Салбасын сүйүүбүзгө эч ким бүлүктү.
Кайырма:

Другие песни исполнителя:

  • Жамгырда чуркап жүргөнмүн, Жадабай ойноп-күлгөнмүн, Карлыгач болуп учканбы, балалыгым. Баягы тунук жок сезим, Каякта калды шок кезим, Кайрып бир алар күч барбы, балалыгым. Кайырма: Канча самаганга карабай, Кайра боло албайбыз баладай. Эми балам чуркап жамгырда, Мендей ойноп-күлөт жадабай. Ажайып күндүн биринде, Акырын мага билинбей, Качтыбы алтын балыктай, балалыгым. Асманың ачык чайыттай, Алыска кетпей, чалыкпай, Жүрө бер жайнап бактылуу, балалыгым. Кайырма: Канча самаганга карабай, Кайра боло албайбыз баладай. Эми балам чуркап жамгырда, Мендей ойноп-күлөт жадабай.
  • Сени ойлосом, канат бүткөн көңүлгө, Бек сакталып жүрөгүмдүн төрүндө. Таалайымдын жаркыраган жылдызы, Махабаттын гүлүн терген өмүргө. Алыс жакта жүргөнүңдө сагынып, Жалынчумун, жаным, сага кагылып. Кирпик какпай таң атырам далай түн, Карааныңды бир көргөнгө зарылып. Сен унутсаң, мен унута албадым, Элесиңди көңүлгө бек кармадым. Менден башка бар турбайбы сүйгөнүң, Анда неге сүйөм дедиң, алдадың?
  • Кандай жакшы, кандай жакшы ошол көз ирмем, Бир жалт карап көздөр-көзгө тигилген Канчаларга кар кызындай муздак болсом да Канча курдай сенден сүрдөп ийилгем Кандай жакшы ошол көз ирмем. Кайырма: Жүрөккө эргүү себелеп, Кандайдыр бир нур, сезимдер керемет Көңүлдү көккө алып учат, ырахат себелеп Алгач сүйүү келди мага, Жүрөгүм туйлап согот кайра-кайра Көңүлдү алып учат алда-кайда Суранам сезимге ыр, сүйүү себеле, Жан дүйнөмө гүл көтөрүп күтөм келе кет Сен жазган кат сөздөрүң да, көздөрүң дагы Мага жагат жакшынакай боз улан, Артык көргөн бардык досуман. Кайырма: