Казахские песни Узбекские песни

Песня «Досум»
исполнителя Султан Садыралиев.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Жалгыз досум, алыстасың менден сен,
Жалгызсырап сагынамын сени мен.
Бала кезде оюн куруп жүрчү элек,
Сагындым го элесиңди эселек.

Кайырма:
Кыйналдым мен таппай сендей кан досту,
Өзүң гана мээримдүүсүң, тунуксуң.
Жашоо татаал алып кетти сыздатып,
Өз кан досум, жүрөк кантип унутсун.

Эстеймин мен сенин достук мамилең,
Жылдар өтүп, бүгүн сенсиз калдым мен.
Таш боор ажал жаш экен деп карабай,
Алып кетти жүрөгүмдү жаралай.

Другие песни исполнителя:

  • Бирде суук, бирде ысык, Өмүрүң учат сызып. Бул жашоо деги бизге, Эмнеси менен кызык? Өкүнбөгөн адам барбы? Кубансаң да арты кайгы. Бар байлыгың бул жашоодо, Ал артыңда туяк калды. Кайырма: Сүйүү оту жана берсин, Өзүңө окшош бала берсин. Сүйүшкөндөр түбөлүккө, Ушул бойдон кала берсин. Жетпесең тилегиңе, Жетпесең сүйгөнүңө. Бул жашоо деги бизге, Кереги бар эмне? Сүйүшпөгөн адам барбы? Сүйүп калган кандай жакшы? Үзүлбөгөн үмүт менен, Күтсөң ошол жашоо вальсын.
  • Ака деген созундон ананайын ай, кыйыгындан кылыктуу караганым ай. Чуну салып бир кезде жан дуйносуно, чубакты да сыздаткан кара жаным ай. Кайырма: Корунушун пахтадай козго тушкон тасмадай. Ай ииииииииии Туштук кызым ай суйкум жузун ай. Кантип турам, кантип турам, кантип турам ай. Жарык нуруум ай, аныксырыым ай. Айланайын колундан ыссык чыныдай. Ош кечиндей корктонгон жарык манайым, тун уйкумду торт болгон анык таалайым, Сулайман тоо сыяктуу, сырымды каткан Ак бурадай озуно агып барайын.
  • Сени ойлоп, эт жүрөгүм оттой жанды, Учкун болуп алоолонуп күйүп жатты. Сага жетпейм, көзүм жетет ошондуктан, Алаксысам башка менен унутамбы? Кайырма: Сен эмес кучагымда, башка бирөө, Сен деп соккон жүрөгүмдү ал ээлөөдө. Айла жок, ал кыз менен мен сүйлөшөм, Унутуш үчүн бир өзүңдү жүрөгүмдөн. Сен үчүн жаралган тунук сүйүүм, Өзүң менен өткөрбөдүм жаштык күнүм. Артыңдан издеймин мен азыр, бирок Мен үчүн сүйүүдөн да намыс күчтүү.