Казахские песни Узбекские песни

Песня «Куйдум чок»
исполнителя Султан Садыралиев.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Күйдүм, күйдүм, күйдүм чок,
Күйдүм десем түтүн жок.
Жүрөгүмдүн башында,
Жүгөрүдөй бүтүн жок.
Кан жайлоо деген бийик бел,
Ошого кар жааса согот муздак жел.
Кайырма эле жакаң, кара көз,
Кадыр билсең өзүң кел.
Ак теректей бүрдөнүп,
Жүрөсүң сен ак жоолук салып түрлөнүп.
Айласын таап жете албай,
Мен жүрөм адашкан тайлак өңдөнүп.

Другие песни исполнителя:

  • Саамайың сылап, Салкын жел жылат. Ансайын сүйүүм ашып турат, Күн чыкса күлүп, Жүзүңдөн сүйүп, Жүрөккө турат жарык тийип. Кайырма: Биз, эгиз жүрөк, бир болсок деп, Эңсеп жүрөк. Бирдей дайым максат тилеп. Бакыт тилеп, Бири-бирине болор тилек. Сен да мага, Мен да сага, Энчиленген эгиз жүрөк. Эрдиңден сүйө эзилип жүрөм, Ээрчишип дайым бирге жүрсөк. Айга да сени алмашпайм эми, Сен барда Алла болбойт кеби.
  • Бирде суук, бирде ысык, Өмүрүң учат сызып. Бул жашоо деги бизге, Эмнеси менен кызык? Өкүнбөгөн адам барбы? Кубансаң да арты кайгы. Бар байлыгың бул жашоодо, Ал артыңда туяк калды. Кайырма: Сүйүү оту жана берсин, Өзүңө окшош бала берсин. Сүйүшкөндөр түбөлүккө, Ушул бойдон кала берсин. Жетпесең тилегиңе, Жетпесең сүйгөнүңө. Бул жашоо деги бизге, Кереги бар эмне? Сүйүшпөгөн адам барбы? Сүйүп калган кандай жакшы? Үзүлбөгөн үмүт менен, Күтсөң ошол жашоо вальсын.
  • Кармашкан эки кол, Жанашкан эгиз жол. Ээрчишип бир жандай, Телегейиң тегиз бол. Сезимге дил болуп, Колдогон пир болуп. Аталып үй-бүлө, Максатыңар бир болуп. Кайырма: Ырыскы чача берсин, Калайык бата берсин. Сүйүүңөр түбөлүккө, Алоолоп жана берсин. Сен ага керексиң, Бактыга себепсиң. Алмашкыс эч качан, Баасыз алган белексиң. Жолуңар улансын, Сүйүүдөн куралсын. Небере жытына, Ата-энелер кубансын.
  • Кериле басып акырын, Келишкен мүчөң, асылым, Кер маралдай басыгың. Ак куудай мүчөң келишкен, Айдайым, сулуу периштем, Ай-ааламдан сени издейм. Булактай ага бер, Кылыгың болсун мага дем, Карындашым болуп эми кала бер. Булактай ага бер, Кылыгыңды мага бер, Карындашым болуп эми кала бер. Кайырма: Карындашым, карегиңден айланам, Карындашым, кирпигиңе байланам. Көзүңдөгү аруулукту арбаган, Өзүңдөгү сулуулукка таң калам. Кантейин эми, карындаш, Жан болбос сени сагынбас, Өткөн күнүм кайрылбас. Кылыктуу кызсың секелек, Кыялыңды жетелеп, Эркетайым, эселек. Булактай ага бер, Кылыгың болсун мага дем, Карындашым болуп эми кала бер. Булактай ага бер, Кылыгыңды мага бер, Карындашым болуп эми кала бер. Кайырма:
  • Сени ойлоп, эт жүрөгүм оттой жанды, Учкун болуп алоолонуп күйүп жатты. Сага жетпейм, көзүм жетет ошондуктан, Алаксысам башка менен унутамбы? Кайырма: Сен эмес кучагымда, башка бирөө, Сен деп соккон жүрөгүмдү ал ээлөөдө. Айла жок, ал кыз менен мен сүйлөшөм, Унутуш үчүн бир өзүңдү жүрөгүмдөн. Сен үчүн жаралган тунук сүйүүм, Өзүң менен өткөрбөдүм жаштык күнүм. Артыңдан издеймин мен азыр, бирок Мен үчүн сүйүүдөн да намыс күчтүү.