Казахские песни Узбекские песни

Песня «Түбөлүк сүйүү»
исполнителя Анжелика Кайратовна.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Кайра эле көзүмө,
Тартылат сенин жүзүң.
Жалынып, кайталайм,
“Сагындым” деген сөздү.
Кымбатым, кыйбасым,
Өзүңдү мен сагындым.
Өзгөрбөс болуп,
Мен түбөлүк сүйүп келем,
Сени…
Кайырма:
Дүйнөдөгү кубанычымсың,
Жараткан бир суранычымсың.
Көрбөй калсам, кусалыгымсың,
Асылым, алтыным…
Жашырып, сактаган,
Арнагам сүйүүм сага,
Башкадан таппаган,
Махабат тагы сага.
Кымбатым, кыйбасым,
Өзүңдү мен сагындым.
Өзгөрбөс болуп,
Мен түбөлүк сүйүп келем,
Сени…
Кайырма:

Другие песни исполнителя:

  • Махабат көлү өмүр жай кылып, Жүрөгүм азыр турат кайгырып. Аз күн ичинде сүйүүм күч алып, ай Кетким келбейт сенден айрылып. Убакыт өттү, өттү арадан, Коштошуу мезгил жетти кайрадан. Мен алыстап, узап кеткенде, ай Кол булгалап калдың, калдың капыстан. Сагындым сени, менин ардагым, Жүдөттүң, издедим, бирок таппадым. Өмүрдүн гүлү, ардагым менин, Айтсаң боло азыр, азыр кайдасың?
  • Сен турган жер ыйык мага бейиштей, Сени менен телегейим тегиздей. Мени кандай мээнет менен өстүрдүң, Балалыктын бактысынан кемитпей. Кайырма: Апакем менин ынагым, Маңдайда өчпөс чырагым. Эсен-соо болуп биз менен Жайнасын көлдөй жамалың. Бейиш жыты, балким эне жытындай, Жыттап алсам жыргай түшөм ушундай. Болгон үчүн энелердин мээрими, Бүтүн бойдон турат дүйнө бузулбай. Кайырма:
  • Сени ойлосом, канат бүткөн көңүлгө, Бек сакталып жүрөгүмдүн төрүндө. Таалайымдын жаркыраган жылдызы, Махабаттын гүлүн терген өмүргө. Алыс жакта жүргөнүңдө сагынып, Жалынчумун, жаным, сага кагылып. Кирпик какпай таң атырам далай түн, Карааныңды бир көргөнгө зарылып. Сен унутсаң, мен унута албадым, Элесиңди көңүлгө бек кармадым. Менден башка бар турбайбы сүйгөнүң, Анда неге сүйөм дедиң, алдадың?
  • Жамгырда чуркап жүргөнмүн, Жадабай ойноп-күлгөнмүн, Карлыгач болуп учканбы, балалыгым. Баягы тунук жок сезим, Каякта калды шок кезим, Кайрып бир алар күч барбы, балалыгым. Кайырма: Канча самаганга карабай, Кайра боло албайбыз баладай. Эми балам чуркап жамгырда, Мендей ойноп-күлөт жадабай. Ажайып күндүн биринде, Акырын мага билинбей, Качтыбы алтын балыктай, балалыгым. Асманың ачык чайыттай, Алыска кетпей, чалыкпай, Жүрө бер жайнап бактылуу, балалыгым. Кайырма: Канча самаганга карабай, Кайра боло албайбыз баладай. Эми балам чуркап жамгырда, Мендей ойноп-күлөт жадабай.