Казахские песни Узбекские песни

Песня «Жылуулук»
исполнителя эмил балтагулов.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Жаз мезгили жылуу-жумшак кийинип,
Жылдыздуу түнү сен экөөбүз биригип.
Өмүр балын жаңы татып турганда,
Өрүк гүлү бизге турду ийилип.
Кайырма:
Сенин мээримиң гүлдөн артык сезилди,
Жел сылады аппак, нурдуу бетиңди.
Дүйнөдөгү жалгыз кызык сен болсоң,
Дүүлүктүрүп кереметтүү сезимди.
Жыбыраган жылдыз улам суюлуп,
Ай шооласы жерге берип сулуулук.
Билинбестен өтүп жатты өзү эле,
Сенден мага, менден сага жылуулук.
Ал аңгыча ай да чыгып жаркырап,
Аалам турду агыш тартып жалтырап.
Махабаттын же жаштыктын күчүбү?
Туруптурбуз эс-мас болуп магдырып.

Другие песни исполнителя:

  • Санаанын жүгүн артынып, Сагынып келдим шашылып. Бут тоскон адамдарга, Ишенбей жалгандарга, Жолуктук элден жашынып. Сүйдүм го бала кезимден, Ал күндөр кетпейт эсимден. Көзүмдөн аккан жашым, Ысытып карындашым, Акты го менин бетимден. Махабат кандай улуулук, Маңдайга жазган сулуулук. Бар беле жашырганың? Ыйладың неге, жаным? Өксүдүң айтпай буулугуп, Ыйладың неге буулугуп? Жүрөктү жалган кыйнады, Сезимим сени кыйбады. Көзүңдү карап турдум, Өзүңдү аяп турдум. Түн дагы сен деп ыйлады, Коюу түн кошо ыйлады. Жаныңда дайым болоюн, Бакытка салып ороюн. Көтөрүп көңүлүңдү, Көп тилеп өмүрүңдү, Сүйүүңө сенин толоюн.
  • Биз, биз элимдин келечеги учун, Биз бир бололу ынтымакта бутун, КЕл кол кармашып чогуу баралы, Биз жол ачып элдин эртени учун. Кыргызстан сен деп ырдайлы, Кыргызстан сенде жыргайлы. Кыргызстан жаркып жана бер, Билбесин элим мун-кайгы! Ала-Тоо сен деп ырдайлы, Ала-Тоо сенде жыргайлы. Ыймандуу кыргыз калкыма, Келбесин эми мун-кайгы! Биз эр Манастын атын данктаган, Биз бир элбиз ата-салтын сактаган. Кел келечекти бирге куралы, Биз мусулман адамын барктаган. Кыргызстан сен деп ырдайлы, Кыргызстан сенде жыргайлы. Кыргызстан жаркып жана бер, Билбесин элим мун-кайгы! Ала-Тоо сен деп ырдайлы, Ала-Тоо сенде жыргайлы. Ыймандуу кыргыз калкыма, Келбесин эми мун-кайгы!
  • Тартынбай тике тиктечи, апа Таалайдынжибинүзбөчү, апа Чыйралып тике тиктечи, апа Чындыктынжибинүзбөчү, апа Каралдымжанымкөкүрөкканым Кулунуңменминкурудумкелдим Ичпечиапа, суранамсенден, ичпечиапа Суранамсенденсуранам, апа Сүйүнткөнкайдаубадаң, апа? Эркелепмоюнсозоалбайаттиң Элдерденкатуууялам, апа Акыл ой ката ала албай бата Кудайдын таза келбесинжаза Ичпечиапа, жалбарамсенден, ичпечиапа Билбейминкандайтунуктук, апа Бирүйгөбатпайуруштук, апа Кулкундуойлопатабызбаштап Кудайдынжолунунуттук, апа Булуттуутаңыңбузулупканың Чыркырайтжанымчыкса да жаның Ичпечиапа, сыздатыпмени, ичпечиапа Тагдырыңмынча тар беле, апа? Таалайыңкулар жар беле, апа? Ак жүзүң неге бозоротайтчы Арактаөчүң бар беле, апа? Уланып жарам ууланып барам Түмөндөпсанаамтүгөнүп барам Ичпечиапа, боздотупмени, ичпечиапа Карадан акты бөлсөмбү, апа? Караңгыжайдыкөрсөмбү, апа? Апасы ичет дегенден көрө Асынып барып өлсөмбү, апа? Кутманым таңым күч-кубат алым, Кыл десең айтчы кылайын баарын Ичпечи апа, суранам сенден, ичпечи апа Сага күн дагы тең эмес, апа Сенчелик аалам кең эмес, апа Келечек күнү тумандуу болуп Келиниң ыйлайт мен эмес, апа Жан дүйнөм канап, жабыркап барат Кел эми эртең кеч болуп калат Ичпечи апа, жалбарам сенден, ичпечи апа Эмнеге сени теңейин, апа Эмчегиң тосчу эмейин, апа Күйүттү арак токтотсоң болду Күндү да алып берейин, апа Карегим көзүм керемет өзүң Урматым менин укчу эми сөзүм Ичпечи апа, сыздатып мени, ичпечи апа Азгырык жолдо сен болдуң, апа Армандуу балаң мен болдум, апа Ырыстуу жанга тең келе албай Ыйлаардан бүткөн көл болдум, апа Кылмышкер жандай кыялым жанбай Кыйналдым соолуп кыйылган талдай Ичпечи апа, боздотуп мени, ичпечи апа Адалдап тамак бакчу эмес белең Ачуу эмес, апа, таттуу эмес белең Аракты ичпей акылдуу бол деп Ар убак мага айтчу эмес белең Ушундай мага жүрөгү таза Ууздай мага тилеги таза Ичпечи апа, суранам апа, ичпечи апа Аалам кең туруп думуктум, апа Аягы бүтпөйт үмүттүн, апа Өкчөлбөс пенде жалганда болбойт Өткөндүн баарын унуткун, апа Сүйүүмдүн кени сүйөмүн сени Өмүрдүн деми өзгөрүп эми Ичпечи апа, кагылам апа, ичпечи апа Уялам элден суранам сенден Ичпечи апа…..