Казахские песни Узбекские песни

Песня «Эки жаш»
исполнителя Султан Садыралиев.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Кармашкан эки кол,
Жанашкан эгиз жол.
Ээрчишип бир жандай,
Телегейиң тегиз бол.
Сезимге дил болуп,
Колдогон пир болуп.
Аталып үй-бүлө,
Максатыңар бир болуп.
Кайырма:
Ырыскы чача берсин,
Калайык бата берсин.
Сүйүүңөр түбөлүккө,
Алоолоп жана берсин.
Сен ага керексиң,
Бактыга себепсиң.
Алмашкыс эч качан,
Баасыз алган белексиң.
Жолуңар улансын,
Сүйүүдөн куралсын.
Небере жытына,
Ата-энелер кубансын.

Другие песни исполнителя:

  • Менин сүйүүм деңиздей бир чалкыган, Чагылгандай чарк-чурк этип чагылган. Нөшөрлөгөн жамгыр сымал талыкпай, Сүйүүм сага алоолонуп жагылган. Кайырма: Менин сүйүүм, менин махабатым, Сага жетпей кыйналамын ар дайым. Менин сүйүүм, менин махабатым, Жүрөгүмдүн түбүндөсүң сен дайым. Менин сүйүүм сезбедиң го, жаным, ай, Кайда барсам ойлономун талыкпай. Оюмдан эч такыр кетпей койдуң сен, Жүрөгүмдүн түбүндөсүң сен дайым
  • Жүрөгүм, жүрөгүм өзүң деп соксо да, Кечиргин кайрылбайм жүрөгүм. Күн-түнү жаныңда, сүйчү деп жалына, Жүргөндөн түшүнчү, жүдөдүм. Эми кайрылбаймын, Сага жалынбаймын, сагынбаймын… Кайырма: Жылдыз жанып, нурун төгүп ааламга Жалгыз кана сени сүйгөм садага. Түбөлүктүү арман болду ошол кеч, Ак сүйүүмдү тебеледиң сезбей эч, Жүрөгүмдү жемеледиң сезбей эч… Сүйүүмдү арнасам, укпай четке каккан, Күндөрдү эстесем, сыздаймын. Билесиңби адам, бир көңүлү калса, Жүрөгү түбөлүк муздаарын?… Эми кайрылбаймын, Сага жалынбаймын, сагынбаймын…
  • Сени ойлоп, эт жүрөгүм оттой жанды, Учкун болуп алоолонуп күйүп жатты. Сага жетпейм, көзүм жетет ошондуктан, Алаксысам башка менен унутамбы? Кайырма: Сен эмес кучагымда, башка бирөө, Сен деп соккон жүрөгүмдү ал ээлөөдө. Айла жок, ал кыз менен мен сүйлөшөм, Унутуш үчүн бир өзүңдү жүрөгүмдөн. Сен үчүн жаралган тунук сүйүүм, Өзүң менен өткөрбөдүм жаштык күнүм. Артыңдан издеймин мен азыр, бирок Мен үчүн сүйүүдөн да намыс күчтүү.