Казахские песни Узбекские песни

Песня «Кыргызстан»
исполнителя эмил балтагулов.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Биз, биз элимдин келечеги учун,
Биз бир бололу ынтымакта бутун,
КЕл кол кармашып чогуу баралы,
Биз жол ачып элдин эртени учун.

Кыргызстан сен деп ырдайлы,
Кыргызстан сенде жыргайлы.
Кыргызстан жаркып жана бер,
Билбесин элим мун-кайгы!
Ала-Тоо сен деп ырдайлы,
Ала-Тоо сенде жыргайлы.
Ыймандуу кыргыз калкыма,
Келбесин эми мун-кайгы!

Биз эр Манастын атын данктаган,
Биз бир элбиз ата-салтын сактаган.
Кел келечекти бирге куралы,
Биз мусулман адамын барктаган.

Кыргызстан сен деп ырдайлы,
Кыргызстан сенде жыргайлы.
Кыргызстан жаркып жана бер,
Билбесин элим мун-кайгы!
Ала-Тоо сен деп ырдайлы,
Ала-Тоо сенде жыргайлы.
Ыймандуу кыргыз калкыма,
Келбесин эми мун-кайгы!

Другие песни исполнителя:

  • Жаратканым аллахтын, Аты менен баштадым. Жаман жорук жасабай, Баарын артка таштадым. Аруулукка чакырган, Алаах жолун кармайын. Бизге берген нээманттын, Баркын билбей калбайлык. Биз мусулман баласы, Элдин камын ойлонуп. Тынчыбаган санаасы, Уктатпаган түн бою. Көкүрөктө жарасы, Муктаждарга бололу. Гүлзарладын талаасы, Ынтымакта, урмат болсун. Улуу-кичүү арасы, Ал анткени, биз мусулман баласы. Адал менен арамды, Айрымалап билели. Ар нерсеге сыйынбай, Бир Алахты сүйөлү. Таалай күтүп адамдар, Таза болсун жүрөгү. Ата-энени ардактап, Бийик тутуп жүрөлү. Оо жараткан! Өзүң бизди туура жолго салгандан кийин, Ошол туура жолдон, дилдерибизди азгыра көрбө. Бизге өз даркөйүңдөн ырайым жана мээримдүүлүк тартуула. Албетте, сен гана берешенсиң. Бизге берген кураның, Бийик туткан урааным. Ар балээден сактаган, Күчүн көрчү дубанын. Сен жиберген элчинин, Шапаатында бололу. Жаратканым өзүңдөн, Мээримиңе тололу.
  • Жаз мезгили жылуу-жумшак кийинип, Жылдыздуу түнү сен экөөбүз биригип. Өмүр балын жаңы татып турганда, Өрүк гүлү бизге турду ийилип. Кайырма: Сенин мээримиң гүлдөн артык сезилди, Жел сылады аппак, нурдуу бетиңди. Дүйнөдөгү жалгыз кызык сен болсоң, Дүүлүктүрүп кереметтүү сезимди. Жыбыраган жылдыз улам суюлуп, Ай шооласы жерге берип сулуулук. Билинбестен өтүп жатты өзү эле, Сенден мага, менден сага жылуулук. Ал аңгыча ай да чыгып жаркырап, Аалам турду агыш тартып жалтырап. Махабаттын же жаштыктын күчүбү? Туруптурбуз эс-мас болуп магдырып.
  • Махабат дастанындай сүйүүгө бирге жетели, Келечек бактыбызга ээрчишип бирге кетели. Саргарган жалбырактуу дарактын туруп түбүндө, Тагдырдын бул белеги — сүйүүгө кезек берели. Жалгыздык күндөр өттү, Жаралап канча жүдөттү? Таалайыма ыраазымын, Табыштырган биздин жүрөктү. Ай өттү, жылдар өттү, Издеп жүрүп сендей чүрөктү. Жолуктуң күз мезгилде, Бакытка салып жүрөктү. Кайырма: Махабат дастанындай сүйүүгө бирге жетели, Келечек бактыбызга ээрчишип бирге кетели. Саргарган жалбырактуу дарактын туруп түбүндө, Тагдырдын бул белеги — сүйүүгө кезек берели, Махабатка сөз берели. Күтүүдөн карек талды, Ал күндөр алыста калды. Көңүл кушум таап сизди, Үмүт отум бир көрүп жанды. Эркелеп маралдайым, Жанымда болчу ар дайым. Жете албай бул жашоодон, Арманда өтүп калбайын.