Казахские песни Узбекские песни

Песня «Ыйладын неге»
исполнителя эмил балтагулов.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Санаанын жүгүн артынып,
Сагынып келдим шашылып.
Бут тоскон адамдарга,
Ишенбей жалгандарга,
Жолуктук элден жашынып.
Сүйдүм го бала кезимден,
Ал күндөр кетпейт эсимден.
Көзүмдөн аккан жашым,
Ысытып карындашым,
Акты го менин бетимден.
Махабат кандай улуулук,
Маңдайга жазган сулуулук.
Бар беле жашырганың?
Ыйладың неге, жаным?
Өксүдүң айтпай буулугуп,
Ыйладың неге буулугуп?
Жүрөктү жалган кыйнады,
Сезимим сени кыйбады.
Көзүңдү карап турдум,
Өзүңдү аяп турдум.
Түн дагы сен деп ыйлады,
Коюу түн кошо ыйлады.
Жаныңда дайым болоюн,
Бакытка салып ороюн.
Көтөрүп көңүлүңдү,
Көп тилеп өмүрүңдү,
Сүйүүңө сенин толоюн.

Другие песни исполнителя:

  • Биз, биз элимдин келечеги учун, Биз бир бололу ынтымакта бутун, КЕл кол кармашып чогуу баралы, Биз жол ачып элдин эртени учун. Кыргызстан сен деп ырдайлы, Кыргызстан сенде жыргайлы. Кыргызстан жаркып жана бер, Билбесин элим мун-кайгы! Ала-Тоо сен деп ырдайлы, Ала-Тоо сенде жыргайлы. Ыймандуу кыргыз калкыма, Келбесин эми мун-кайгы! Биз эр Манастын атын данктаган, Биз бир элбиз ата-салтын сактаган. Кел келечекти бирге куралы, Биз мусулман адамын барктаган. Кыргызстан сен деп ырдайлы, Кыргызстан сенде жыргайлы. Кыргызстан жаркып жана бер, Билбесин элим мун-кайгы! Ала-Тоо сен деп ырдайлы, Ала-Тоо сенде жыргайлы. Ыймандуу кыргыз калкыма, Келбесин эми мун-кайгы!
  • Жаратканым аллахтын, Аты менен баштадым. Жаман жорук жасабай, Баарын артка таштадым. Аруулукка чакырган, Алаах жолун кармайын. Бизге берген нээманттын, Баркын билбей калбайлык. Биз мусулман баласы, Элдин камын ойлонуп. Тынчыбаган санаасы, Уктатпаган түн бою. Көкүрөктө жарасы, Муктаждарга бололу. Гүлзарладын талаасы, Ынтымакта, урмат болсун. Улуу-кичүү арасы, Ал анткени, биз мусулман баласы. Адал менен арамды, Айрымалап билели. Ар нерсеге сыйынбай, Бир Алахты сүйөлү. Таалай күтүп адамдар, Таза болсун жүрөгү. Ата-энени ардактап, Бийик тутуп жүрөлү. Оо жараткан! Өзүң бизди туура жолго салгандан кийин, Ошол туура жолдон, дилдерибизди азгыра көрбө. Бизге өз даркөйүңдөн ырайым жана мээримдүүлүк тартуула. Албетте, сен гана берешенсиң. Бизге берген кураның, Бийик туткан урааным. Ар балээден сактаган, Күчүн көрчү дубанын. Сен жиберген элчинин, Шапаатында бололу. Жаратканым өзүңдөн, Мээримиңе тололу.