Казахские песни Узбекские песни

Песня «Жонокой жигит»
исполнителя Султан Садыралиев.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Мен ушундай жөнөкөй жигит,
Сендей кызга ашык болупмун.
Көктөгү жылдызды, кашы кундузду,
Жете албай мен арзуу кылыпмын.

Кезиккенбиз ошондо бакта,
Сен жылмайсаң мен да күлүпмүн.
Жалган сүйүүлөр, жалган күлкүлөр.
Сени сүйүп ката кылыпмын.

Каталарда билинди баркым
Сен билбедиң жан дүйнө дартын.
Кадырым билбедиң, дартым сезбедиң,
Сени сүйүп мен жаңылыпмын.

Көздөрүм бар мага жарашкан,
Мга бардык селки карашкан.
Калды сүйүүлөр, калды күлкүлөр,
Өкүнүчтүү жетпей калганым.

Мен ушундай жөнөкөй жигит,
Сендей кызга ашык болупмун.
Көктөгү жылдызды, кашы кундузду,
Жете албай мен арзуу кылыпмын.

Другие песни исполнителя:

  • Көрсөтпөй сени көлөкөдө бакканбы ата –энең? Көркөмүң сенин, көңүлдө күткөн бак беле? байкадың, баркың билбес билемин, Капилет кайырмагым илгеним. Түбөлүк түгөң кылам өзүңдү, Асыл эркем. Кайырма: Кызганам, кызгалдак, Кырчындай келбетиң. Кынарбас берметим кызыгам, Кызганам, кызылдан. Дарманым калбады кагылам, кызганам. Түртсөң да, күлсөң, Кайтпаймын мен жолумдан карындаш. Канатым каккан шумкармын кайрып алам карлыгач, Кабыл ал жүрөктөгү арзуумду. Ал мончок кара жанга карч урду, Аз убак аралыгы сен, менби? Сөзүм берем.
  • Билинбей күндөр узап Сагынычым үмүт менен жол карап Жалындап күйүп-жанат Көңүлдөгү жандырмаксыз табышмак Кезигүүнүн издеп келем айласын Ойлор курчайт таппачудай пайдасын Супсак сымал күңүрт алып айлана Жалгызсырап буулугамын, кайдасың? Тамчылай ак жамгырдай Шаркыраймын көл издеген агымдай Асманда жалгыз куштай Теңселемин шамал соккон булуттай Кезигүүнүн издеп келем айласын Ойлор курчайт таппачудай пайдасын Супсак сымал күңүрт алып айлана Жалгызсырап буулугамын, кайдасың? Кезигүүнүн издеп келем айласын Ойлор курчайт таппачудай пайдасын Супсак сымал күңүрт алып айлана Жалгызсырап буулугамын, кайдасың? Жалгызсырап буулугамын, кайдасың?
  • Бул күндор да өтүп кетер, Кыйналган жандардын үнү жетер. Баркын билбей бул жашоонун, Жашадык заманда өзүм деген. Баркын билбей бул жашоонун, Жашадык заманда өзүм деген. Кайырма Бул сыноолор өтөт кетет, Жамандын артынан жакшы келет. Абалыңды сурап турган, Бул күндо адамга адам керек. Абалыңды сурап турган, Бул күндо адамга адам керек. Узак жолду улап келген, Ар бир таң өзгөчө кубат берген. Канча кыйын күн келсе да, Адамбыз баарына чыдап келген. Канча кыйын күн келсе да, Адамбыз баарына чыдап келген. Кайырма Күндон дагы суудан дагы, Эң кымбат адамга адам керек. Сабыр керек сынбай турган, Жакшы күн бар али улай турган. Жене алсын деп адамзатты, Сыноолорду кудай сунган. Жене алсын деп адамзатты, Сыноолорду аллах сунган. Кайырма Адам жөлөк курбусуна, Себепкер жаркыган турмушуна. Кыйын күндөр бирге өтөт, Таянып элдеги уул-кызына. Ынтымакта жеңе турган, Кайрат бер сабыр бер кыргызыма. Кайырма Адам деген көпүрө турмушуна, Адам деген жөлөк да курбусуна. Күч бар кезде биригип бир муштумга, Курсак экен көпүрө кыргызыма. Сен өлбөйсүң артыңда изин калса, Сен жашайсың тарыхта ишиң калса, Ташты талкан кыла бер сапарыңда, Темир кессең мокобос мизиң барда
  • Жалгыз досум, алыстасың менден сен, Жалгызсырап сагынамын сени мен. Бала кезде оюн куруп жүрчү элек, Сагындым го элесиңди эселек. Кайырма: Кыйналдым мен таппай сендей кан досту, Өзүң гана мээримдүүсүң, тунуксуң. Жашоо татаал алып кетти сыздатып, Өз кан досум, жүрөк кантип унутсун. Эстеймин мен сенин достук мамилең, Жылдар өтүп, бүгүн сенсиз калдым мен. Таш боор ажал жаш экен деп карабай, Алып кетти жүрөгүмдү жаралай.