Казахские песни Узбекские песни

Песня «Жагымдуусун»
исполнителя Султан Садыралиев.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Күлкүң булак үнүндөй, шыңгыраган тунук-тунук,
Сүйкүм үнсүз жылмайсаң сүйүү сунуп,
Түркүн түскө боёлгон керемет көз карашыңды мен,
Сүйгүм келет ансайын көңүлүмдү сага буруп.

Кайырма:
Жагымдуусуң, жазым, жаңырган,
Жүзүң, ай, жаным, сенин албырган.
Жүздөшкөндө жылуу жүрөк кандырган сен элең,
Тамырымдасың ысып кайнаган.
Табышмаксың жипсиз байлаган,
Татынамсың гүлдөй жайнаган, берекем.

Жетпей сенсиз бакыттын чокусуна кыйналамын,
Кетпей сенин элесиң көз алдымдан.
Сеппей сенсиз ак булут жамгырын аягансып келет,
Эстей берип ансайын күнү-түнү сени сагынам.

Ырым жалгыз сага, сага арналат түгөнбөгөн,
Сырым сенин сандыгыңда сакталат.
Дайым махабаттын бакчасында мас болуп, эркелеп,
Кылым өтсө дагы жүрөгүм жалгыз сага аманат.

Другие песни исполнителя:

  • Кериле басып акырын, Келишкен мүчөң, асылым, Кер маралдай басыгың. Ак куудай мүчөң келишкен, Айдайым, сулуу периштем, Ай-ааламдан сени издейм. Булактай ага бер, Кылыгың болсун мага дем, Карындашым болуп эми кала бер. Булактай ага бер, Кылыгыңды мага бер, Карындашым болуп эми кала бер. Кайырма: Карындашым, карегиңден айланам, Карындашым, кирпигиңе байланам. Көзүңдөгү аруулукту арбаган, Өзүңдөгү сулуулукка таң калам. Кантейин эми, карындаш, Жан болбос сени сагынбас, Өткөн күнүм кайрылбас. Кылыктуу кызсың секелек, Кыялыңды жетелеп, Эркетайым, эселек. Булактай ага бер, Кылыгың болсун мага дем, Карындашым болуп эми кала бер. Булактай ага бер, Кылыгыңды мага бер, Карындашым болуп эми кала бер. Кайырма:
  • Бирде суук, бирде ысык, Өмүрүң учат сызып. Бул жашоо деги бизге, Эмнеси менен кызык? Өкүнбөгөн адам барбы? Кубансаң да арты кайгы. Бар байлыгың бул жашоодо, Ал артыңда туяк калды. Кайырма: Сүйүү оту жана берсин, Өзүңө окшош бала берсин. Сүйүшкөндөр түбөлүккө, Ушул бойдон кала берсин. Жетпесең тилегиңе, Жетпесең сүйгөнүңө. Бул жашоо деги бизге, Кереги бар эмне? Сүйүшпөгөн адам барбы? Сүйүп калган кандай жакшы? Үзүлбөгөн үмүт менен, Күтсөң ошол жашоо вальсын.
  • Менин сүйүүм деңиздей бир чалкыган, Чагылгандай чарк-чурк этип чагылган. Нөшөрлөгөн жамгыр сымал талыкпай, Сүйүүм сага алоолонуп жагылган. Кайырма: Менин сүйүүм, менин махабатым, Сага жетпей кыйналамын ар дайым. Менин сүйүүм, менин махабатым, Жүрөгүмдүн түбүндөсүң сен дайым. Менин сүйүүм сезбедиң го, жаным, ай, Кайда барсам ойлономун талыкпай. Оюмдан эч такыр кетпей койдуң сен, Жүрөгүмдүн түбүндөсүң сен дайым
  • Той, той, мына бүгүн той, той. Той, той, мына бүгүн той, той. Казан-казан эт кайнаар, казак досум май чайнаар, «Казак кызга үйленмесең, капа болом» деп чыгар. Түзүк, түзүк деп күлсөм, түркмөн досум деп жүрсөм, Түркмөн кызга мен үйлөнүп, түгөй болом деп жүрсөм. Кайырма: Ороо, ороо дан толсо, орус кызыман болсо, Орок оргон жубайым орус кызынан болсо. Уйгур достун лагманы — лагмандардын балбаны, Уйгур кызга үйлөнөйүн, үзүр-үзүр калганы. Кайырма: Дуңган досто сөз болбойт, жумуш десең жөн койбойт. Дуңган кызга үйлөнгөндөр өмүр бою кор болбойт. Кыр-кырына көз жетпейт, кырман толо сөз жетпейт, Кызыктырган дайыма кыргыз кызына жетпейт. Кайырма