Казахские песни Узбекские песни

Песня «Суйуу оту»
исполнителя Султан Садыралиев.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Бирде суук, бирде ысык,
Өмүрүң учат сызып.
Бул жашоо деги бизге,
Эмнеси менен кызык?

Өкүнбөгөн адам барбы?
Кубансаң да арты кайгы.
Бар байлыгың бул жашоодо,
Ал артыңда туяк калды.

Кайырма:

Сүйүү оту жана берсин,
Өзүңө окшош бала берсин.
Сүйүшкөндөр түбөлүккө,
Ушул бойдон кала берсин.

Жетпесең тилегиңе,
Жетпесең сүйгөнүңө.
Бул жашоо деги бизге,
Кереги бар эмне?

Сүйүшпөгөн адам барбы?
Сүйүп калган кандай жакшы?
Үзүлбөгөн үмүт менен,
Күтсөң ошол жашоо вальсын.

Другие песни исполнителя:

  • Муңкандырып жүзүмдү, Жылдарым жылып баратат, Эңсетип жалгыз өзүңдү. Арман көлүн кечербиз, Байланып аруу сезимге, Бакытсыз жандар экенбиз. Кайырма: Арманымдын азабын кечтим, Мендей сага каалабас бакыт эч ким. Ардагым, сүйө албас мендей эч ким. Арманымдын азабын кечтим, Мендей сага каалабас бакыт эч ким. Ардагым, сүйө албас мендей эч ким. Сен назик жүрөгүмдү өзүң ыйлаттың, Сен жүрөгүмдүн дартын ырбаттың, махабатым. Мен сезимге канат байлап сага учкам, Мен сени ай-ааламда ыйык туткам, махабатым. Жүрөгүмө элесиң, Уялады терең-терең, Бил, сезимим сени менен. Арманга сен алдырба, Айыпсыз жаным кайгырба, Ансыз да баттым кайгыга.
  • Сен келерсиң бир күнү, Аруу таңды аралап. Шүүдүрүмдөй карегиң, Ак чыныда карагат. Сен келерсиң бир күнү, Нур жүзүңдөн чачырап. Айдыңыңдан көзүңдүн, Баратамын магдырап. Шамалына жытыңдын, Азгырылам артыла. Карааныңа атыңдын, Баргым келет батыраак. Кайдан, качан белгисиз, Сен келерсиң бир күнү. Сен келерсиң бир күнү, Ызгаарымдын жолунда. Илебиңдин кайтпаган, Жылынайын отуңа. Сен келерсиң бир күнү, Адаштырып акылдан. Араң турган жаным, ай, Ала качып закымдап
  • Күйдүм, күйдүм, күйдүм чок, Күйдүм десем түтүн жок. Жүрөгүмдүн башында, Жүгөрүдөй бүтүн жок. Кан жайлоо деген бийик бел, Ошого кар жааса согот муздак жел. Кайырма эле жакаң, кара көз, Кадыр билсең өзүң кел. Ак теректей бүрдөнүп, Жүрөсүң сен ак жоолук салып түрлөнүп. Айласын таап жете албай, Мен жүрөм адашкан тайлак өңдөнүп.
  • Кериле басып акырын, Келишкен мүчөң, асылым, Кер маралдай басыгың. Ак куудай мүчөң келишкен, Айдайым, сулуу периштем, Ай-ааламдан сени издейм. Булактай ага бер, Кылыгың болсун мага дем, Карындашым болуп эми кала бер. Булактай ага бер, Кылыгыңды мага бер, Карындашым болуп эми кала бер. Кайырма: Карындашым, карегиңден айланам, Карындашым, кирпигиңе байланам. Көзүңдөгү аруулукту арбаган, Өзүңдөгү сулуулукка таң калам. Кантейин эми, карындаш, Жан болбос сени сагынбас, Өткөн күнүм кайрылбас. Кылыктуу кызсың секелек, Кыялыңды жетелеп, Эркетайым, эселек. Булактай ага бер, Кылыгың болсун мага дем, Карындашым болуп эми кала бер. Булактай ага бер, Кылыгыңды мага бер, Карындашым болуп эми кала бер. Кайырма: