Казахские песни Узбекские песни

Песня «Махабатым»
исполнителя Султан Садыралиев.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Муңкандырып жүзүмдү,
Жылдарым жылып баратат,
Эңсетип жалгыз өзүңдү.
Арман көлүн кечербиз,
Байланып аруу сезимге,
Бакытсыз жандар экенбиз.

Кайырма:
Арманымдын азабын кечтим,
Мендей сага каалабас бакыт эч ким.
Ардагым, сүйө албас мендей эч ким.
Арманымдын азабын кечтим,
Мендей сага каалабас бакыт эч ким.
Ардагым, сүйө албас мендей эч ким.

Сен назик жүрөгүмдү өзүң ыйлаттың,
Сен жүрөгүмдүн дартын ырбаттың, махабатым.
Мен сезимге канат байлап сага учкам,
Мен сени ай-ааламда ыйык туткам, махабатым.

Жүрөгүмө элесиң,
Уялады терең-терең,
Бил, сезимим сени менен.
Арманга сен алдырба,
Айыпсыз жаным кайгырба,
Ансыз да баттым кайгыга.

Другие песни исполнителя:

  • Менин сүйүүм деңиздей бир чалкыган, Чагылгандай чарк-чурк этип чагылган. Нөшөрлөгөн жамгыр сымал талыкпай, Сүйүүм сага алоолонуп жагылган. Кайырма: Менин сүйүүм, менин махабатым, Сага жетпей кыйналамын ар дайым. Менин сүйүүм, менин махабатым, Жүрөгүмдүн түбүндөсүң сен дайым. Менин сүйүүм сезбедиң го, жаным, ай, Кайда барсам ойлономун талыкпай. Оюмдан эч такыр кетпей койдуң сен, Жүрөгүмдүн түбүндөсүң сен дайым
  • Ака деген созундон ананайын ай, кыйыгындан кылыктуу караганым ай. Чуну салып бир кезде жан дуйносуно, чубакты да сыздаткан кара жаным ай. Кайырма: Корунушун пахтадай козго тушкон тасмадай. Ай ииииииииии Туштук кызым ай суйкум жузун ай. Кантип турам, кантип турам, кантип турам ай. Жарык нуруум ай, аныксырыым ай. Айланайын колундан ыссык чыныдай. Ош кечиндей корктонгон жарык манайым, тун уйкумду торт болгон анык таалайым, Сулайман тоо сыяктуу, сырымды каткан Ак бурадай озуно агып барайын.
  • Жалбарып жаздан тилегем, Жазыгым жалгыз билем мен. Жан музам күүсүн толгойт, Жандаймын көзүм тойбой, Жазаңа даярмын мен. Кызганып кыялым бузба, Кызыгып куру сөз сузба. Кылымдан курап берем, Кыйраса улап берем, Кызылдын гүлүн терем. Кайырма: Аячы, суранам сенден, суранамын, Өз сүйүүмдү өзүмө кайрып берчи. Аячы мени, аячы, Өз сүйүүмдү өзүмө кайрып берчи. Ойлоном ойдун таңында, Ойгонсом деймин жаныңда. Оюнсуз сезимдерим, От алган кезим менин, Ой, тобо, оору жедим. Бактым деп сени тандадым, Байкабай башка калганын. Баркына жетеличи, Байланып кетеличи, Багынып эртелечи.
  • Көрсөтпөй сени көлөкөдө бакканбы ата –энең? Көркөмүң сенин, көңүлдө күткөн бак беле? байкадың, баркың билбес билемин, Капилет кайырмагым илгеним. Түбөлүк түгөң кылам өзүңдү, Асыл эркем. Кайырма: Кызганам, кызгалдак, Кырчындай келбетиң. Кынарбас берметим кызыгам, Кызганам, кызылдан. Дарманым калбады кагылам, кызганам. Түртсөң да, күлсөң, Кайтпаймын мен жолумдан карындаш. Канатым каккан шумкармын кайрып алам карлыгач, Кабыл ал жүрөктөгү арзуумду. Ал мончок кара жанга карч урду, Аз убак аралыгы сен, менби? Сөзүм берем.