Казахские песни Узбекские песни

Песня «Издейм сени»
исполнителя эмил балтагулов.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Жааган кардын түрлөрүнөн,
Бакчалардын гүлдөрүнөн.
Ашыктардын жүрөгүнөн,
Издей берем сени Мухаммед
Айдын, күндүн нур өңүнөн
Асылдардын тилегинен
Акыйкаттын мүрөгүнөн
Издей берем сени Мухаммед
Издейм сени жааган кардын түрлөрүнөн,
Издейм сени, ашыктардын жүрөгүнөн
Салам айтам сага Мухаммед
Көпөлөктүн учушунан,
Көңүлдөрдүн чокусунан,
Деңиздердин толкунунан,
Издеп келем сени Мухаммед
Акыл ойдун тазасынан,
Ааламдардын башатынан,
Аталардын батасынан,
Издей берем сени Мухаммед.
Издейм сени ааламдардын башатынан
Издейм сени аталардын батасынан.
Салам айтам сага Мухаммед
Сүйүүлөрдүн желегинен,
Момундардын белегинен,
Зикирлердин тереңинен,
Издеп келем сени Мухаммед.
Улуулуктун данегинен,
Урмат сыйдын дарегинен.
Үмөттөрдүн карегнинен
Издей берем сени Мухаммед
Издейм сени сүйүүлөрдүн желегинен
Издейм сени зикирлердин тереңинен
Издейм сени жааган кардын түрлөрүнөн,
Издейм сени, сени ашыктардын жүрөгүнөн
Издей берем сени Мухаммед.

Другие песни исполнителя:

  • Ассаляму алайкум Ва алейкум салам Адам кылып жараткан Жүрөккө ыйман салган Чексиз шүгүр Аллахыма Жараткан Ассаляму алайкум Ва алейкум салам Тынчтык дини Исламды Жүрөктөргө нур кылган Жоктон бизди жараткан эй Аллам Ассаля-а-аму алайкум Ва аля-а-айкум салааам Пайга-а-амбарым айткан Чыны-ы-ыгы мусулман Зыян кылбаган Тилинен дагы колунан Ассаля-а-аму алайкум Ва аля-а-айкум салаам Саламды биз көбөйтсөк Сый урматта биз жүрсөк Тынчтык болуп Жергемде өмүр сүрсөк Ассаля-а-аму алайкум Ва аля-а-айкум салаам Ассаляму алайкум Ва алейкум салам Кыргыз өзбек көп улут Дин боюнча бир тууган Аллах бизге ынтымакты буйруган Ассаля-а-аму алейкум Ва аля-а-айкум салаам
  • Жаз мезгили жылуу-жумшак кийинип, Жылдыздуу түнү сен экөөбүз биригип. Өмүр балын жаңы татып турганда, Өрүк гүлү бизге турду ийилип. Кайырма: Сенин мээримиң гүлдөн артык сезилди, Жел сылады аппак, нурдуу бетиңди. Дүйнөдөгү жалгыз кызык сен болсоң, Дүүлүктүрүп кереметтүү сезимди. Жыбыраган жылдыз улам суюлуп, Ай шооласы жерге берип сулуулук. Билинбестен өтүп жатты өзү эле, Сенден мага, менден сага жылуулук. Ал аңгыча ай да чыгып жаркырап, Аалам турду агыш тартып жалтырап. Махабаттын же жаштыктын күчүбү? Туруптурбуз эс-мас болуп магдырып.
  • Махабат дастанындай сүйүүгө бирге жетели, Келечек бактыбызга ээрчишип бирге кетели. Саргарган жалбырактуу дарактын туруп түбүндө, Тагдырдын бул белеги — сүйүүгө кезек берели. Жалгыздык күндөр өттү, Жаралап канча жүдөттү? Таалайыма ыраазымын, Табыштырган биздин жүрөктү. Ай өттү, жылдар өттү, Издеп жүрүп сендей чүрөктү. Жолуктуң күз мезгилде, Бакытка салып жүрөктү. Кайырма: Махабат дастанындай сүйүүгө бирге жетели, Келечек бактыбызга ээрчишип бирге кетели. Саргарган жалбырактуу дарактын туруп түбүндө, Тагдырдын бул белеги — сүйүүгө кезек берели, Махабатка сөз берели. Күтүүдөн карек талды, Ал күндөр алыста калды. Көңүл кушум таап сизди, Үмүт отум бир көрүп жанды. Эркелеп маралдайым, Жанымда болчу ар дайым. Жете албай бул жашоодон, Арманда өтүп калбайын.