Казахские песни Узбекские песни

Песня «Сен эмес»
исполнителя Султан Садыралиев.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Сени ойлоп, эт жүрөгүм оттой жанды,
Учкун болуп алоолонуп күйүп жатты.
Сага жетпейм, көзүм жетет ошондуктан,
Алаксысам башка менен унутамбы?

Кайырма:
Сен эмес кучагымда, башка бирөө,
Сен деп соккон жүрөгүмдү ал ээлөөдө.
Айла жок, ал кыз менен мен сүйлөшөм,
Унутуш үчүн бир өзүңдү жүрөгүмдөн.

Сен үчүн жаралган тунук сүйүүм,
Өзүң менен өткөрбөдүм жаштык күнүм.
Артыңдан издеймин мен азыр, бирок
Мен үчүн сүйүүдөн да намыс күчтүү.

Другие песни исполнителя:

  • Жалбарып жаздан тилегем, Жазыгым жалгыз билем мен. Жан музам күүсүн толгойт, Жандаймын көзүм тойбой, Жазаңа даярмын мен. Кызганып кыялым бузба, Кызыгып куру сөз сузба. Кылымдан курап берем, Кыйраса улап берем, Кызылдын гүлүн терем. Кайырма: Аячы, суранам сенден, суранамын, Өз сүйүүмдү өзүмө кайрып берчи. Аячы мени, аячы, Өз сүйүүмдү өзүмө кайрып берчи. Ойлоном ойдун таңында, Ойгонсом деймин жаныңда. Оюнсуз сезимдерим, От алган кезим менин, Ой, тобо, оору жедим. Бактым деп сени тандадым, Байкабай башка калганын. Баркына жетеличи, Байланып кетеличи, Багынып эртелечи.
  • Сөзү: К.Качкынбаеваныкы Обону: И.Абдыразаковдуку Тагдырыма таарынамын, Таба албастан ага айла багынамын. Асыл эркем, сагынамын, Айтчы, кайсы кадамымдан жаңылганмын? Адилетсиз ак сүйүүнүн арман кайгысы. Кайырма: А балким, бул тагдырымдын тайкысы, Анан кантем сенде жүрөк ачкычы? Болдум эми махабаттын жарчысы, Сүйүү тамчысы... Билесиң бул арманымды, Жалгыз гана ырга айланып калганымды. Ойлоп, ойлоп мен, сүйгөнүм, Өзүмдү өзүм сооротконду эми үйрөндүм. Адилетсиз ак сүйүүнүн арман кайгысы. Кайырма: А балким, бул тагдырымдын тайкысы, Анан кантем сенде жүрөк ачкычы? Болдум эми махабаттын жарчысы, Сүйүү тамчысы...
  • Бирде суук, бирде ысык, Өмүрүң учат сызып. Бул жашоо деги бизге, Эмнеси менен кызык? Өкүнбөгөн адам барбы? Кубансаң да арты кайгы. Бар байлыгың бул жашоодо, Ал артыңда туяк калды. Кайырма: Сүйүү оту жана берсин, Өзүңө окшош бала берсин. Сүйүшкөндөр түбөлүккө, Ушул бойдон кала берсин. Жетпесең тилегиңе, Жетпесең сүйгөнүңө. Бул жашоо деги бизге, Кереги бар эмне? Сүйүшпөгөн адам барбы? Сүйүп калган кандай жакшы? Үзүлбөгөн үмүт менен, Күтсөң ошол жашоо вальсын.
  • Кериле басып акырын, Келишкен мүчөң, асылым, Кер маралдай басыгың. Ак куудай мүчөң келишкен, Айдайым, сулуу периштем, Ай-ааламдан сени издейм. Булактай ага бер, Кылыгың болсун мага дем, Карындашым болуп эми кала бер. Булактай ага бер, Кылыгыңды мага бер, Карындашым болуп эми кала бер. Кайырма: Карындашым, карегиңден айланам, Карындашым, кирпигиңе байланам. Көзүңдөгү аруулукту арбаган, Өзүңдөгү сулуулукка таң калам. Кантейин эми, карындаш, Жан болбос сени сагынбас, Өткөн күнүм кайрылбас. Кылыктуу кызсың секелек, Кыялыңды жетелеп, Эркетайым, эселек. Булактай ага бер, Кылыгың болсун мага дем, Карындашым болуп эми кала бер. Булактай ага бер, Кылыгыңды мага бер, Карындашым болуп эми кала бер. Кайырма: