Казахские песни Узбекские песни

Песня «Жүрөгүм»
исполнителя Султан Садыралиев.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Жүрөгүм, жүрөгүм өзүң деп соксо да,
Кечиргин кайрылбайм жүрөгүм.
Күн-түнү жаныңда, сүйчү деп жалына,
Жүргөндөн түшүнчү, жүдөдүм.
Эми кайрылбаймын,
Сага жалынбаймын, сагынбаймын…
Кайырма:
Жылдыз жанып, нурун төгүп ааламга
Жалгыз кана сени сүйгөм садага.
Түбөлүктүү арман болду ошол кеч,
Ак сүйүүмдү тебеледиң сезбей эч,
Жүрөгүмдү жемеледиң сезбей эч…
Сүйүүмдү арнасам, укпай четке каккан,
Күндөрдү эстесем, сыздаймын.
Билесиңби адам, бир көңүлү калса,
Жүрөгү түбөлүк муздаарын?…
Эми кайрылбаймын,
Сага жалынбаймын, сагынбаймын…

Другие песни исполнителя:

  • Күйдүм, күйдүм, күйдүм чок, Күйдүм десем түтүн жок. Жүрөгүмдүн башында, Жүгөрүдөй бүтүн жок. Кан жайлоо деген бийик бел, Ошого кар жааса согот муздак жел. Кайырма эле жакаң, кара көз, Кадыр билсең өзүң кел. Ак теректей бүрдөнүп, Жүрөсүң сен ак жоолук салып түрлөнүп. Айласын таап жете албай, Мен жүрөм адашкан тайлак өңдөнүп.
  • Конокко куш келипсиз, кудача кыз, Бийлеңиз, ырдасаңыз кубанабыз. Жарк эткен айдай болуп, күндөй болуп, Жылмайып коюңузчу, суранабыз. Ээ-эээй, ий-ии-ий-ий, аа-аай. Кудача кыз, биз менен качан болот тамашаңыз? Биз менен качан болот тамашаңыз? Байландым упузун, ай, чачыңызга, Укмуштай капкара экен кашыңыз да. Калбайбы көңүлүңүз биле албадым, Суктанып жакын барсам жаныңызга. Ээ-ээээй, ига-ига-ига, Кудача кыз, биз менен качан болот тамашаңыз? Биз менен качан болот тамашаңыз? Супсулуу кара көздүү кудача кыз, Сиз үчүн керек болсо кыр ашабыз. Көтөрсөк көкүрөктү кечиресиз, Жакшылап карап көрүп бааласаңыз. Ээ-эээээй, ии-ии-ии-ий, Кудача кыз, биз менен качан болот тамашаңыз? Биз менен качан болот тамашаңыз? Үйүңүз Ала-Тоонун этегинде, Коштошуп гул берейин кетериңде Узатсам кандай сонун болор эле, Беттен сүйүп үйүңүзгө жетеримде. Ээ-эээээй, ига-ига-ига-ига-ига, Кудача кыз, биз менен качан болот тамашаңыз? Биз менен качан болот тамашаңыз?
  • Күлкүң булак үнүндөй, шыңгыраган тунук-тунук, Сүйкүм үнсүз жылмайсаң сүйүү сунуп, Түркүн түскө боёлгон керемет көз карашыңды мен, Сүйгүм келет ансайын көңүлүмдү сага буруп. Кайырма: Жагымдуусуң, жазым, жаңырган, Жүзүң, ай, жаным, сенин албырган. Жүздөшкөндө жылуу жүрөк кандырган сен элең, Тамырымдасың ысып кайнаган. Табышмаксың жипсиз байлаган, Татынамсың гүлдөй жайнаган, берекем. Жетпей сенсиз бакыттын чокусуна кыйналамын, Кетпей сенин элесиң көз алдымдан. Сеппей сенсиз ак булут жамгырын аягансып келет, Эстей берип ансайын күнү-түнү сени сагынам. Ырым жалгыз сага, сага арналат түгөнбөгөн, Сырым сенин сандыгыңда сакталат. Дайым махабаттын бакчасында мас болуп, эркелеп, Кылым өтсө дагы жүрөгүм жалгыз сага аманат.
  • Сен келерсиң бир күнү, Аруу таңды аралап. Шүүдүрүмдөй карегиң, Ак чыныда карагат. Сен келерсиң бир күнү, Нур жүзүңдөн чачырап. Айдыңыңдан көзүңдүн, Баратамын магдырап. Шамалына жытыңдын, Азгырылам артыла. Карааныңа атыңдын, Баргым келет батыраак. Кайдан, качан белгисиз, Сен келерсиң бир күнү. Сен келерсиң бир күнү, Ызгаарымдын жолунда. Илебиңдин кайтпаган, Жылынайын отуңа. Сен келерсиң бир күнү, Адаштырып акылдан. Араң турган жаным, ай, Ала качып закымдап
  • Кыймыл менен сүйлөгөн, Кыргыз бийин үйрөнөм. Кызыталы өмүрдү, Кыз-жигиттер, бий менен. Кызыкты бул таппайсыӊ, Кыдырсаӊ да дүйнөдөн. Кайырма: Атпай кыргыз бийлесин, Аруулантып дүйнөсүн. Жеӊил болгун булуттай, Жерге бутуӊ тийбесин. Байкап турган адамдар, Бали, кыргыз бий десин! Куштай канат кагалы, Учпай кантип калалы. Бийге баарын чакырып, Бир кумардан каналы. Жаркын күнгө теӊелсин, Жаштыгыӊдын жамалы. Кайырма: Жүрөгүӊү тыбырат, Жүлүнүӊдү кыбырат. Дем кошулсун демиӊе, Дене боюӊ чымырап. Мелтиребей жарышкын, Мезгил менен зымырап. Кайырма: Эргүү мындай болобу, Эриккеним жоголду. Эриш-аркак бийлесек, Эл көӊүлү толорбу. Тоӊуп калган бир кезде, Толкуталы тоолорду. Жалпы кыргыз ырдасын, Жаратылыш тыӊдасын. Жаркылдаган жылдыз бий, Жашообузду нурдасын. Ырыс болуп кыргыз бий, Ынтымакты чыӊдасын.