Казахские песни Узбекские песни

Песня «ыйлабачы булуттарым»
исполнителя эмил балтагулов.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Ким үчүн билбей келем буулукканым,
Күн санап күтүп келем буйрук таңын.
Ызага көңүлүмдү кайра бөлөп,
Ыйлаба, ыйлабачы, булуттарым.
Сунса да тагдыр мага кылычтарын,
Сыноонун ачуу даамын унутканмын.
Ыраакы мезгилдерди эске салып,
Ыйлаба, ыйлабачы, булуттарым.
Өчүрбөй жагып улам үмүт шамын,
Өзүмдү өзүм алдап жылытканмын.
Ыйлашар жүрөктөрдүн жолу башка,
Ыйлаба, ыйлабачы, булуттарым.

Другие песни исполнителя:

  • Жаратканым аллахтын, Аты менен баштадым. Жаман жорук жасабай, Баарын артка таштадым. Аруулукка чакырган, Алаах жолун кармайын. Бизге берген нээманттын, Баркын билбей калбайлык. Биз мусулман баласы, Элдин камын ойлонуп. Тынчыбаган санаасы, Уктатпаган түн бою. Көкүрөктө жарасы, Муктаждарга бололу. Гүлзарладын талаасы, Ынтымакта, урмат болсун. Улуу-кичүү арасы, Ал анткени, биз мусулман баласы. Адал менен арамды, Айрымалап билели. Ар нерсеге сыйынбай, Бир Алахты сүйөлү. Таалай күтүп адамдар, Таза болсун жүрөгү. Ата-энени ардактап, Бийик тутуп жүрөлү. Оо жараткан! Өзүң бизди туура жолго салгандан кийин, Ошол туура жолдон, дилдерибизди азгыра көрбө. Бизге өз даркөйүңдөн ырайым жана мээримдүүлүк тартуула. Албетте, сен гана берешенсиң. Бизге берген кураның, Бийик туткан урааным. Ар балээден сактаган, Күчүн көрчү дубанын. Сен жиберген элчинин, Шапаатында бололу. Жаратканым өзүңдөн, Мээримиңе тололу.
  • Жаз мезгили жылуу-жумшак кийинип, Жылдыздуу түнү сен экөөбүз биригип. Өмүр балын жаңы татып турганда, Өрүк гүлү бизге турду ийилип. Кайырма: Сенин мээримиң гүлдөн артык сезилди, Жел сылады аппак, нурдуу бетиңди. Дүйнөдөгү жалгыз кызык сен болсоң, Дүүлүктүрүп кереметтүү сезимди. Жыбыраган жылдыз улам суюлуп, Ай шооласы жерге берип сулуулук. Билинбестен өтүп жатты өзү эле, Сенден мага, менден сага жылуулук. Ал аңгыча ай да чыгып жаркырап, Аалам турду агыш тартып жалтырап. Махабаттын же жаштыктын күчүбү? Туруптурбуз эс-мас болуп магдырып.
  • Санаанын жүгүн артынып, Сагынып келдим шашылып. Бут тоскон адамдарга, Ишенбей жалгандарга, Жолуктук элден жашынып. Сүйдүм го бала кезимден, Ал күндөр кетпейт эсимден. Көзүмдөн аккан жашым, Ысытып карындашым, Акты го менин бетимден. Махабат кандай улуулук, Маңдайга жазган сулуулук. Бар беле жашырганың? Ыйладың неге, жаным? Өксүдүң айтпай буулугуп, Ыйладың неге буулугуп? Жүрөктү жалган кыйнады, Сезимим сени кыйбады. Көзүңдү карап турдум, Өзүңдү аяп турдум. Түн дагы сен деп ыйлады, Коюу түн кошо ыйлады. Жаныңда дайым болоюн, Бакытка салып ороюн. Көтөрүп көңүлүңдү, Көп тилеп өмүрүңдү, Сүйүүңө сенин толоюн.