Казахские песни Узбекские песни

Анжелика Кайратовна.
 Слушать песни исполнителя и скачать онлайн.
Страница 2

Исполнители

Добавить
Все киргизские исполнители

Анжелика Кайратовна

  • Кайра эле көзүмө, Тартылат сенин жүзүң. Жалынып, кайталайм, “Сагындым” деген сөздү. Кымбатым, кыйбасым, Өзүңдү мен сагындым. Өзгөрбөс болуп, Мен түбөлүк сүйүп келем, Сени… Кайырма: Дүйнөдөгү кубанычымсың, Жараткан бир суранычымсың. Көрбөй калсам, кусалыгымсың, Асылым, алтыным… Жашырып, сактаган, Арнагам сүйүүм сага, Башкадан таппаган, Махабат тагы сага. Кымбатым, кыйбасым, Өзүңдү мен сагындым. Өзгөрбөс болуп, Мен түбөлүк сүйүп келем, Сени… Кайырма:
  • Сен белен сезелек сүйүү бактым, Сен белен себеби кусалыктын, Сергитип сезимимдин гүлдүү багын, Сен деп мен келемин кыялданып. Кайырма: Тандадым бакытым бакытым, Байладым тагдырды өзүнө мен, О, бакытым, багынтты, багынтты, Сөздөрүн өзүндү сүйөм деген. Сен белен махабаттын булагы, Жер белен тамшанткан ыр булагы, Сен десем жүрөгум күйүп жанып, Сен менен учамын канат кагып.
  • Звонкая тишина звездой упадет на мою ладонь Опять ночью буду совсем одна, опять будет холодно, как зимой Я зажигаю свет и ночь исчезает в окне моем Ведь мне надо просто узнать ответ когда снова будем с тобой вдвоем Припев: Свет моей любви — он солнечным лучом полетит к тебе Неудержимый свет моей любви рассыпется дождем на твоем окне Я зажигаю свет Ветер чужих миров тебе принесет аромат любви Моей ночи запах, моих духов, тебе скажет все, что забыли мы Белые облака — на них я тебе передам привет Поверь, это солнце в моих руках, и я снова я зажигаю свет Припев: х2 Свет моей любви — он солнечным лучом полетит к тебе Неудержимый свет моей любви рассыпется дождем на твоем окне Я зажигаю свет Свет моей любви Неудержимый свет моей
  • Сени ойлосом канат бүткөн көңүлгө, Бек сакталып жүрөгүмдүн төрүндө. Таалайымдын жаркыраган жылдызы, Махабаттын гүлүн терген өмүргө. Алыс жакта жүргөнүңдө сагынып, Жалынчумун, жаным сага кагылып. Кирпик какпай тан атырам далай түн, Карааныңды бир көргөнгө зарылып. Сен унутсаң, мен унута албадым, Элесиңди көңүлгө бек сактадым Менден башка бар турбайбы сүйгөнүң, Анда неге сүйөм дедиң алдадың
  • Көңүлдө көптөн бери жашап, Жүрөт жакшына бир жигит. Кетпей койду түшүмдөн, Махабатым ал билип. Негедир баарынан кызганат, А кыздар мага суктанат. Арзуунун ырын ырдап берет, Сезимди кытыгылап. Кайырма: Таптаза сезимиң мөлтүр булактай, Таарынычың таңкы бубактай. Көздөрүң жайнаган, жанган шам чырак, Көңүлүм сага тартылат. Керемет сезим бар мени арбаган, Бир жакшы сөзүм бар сага арнаган. Сырдуу жигит, сендик менин жүрөгүм, Сени гана сүйөмүн. Тымызын мен да жактырамын, Айтпайм, бирок сүйүүмдү жашырам. Тик карабай көзүңө, Көздөрүмдү качырамын. Бир сезим көңүлдү шат кылат, Кыялым сен жакка азгырат. Арбалып көңүл, Сен ырдаган ырларды жактырамын. Кайырма:
  • Көз кумарын кандырган, Көркөмүнө жан курман. Эң бир ыйык жерибиз, Эргүү табат ар бир жан. Өмүрүбүз кулпунат, Өрдү карай умтулат. Кемибесин бактыбыз, Керек бизге ынтымак. Кайырма: Көңүлүбүз куш болсун, Көлдөй ырыс туш болсун. Алакандай кыргызга, Ала-Тоодой кут консун. Башты бийик көтөргүн Байлыгы сен мекендин Үлгү болсоң балаңа, Үмүтүңө жетерсин. Ден соолук бер дегиле, Дем кошулат демиңе. Тилегенди өзүмө, Тилеп келем элиме. Кайырма:
  • Бак ичинде жүрөсүң күлүп-жайнап, Бажырайган көздөрүң алды арбап. Байкабадың жанымдан өтүп жатып, Бажырайган кызыл гүл колго кармап. Кайырма: Кызыл гүлүм ай, кызыктырдың ай, Аппак гүлүм ай, алгач сүйүүм ай. Көлөкөдө жүрөсүң күлүп-жайнап, Көңүлүңдү койбодуң го мага арнап. Чоктой беле көздөрүң күйүп-жанган, Гүлдөрүңдөн сунуп кой мага арнап. Кайырма: Гүл жытына мас болуп термелемин, Ок аткандай мен өзүңө сермелемин. Кокус сени чочутуп албайын деп, Арт жагыңан акмалап мен келемин. Кайырма:
  • Мен күткөн ханзадам, Сени көрсөм кубанам. Жашоомо көрк берген, Бакытым — сен. Кайырма: Сен менин — ачык асманым, Сен менен атсын ак таңым. Соолубас бейиш көлүндөй, Сүйүүбүз биздин жашасын. Сагынам зарыга, Алыстасаң жанымдан. Өмүрүм сен менен, Жүрөгүм — сен. Кайырма: Баал тилдүү, шириним, Сөзүң мени жибитет. Жүрөккө сөзү өткөн, Жалгызым – сен. Кайырма:
  • Жашоо, жашоо, жашоо керемет, Бул жашоодо өмүр, өмүр бир келет. Ошондуктан, достор, келгин ырдайлы, Күлкү менен шаттык бизди терметет. Кайырма: Боло электе бир арман, Ырдагыла, жаштар, ай. Биздин заман нур заман, Шаттангыла, жаштар, ай, Өтсө дагы жылдар, жылдар арадан, Өчпөсө экен шаттык, шаттык заманам, Бактылуу бол, достор, аман бол, элим, Тилегеним ошол ошол Кудайдан. Кайырма: Боло электе бир арман, Ырдагыла, жаштар, ай. Биздин заман нур заман, Шаттангыла, жаштар, ай,
  • Ата-журт намысын Бек сактап келген Көз албай келечектен Өз жанын берген Душман келсе тайманбас Жолдон адашпас Бар болгула ар качан Кайырма: Эр жүрөк жоокерлер Эр жигиттер Эл четинде Баатырлары жоо бетинде Элин кылымга сактаган Намысын сатпаган Жашасын биздин жоокерлер Өчпөсүн кыздар сезимдер Жүрсө да бизден алыста Биз барбыз жүрөктө Мекенди чын сүйгөн Бек сактап ойлоп Элимдин бейпилдигин Дайым коргогон Душман келсе тайманбас Жолдон адашпас Бар болгула ар качан
  • Кайырма: Махабатым, махабатым, Гүл болуп ыргаласың. Күн болуп нурданасың, Жашоодо жакшы обондой. Татынам, жылмаясың, Талпынтып ыр канатың. Байланып кирпигиңе, Бакыттай бир карашың. Кайырма: Алтын чач мөл булагым, Тамчыдан көл курадым. Кумарлуу көл жээгинде, Кубанып мен турамын. Кайырма: Сен үчүн жандырамын, Сезимдин шам чырагын. Ыйбалуу наздыгымды, Ырыма калтырамын. Кайырма:
  • Мага жаным жалын болуп жанасың Ишен дайым сен жанымда каласың Айта берем , сен меники болосуң, болосуң Сүйүм сенсиң ойлогондой Көрүп көзүм тойбогондой Меники деп санаймын Жамалыңа караймын мен Айта берем Айта берем Дүк Дүк Дүк соккон жүрөгүм Сен деп жаным ,Сен деп жаным От от от болуп күйөмүн Аны неге байкабайсың Дүк Дүк Дүк соккон жүрөгүм Сен деп жаным ,Сен деп жаным От от от болуп күйөмүн Аны неге байкабайсың Мага гана жаралгандай жүрөсүң Өмүр сени бакытына бөлөсүн Өзүң гана жүрөктөгү жаранын дарысың Сезим ыссык билемин ай Сени гана сүйөмүн ай Таттуу ширин балдайым Сени гана тандаймын мен Айта берем Айта берем Дүк Дүк Дүк соккон жүрөгүм Сен деп жаным ,Сен деп жаным От от от болуп күйөмүн Аны неге байкабайсың Дүк Дүк Дүк соккон жүрөгүм Сен деп жаным ,Сен деп жаным От от от болуп күйөмүн Аны неге байкабайсың Сүйүм сенсиң ойлогондой Көрүп көзүм тойбогондой Меники деп санаймын Жамалыңа караймын мен Айта берем Айта берем Дүк Дүк Дүк соккон жүрөгүм Сен деп жаным ,Сен деп жаным От от от болуп күйөмүн Аны неге байкабайсың Дүк Дүк Дүк соккон жүрөгүм Сен деп жаным ,Сен деп жаным От от от болуп күйөмүн Аны неге байкабайсың
