Казахские песни Татарский переводчик Башкирские песни

эмил балтагулов.
 Слушать песни исполнителя и скачать онлайн

Исполнители

Добавить
Все киргизские исполнители

эмил балтагулов

  • Оорусам мен деп ооруган, Апакем менин бар бекен? Эмне ?ч?н келбейт бир жолу? Атакем менин кайда экен? Баладай качан к?л?м мен? Силер деп ооруп ж?р?м мен. Бар болсо? келчи, апакем? Кайдасы? айтчы, атакем? К?тт?рб?й келчи, ата-энем. Чымчык да коргойт балапан, Чымды алып келип талаадан. Унчукпас болуп мен б?г?н, Кусадан ооруп баратам. Кызгалдак терип келсем дейм, Апакем, сага берсем дейм. Мойнунан бекем кучактап, Аталык мээрим к?рс?м дейм, Энелик мээрим к?рс?м дейм. Сумсайып барат негедир, Ачылбай сыздап к???л?м. Айта албай, ата, аты?ды, ?т?б? эми ?м?р?м? К?лк?н? билбей кайгырып, Ой менен жашап ?т?мб?? Айта албай эми аты?ды, ?м?рд?н ?кс?п ?ч?мб?? Жашоодон ыйлап ?т?мб?? Баладай качан к?л?м мен? Силер деп ооруп ж?р?м мен. Бар болсо? келчи, апакем? Кайдасы? айтчы, атакем? К?тт?рб?й келчи, ата-энем.
  • Жаратканым аллахтын, Аты менен баштадым. Жаман жорук жасабай, Баарын артка таштадым. Аруулукка чакырган, Алаах жолун кармайын. Бизге берген нээманттын, Баркын билбей калбайлык. Биз мусулман баласы, Элдин камын ойлонуп. Тынчыбаган санаасы, Уктатпаган түн бою. Көкүрөктө жарасы, Муктаждарга бололу. Гүлзарладын талаасы, Ынтымакта, урмат болсун. Улуу-кичүү арасы, Ал анткени, биз мусулман баласы. Адал менен арамды, Айрымалап билели. Ар нерсеге сыйынбай, Бир Алахты сүйөлү. Таалай күтүп адамдар, Таза болсун жүрөгү. Ата-энени ардактап, Бийик тутуп жүрөлү. Оо жараткан! Өзүң бизди туура жолго салгандан кийин, Ошол туура жолдон, дилдерибизди азгыра көрбө. Бизге өз даркөйүңдөн ырайым жана мээримдүүлүк тартуула. Албетте, сен гана берешенсиң. Бизге берген кураның, Бийик туткан урааным. Ар балээден сактаган, Күчүн көрчү дубанын. Сен жиберген элчинин, Шапаатында бололу. Жаратканым өзүңдөн, Мээримиңе тололу.
  • Ассаляму алайкум Ва алейкум салам Адам кылып жараткан Жүрөккө ыйман салган Чексиз шүгүр Аллахыма Жараткан Ассаляму алайкум Ва алейкум салам Тынчтык дини Исламды Жүрөктөргө нур кылган Жоктон бизди жараткан эй Аллам Ассаля-а-аму алайкум Ва аля-а-айкум салааам Пайга-а-амбарым айткан Чыны-ы-ыгы мусулман Зыян кылбаган Тилинен дагы колунан Ассаля-а-аму алайкум Ва аля-а-айкум салаам Саламды биз көбөйтсөк Сый урматта биз жүрсөк Тынчтык болуп Жергемде өмүр сүрсөк Ассаля-а-аму алайкум Ва аля-а-айкум салаам Ассаляму алайкум Ва алейкум салам Кыргыз өзбек көп улут Дин боюнча бир тууган Аллах бизге ынтымакты буйруган Ассаля-а-аму алейкум Ва аля-а-айкум салаам
  • Санаанын жүгүн артынып, Сагынып келдим шашылып. Бут тоскон адамдарга, Ишенбей жалгандарга, Жолуктук элден жашынып. Сүйдүм го бала кезимден, Ал күндөр кетпейт эсимден. Көзүмдөн аккан жашым, Ысытып карындашым, Акты го менин бетимден. Махабат кандай улуулук, Маңдайга жазган сулуулук. Бар беле жашырганың? Ыйладың неге, жаным? Өксүдүң айтпай буулугуп, Ыйладың неге буулугуп? Жүрөктү жалган кыйнады, Сезимим сени кыйбады. Көзүңдү карап турдум, Өзүңдү аяп турдум. Түн дагы сен деп ыйлады, Коюу түн кошо ыйлады. Жаныңда дайым болоюн, Бакытка салып ороюн. Көтөрүп көңүлүңдү, Көп тилеп өмүрүңдү, Сүйүүңө сенин толоюн.
  • Талантым тоо томкоруп кетсе дагы, Ташкындап ай-ааламга жетсе дагы. Каалабайм досторум жок өткөн күндү, Толтуруп бар байлыкты берсе дагы. Атагым аалам жарып турса дагы, Алгын деп алтын-күмүш сунса дагы. Алмашпайм эч нерсеге досторумду, Өмүргө мүрөк суусун куйса дагы. Жакшыны, жаманды да тең бөлүштү, Тагдыр буйругун сен тең көрүштүң. Тилегим – ыраазы болсун Жаратканым, Бактымды келет сага тең бөлүшкүм. Кубанчымды келет сага тең бөлүшкүм, Сүйүнчүмдү келет сага тең бөлүшкүм.
  • Биз, биз элимдин келечеги учун, Биз бир бололу ынтымакта бутун, КЕл кол кармашып чогуу баралы, Биз жол ачып элдин эртени учун. Кыргызстан сен деп ырдайлы, Кыргызстан сенде жыргайлы. Кыргызстан жаркып жана бер, Билбесин элим мун-кайгы! Ала-Тоо сен деп ырдайлы, Ала-Тоо сенде жыргайлы. Ыймандуу кыргыз калкыма, Келбесин эми мун-кайгы! Биз эр Манастын атын данктаган, Биз бир элбиз ата-салтын сактаган. Кел келечекти бирге куралы, Биз мусулман адамын барктаган. Кыргызстан сен деп ырдайлы, Кыргызстан сенде жыргайлы. Кыргызстан жаркып жана бер, Билбесин элим мун-кайгы! Ала-Тоо сен деп ырдайлы, Ала-Тоо сенде жыргайлы. Ыймандуу кыргыз калкыма, Келбесин эми мун-кайгы!
  • Жааган кардын түрлөрүнөн, Бакчалардын гүлдөрүнөн. Ашыктардын жүрөгүнөн, Издей берем сени Мухаммед Айдын, күндүн нур өңүнөн Асылдардын тилегинен Акыйкаттын мүрөгүнөн Издей берем сени Мухаммед Издейм сени жааган кардын түрлөрүнөн, Издейм сени, ашыктардын жүрөгүнөн Салам айтам сага Мухаммед Көпөлөктүн учушунан, Көңүлдөрдүн чокусунан, Деңиздердин толкунунан, Издеп келем сени Мухаммед Акыл ойдун тазасынан, Ааламдардын башатынан, Аталардын батасынан, Издей берем сени Мухаммед. Издейм сени ааламдардын башатынан Издейм сени аталардын батасынан. Салам айтам сага Мухаммед Сүйүүлөрдүн желегинен, Момундардын белегинен, Зикирлердин тереңинен, Издеп келем сени Мухаммед. Улуулуктун данегинен, Урмат сыйдын дарегинен. Үмөттөрдүн карегнинен Издей берем сени Мухаммед Издейм сени сүйүүлөрдүн желегинен Издейм сени зикирлердин тереңинен Издейм сени жааган кардын түрлөрүнөн, Издейм сени, сени ашыктардын жүрөгүнөн Издей берем сени Мухаммед.
  • Тартынбай тике тиктечи, апа Таалайдынжибинүзбөчү, апа Чыйралып тике тиктечи, апа Чындыктынжибинүзбөчү, апа Каралдымжанымкөкүрөкканым Кулунуңменминкурудумкелдим Ичпечиапа, суранамсенден, ичпечиапа Суранамсенденсуранам, апа Сүйүнткөнкайдаубадаң, апа? Эркелепмоюнсозоалбайаттиң Элдерденкатуууялам, апа Акыл ой ката ала албай бата Кудайдын таза келбесинжаза Ичпечиапа, жалбарамсенден, ичпечиапа Билбейминкандайтунуктук, апа Бирүйгөбатпайуруштук, апа Кулкундуойлопатабызбаштап Кудайдынжолунунуттук, апа Булуттуутаңыңбузулупканың Чыркырайтжанымчыкса да жаның Ичпечиапа, сыздатыпмени, ичпечиапа Тагдырыңмынча тар беле, апа? Таалайыңкулар жар беле, апа? Ак жүзүң неге бозоротайтчы Арактаөчүң бар беле, апа? Уланып жарам ууланып барам Түмөндөпсанаамтүгөнүп барам Ичпечиапа, боздотупмени, ичпечиапа Карадан акты бөлсөмбү, апа? Караңгыжайдыкөрсөмбү, апа? Апасы ичет дегенден көрө Асынып барып өлсөмбү, апа? Кутманым таңым күч-кубат алым, Кыл десең айтчы кылайын баарын Ичпечи апа, суранам сенден, ичпечи апа Сага күн дагы тең эмес, апа Сенчелик аалам кең эмес, апа Келечек күнү тумандуу болуп Келиниң ыйлайт мен эмес, апа Жан дүйнөм канап, жабыркап барат Кел эми эртең кеч болуп калат Ичпечи