Оорусам мен деп ооруган,
Апакем менин бар бекен?
Эмне ?ч?н келбейт бир жолу?
Атакем менин кайда экен?
Баладай качан к?л?м мен?
Силер деп ооруп ж?р?м мен.
Бар болсо? келчи, апакем?
Кайдасы? айтчы, атакем?
К?тт?рб?й келчи, ата-энем.
Чымчык да коргойт балапан,
Чымды алып келип талаадан.
Унчукпас болуп мен б?г?н,
Кусадан ооруп баратам.
Кызгалдак терип келсем дейм,
Апакем, сага берсем дейм.
Мойнунан бекем кучактап,
Аталык мээрим к?рс?м дейм,
Энелик мээрим к?рс?м дейм.
Сумсайып барат негедир,
Ачылбай сыздап к???л?м.
Айта албай, ата, аты?ды,
?т?б? эми ?м?р?м?
К?лк?н? билбей кайгырып,
Ой менен жашап ?т?мб??
Айта албай эми аты?ды,
?м?рд?н ?кс?п ?ч?мб??
Жашоодон ыйлап ?т?мб??
Баладай качан к?л?м мен?
Силер деп ооруп ж?р?м мен.
Бар болсо? келчи, апакем?
Кайдасы? айтчы, атакем?
К?тт?рб?й келчи, ата-энем.
Санаанын жүгүн артынып,
Сагынып келдим шашылып.
Бут тоскон адамдарга,
Ишенбей жалгандарга,
Жолуктук элден жашынып.
Сүйдүм го бала кезимден,
Ал күндөр кетпейт эсимден.
Көзүмдөн аккан жашым,
Ысытып карындашым,
Акты го менин бетимден.
Махабат кандай улуулук,
Маңдайга жазган сулуулук.
Бар беле жашырганың?
Ыйладың неге, жаным?
Өксүдүң айтпай буулугуп,
Ыйладың неге буулугуп?
Жүрөктү жалган кыйнады,
Сезимим сени кыйбады.
Көзүңдү карап турдум,
Өзүңдү аяп турдум.
Түн дагы сен деп ыйлады,
Коюу түн кошо ыйлады.
Жаныңда дайым болоюн,
Бакытка салып ороюн.
Көтөрүп көңүлүңдү,
Көп тилеп өмүрүңдү,
Сүйүүңө сенин толоюн.