  • Жүрөктү эледиң бир өзүң Көңүлдү жибитти мүнөзүң Түбөлүк бир болуп өтсөк деп тилеймин Сен менен бакыттын даамын татамын Өзүңсүз күндөрдөн качамын Жанымдан кетпечи Дайым жаным дечи Узун жолдо бул жашоодо Сен менен бир болсом Бакыт конот Сүйүү болот Бир өзүң колдосо Өмүрүмдү көңүлүмдү бир сага арнайын Сүйүү менен жалгыз сени ар дайым арбайын Сен менен бир болсом ак таңда Кубаныч көтөрөт асманга Дайармын махабат суусуна акканга Өзүңсүң жандаган менин жыргалым Бир сага арналат ырларым Жанымдан кетбечи Дайым жаным дечи Жүрөктү эледиң көңүлдү жибиттиң Жанымдан кетпечи Дайым жаным дечи Сен менен бир болом бир өзүң колдосоң Жанымдан кетпечи Дайым жаным дечи
  • Турдуң да мага сүйкүм күлүп, Арначы назик махабатың. Мен да арнайын өмүрүмдү, Алтыным менин, сен кымбатым. Кайырма: Сен жөнүндө ойго курчалдым, Жүрө албаймын жаным тынч алып. Тынч уйкумду уурдап кеттиң го, Садагасы, кетем зарыгып. Сен жөнүндө ойго толгонуп, Айлуу түндө кетем ойгонуп. Сени жоготкондон коркомун, Сагынамын дале ойлонуп. Тартынбачы, келчи, келсеңчи, Арзуу деген нурун сепсеңчи. Өмүр бою сүйүү дастаны, Болсун бизге өмүр белеги. Кайырма:
  • Кандай жакшы, кандай жакшы ошол көз ирмем, Бир жалт карап көздөр-көзгө тигилген Канчаларга кар кызындай муздак болсом да Канча курдай сенден сүрдөп ийилгем Кандай жакшы ошол көз ирмем. Кайырма: Жүрөккө эргүү себелеп, Кандайдыр бир нур, сезимдер керемет Көңүлдү көккө алып учат, ырахат себелеп Алгач сүйүү келди мага, Жүрөгүм туйлап согот кайра-кайра Көңүлдү алып учат алда-кайда Суранам сезимге ыр, сүйүү себеле, Жан дүйнөмө гүл көтөрүп күтөм келе кет Сен жазган кат сөздөрүң да, көздөрүң дагы Мага жагат жакшынакай боз улан, Артык көргөн бардык досуман. Кайырма:
  • Сени ойлосом, канат бүткөн көңүлгө, Бек сакталып жүрөгүмдүн төрүндө. Таалайымдын жаркыраган жылдызы, Махабаттын гүлүн терген өмүргө. Алыс жакта жүргөнүңдө сагынып, Жалынчумун, жаным, сага кагылып. Кирпик какпай таң атырам далай түн, Карааныңды бир көргөнгө зарылып. Сен унутсаң, мен унута албадым, Элесиңди көңүлгө бек кармадым. Менден башка бар турбайбы сүйгөнүң, Анда неге сүйөм дедиң, алдадың?
  • Арман арман арман ай Сенсиз күндөр жалган ай Кимдер гана сүйүүгө Жетип жетпей калган ай Сунуп турсаң жаз мага Ыра көрбөйм башкага Бир бололу түбөлүк Өмр билсең аз гана Жаным жаным жаным жаным Жашоомду сага арнадым Башкалар каршы болсо дагы Багымды сага байладым Арман арман арман ай Сенсиз күндөр жалган ай Кимдер гана сүйүүгө Жетип жетпей калган ай Көздөрүңдүн таптаза Бергим келбейт башкага Бир бололлу түбөлүк Өмүр берсе аз гана Жаным жаным жаным жаным Жашоомду сага арнадым Башкалар каршы болсо дагы Багымды сага байладым Арман арман арман ай Сенсиз күндөр жалган ай Кимдер гана сүйүүгө Жетип жетпей калган ай
  • Над осколками льда, ты идешь без следа, Не замечая ярких огней. Вспоминая тебя, закрываю глаза, В поисках вечных радужных дней. Время постой, куда? Ты не спеши, я ведь вся в надежде. Я навсегда твоя, это судьба. Кайырма: Теплые дни нас унесли, Мы с тобою волною накрылись одни, Ты обними.Буду рядом с тобой душою на вечность Скорость быстрого дня, не дает мне понять. Сводят с ума пустые мечты. Я любовью грешна, но поймут облака. Искренность в этой страстной любви. Время постой, куда? Ты не спеши, я ведь вся в надежде. Я навсегда твоя, это судьба.