апа, жалбарам сенден, ичпечи апа Эмнеге сени теңейин, апа Эмчегиң тосчу эмейин, апа Күйүттү арак токтотсоң болду Күндү да алып берейин, апа Карегим көзүм керемет өзүң Урматым менин укчу эми сөзүм Ичпечи апа, сыздатып мени, ичпечи апа Азгырык жолдо сен болдуң, апа Армандуу балаң мен болдум, апа Ырыстуу жанга тең келе албай Ыйлаардан бүткөн көл болдум, апа Кылмышкер жандай кыялым жанбай Кыйналдым соолуп кыйылган талдай Ичпечи апа, боздотуп мени, ичпечи апа Адалдап тамак бакчу эмес белең Ачуу эмес, апа, таттуу эмес белең Аракты ичпей акылдуу бол деп Ар убак мага айтчу эмес белең Ушундай мага жүрөгү таза Ууздай мага тилеги таза Ичпечи апа, суранам апа, ичпечи апа Аалам кең туруп думуктум, апа Аягы бүтпөйт үмүттүн, апа Өкчөлбөс пенде жалганда болбойт Өткөндүн баарын унуткун, апа Сүйүүмдүн кени сүйөмүн сени Өмүрдүн деми өзгөрүп эми Ичпечи апа, кагылам апа, ичпечи апа Уялам элден суранам сенден Ичпечи апа…..
  • Ким үчүн билбей келем буулукканым, Күн санап күтүп келем буйрук таңын. Ызага көңүлүмдү кайра бөлөп, Ыйлаба, ыйлабачы, булуттарым. Сунса да тагдыр мага кылычтарын, Сыноонун ачуу даамын унутканмын. Ыраакы мезгилдерди эске салып, Ыйлаба, ыйлабачы, булуттарым. Өчүрбөй жагып улам үмүт шамын, Өзүмдү өзүм алдап жылытканмын. Ыйлашар жүрөктөрдүн жолу башка, Ыйлаба, ыйлабачы, булуттарым.
  • Махабат дастанындай сүйүүгө бирге жетели, Келечек бактыбызга ээрчишип бирге кетели. Саргарган жалбырактуу дарактын туруп түбүндө, Тагдырдын бул белеги — сүйүүгө кезек берели. Жалгыздык күндөр өттү, Жаралап канча жүдөттү? Таалайыма ыраазымын, Табыштырган биздин жүрөктү. Ай өттү, жылдар өттү, Издеп жүрүп сендей чүрөктү. Жолуктуң күз мезгилде, Бакытка салып жүрөктү. Кайырма: Махабат дастанындай сүйүүгө бирге жетели, Келечек бактыбызга ээрчишип бирге кетели. Саргарган жалбырактуу дарактын туруп түбүндө, Тагдырдын бул белеги — сүйүүгө кезек берели, Махабатка сөз берели. Күтүүдөн карек талды, Ал күндөр алыста калды. Көңүл кушум таап сизди, Үмүт отум бир көрүп жанды. Эркелеп маралдайым, Жанымда болчу ар дайым. Жете албай бул жашоодон, Арманда өтүп калбайын.
  • Санаанын жүгүн артынып, Сагынып келдим шашылып. Бут тоскон адамдарга, Ишенбей жалгандарга, Жолуктук элден жашынып. Сүйдүм го бала кезимден, Ал күндөр кетпейт эсимден. Көзүмдөн аккан жашым, Ысытып карындашым, Акты го менин бетимден. Махабат кандай улуулук, Маңдайга жазган сулуулук. Бар беле жашырганың? Ыйладың неге, жаным? Өксүдүң айтпай буулугуп, Ыйладың неге буулугуп? Жүрөктү жалган кыйнады, Сезимим сени кыйбады. Көзүңдү карап турдум, Өзүңдү аяп турдум. Түн дагы сен деп ыйлады, Коюу түн кошо ыйлады. Жаныңда дайым болоюн, Бакытка салып ороюн. Көтөрүп көңүлүңдү, Көп тилеп өмүрүңдү, Сүйүүңө сенин толоюн.
  • Жаз мезгили жылуу-жумшак кийинип, Жылдыздуу түнү сен экөөбүз биригип. Өмүр балын жаңы татып турганда, Өрүк гүлү бизге турду ийилип. Кайырма: Сенин мээримиң гүлдөн артык сезилди, Жел сылады аппак, нурдуу бетиңди. Дүйнөдөгү жалгыз кызык сен болсоң, Дүүлүктүрүп кереметтүү сезимди. Жыбыраган жылдыз улам суюлуп, Ай шооласы жерге берип сулуулук. Билинбестен өтүп жатты өзү эле, Сенден мага, менден сага жылуулук. Ал аңгыча ай да чыгып жаркырап, Аалам турду агыш тартып жалтырап. Махабаттын же жаштыктын күчүбү? Туруптурбуз эс-мас болуп магдырып.