Казахские песни Узбекские песни

Песня «Кыргыз бий»
исполнителя Султан Садыралиев.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Кыймыл менен сүйлөгөн,
Кыргыз бийин үйрөнөм.
Кызыталы өмүрдү,
Кыз-жигиттер, бий менен.
Кызыкты бул таппайсыӊ,
Кыдырсаӊ да дүйнөдөн.

Кайырма:
Атпай кыргыз бийлесин,
Аруулантып дүйнөсүн.
Жеӊил болгун булуттай,
Жерге бутуӊ тийбесин.
Байкап турган адамдар,
Бали, кыргыз бий десин!

Куштай канат кагалы,
Учпай кантип калалы.
Бийге баарын чакырып,
Бир кумардан каналы.
Жаркын күнгө теӊелсин,
Жаштыгыӊдын жамалы.

Кайырма:

Жүрөгүӊү тыбырат,
Жүлүнүӊдү кыбырат.
Дем кошулсун демиӊе,
Дене боюӊ чымырап.
Мелтиребей жарышкын,
Мезгил менен зымырап.

Кайырма:

Эргүү мындай болобу,
Эриккеним жоголду.
Эриш-аркак бийлесек,
Эл көӊүлү толорбу.
Тоӊуп калган бир кезде,
Толкуталы тоолорду.

Жалпы кыргыз ырдасын,
Жаратылыш тыӊдасын.
Жаркылдаган жылдыз бий,
Жашообузду нурдасын.
Ырыс болуп кыргыз бий,
Ынтымакты чыӊдасын.

Другие песни исполнителя:

  • Сени ойлоп, эт жүрөгүм оттой жанды, Учкун болуп алоолонуп күйүп жатты. Сага жетпейм, көзүм жетет ошондуктан, Алаксысам башка менен унутамбы? Кайырма: Сен эмес кучагымда, башка бирөө, Сен деп соккон жүрөгүмдү ал ээлөөдө. Айла жок, ал кыз менен мен сүйлөшөм, Унутуш үчүн бир өзүңдү жүрөгүмдөн. Сен үчүн жаралган тунук сүйүүм, Өзүң менен өткөрбөдүм жаштык күнүм. Артыңдан издеймин мен азыр, бирок Мен үчүн сүйүүдөн да намыс күчтүү.
  • Мен ушундай жөнөкөй жигит, Сендей кызга ашык болупмун. Көктөгү жылдызды, кашы кундузду, Жете албай мен арзуу кылыпмын. Кезиккенбиз ошондо бакта, Сен жылмайсаң мен да күлүпмүн. Жалган сүйүүлөр, жалган күлкүлөр. Сени сүйүп ката кылыпмын. Каталарда билинди баркым Сен билбедиң жан дүйнө дартын. Кадырым билбедиң, дартым сезбедиң, Сени сүйүп мен жаңылыпмын. Көздөрүм бар мага жарашкан, Мга бардык селки карашкан. Калды сүйүүлөр, калды күлкүлөр, Өкүнүчтүү жетпей калганым. Мен ушундай жөнөкөй жигит, Сендей кызга ашык болупмун. Көктөгү жылдызды, кашы кундузду, Жете албай мен арзуу кылыпмын.
  • Сөзү: К.Качкынбаеваныкы Обону: И.Абдыразаковдуку Тагдырыма таарынамын, Таба албастан ага айла багынамын. Асыл эркем, сагынамын, Айтчы, кайсы кадамымдан жаңылганмын? Адилетсиз ак сүйүүнүн арман кайгысы. Кайырма: А балким, бул тагдырымдын тайкысы, Анан кантем сенде жүрөк ачкычы? Болдум эми махабаттын жарчысы, Сүйүү тамчысы... Билесиң бул арманымды, Жалгыз гана ырга айланып калганымды. Ойлоп, ойлоп мен, сүйгөнүм, Өзүмдү өзүм сооротконду эми үйрөндүм. Адилетсиз ак сүйүүнүн арман кайгысы. Кайырма: А балким, бул тагдырымдын тайкысы, Анан кантем сенде жүрөк ачкычы? Болдум эми махабаттын жарчысы, Сүйүү тамчысы...
  • Кериле басып акырын, Келишкен мүчөң, асылым, Кер маралдай басыгың. Ак куудай мүчөң келишкен, Айдайым, сулуу периштем, Ай-ааламдан сени издейм. Булактай ага бер, Кылыгың болсун мага дем, Карындашым болуп эми кала бер. Булактай ага бер, Кылыгыңды мага бер, Карындашым болуп эми кала бер. Кайырма: Карындашым, карегиңден айланам, Карындашым, кирпигиңе байланам. Көзүңдөгү аруулукту арбаган, Өзүңдөгү сулуулукка таң калам. Кантейин эми, карындаш, Жан болбос сени сагынбас, Өткөн күнүм кайрылбас. Кылыктуу кызсың секелек, Кыялыңды жетелеп, Эркетайым, эселек. Булактай ага бер, Кылыгың болсун мага дем, Карындашым болуп эми кала бер. Булактай ага бер, Кылыгыңды мага бер, Карындашым болуп эми кала бер. Кайырма: