Казахские песни Узбекские песни

Песня «Той ыры»
исполнителя Султан Садыралиев.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Той, той, мына бүгүн той, той.
Той, той, мына бүгүн той, той.
Казан-казан эт кайнаар, казак досум май чайнаар,
«Казак кызга үйленмесең, капа болом» деп чыгар.
Түзүк, түзүк деп күлсөм, түркмөн досум деп жүрсөм,
Түркмөн кызга мен үйлөнүп, түгөй болом деп жүрсөм.
Кайырма:
Ороо, ороо дан толсо, орус кызыман болсо,
Орок оргон жубайым орус кызынан болсо.
Уйгур достун лагманы — лагмандардын балбаны,
Уйгур кызга үйлөнөйүн, үзүр-үзүр калганы.
Кайырма:
Дуңган досто сөз болбойт, жумуш десең жөн койбойт.
Дуңган кызга үйлөнгөндөр өмүр бою кор болбойт.
Кыр-кырына көз жетпейт, кырман толо сөз жетпейт,
Кызыктырган дайыма кыргыз кызына жетпейт.
Кайырма

Другие песни исполнителя:

  • Ака деген созундон ананайын ай, кыйыгындан кылыктуу караганым ай. Чуну салып бир кезде жан дуйносуно, чубакты да сыздаткан кара жаным ай. Кайырма: Корунушун пахтадай козго тушкон тасмадай. Ай ииииииииии Туштук кызым ай суйкум жузун ай. Кантип турам, кантип турам, кантип турам ай. Жарык нуруум ай, аныксырыым ай. Айланайын колундан ыссык чыныдай. Ош кечиндей корктонгон жарык манайым, тун уйкумду торт болгон анык таалайым, Сулайман тоо сыяктуу, сырымды каткан Ак бурадай озуно агып барайын.
  • Сөзү: К.Качкынбаеваныкы Обону: И.Абдыразаковдуку Тагдырыма таарынамын, Таба албастан ага айла багынамын. Асыл эркем, сагынамын, Айтчы, кайсы кадамымдан жаңылганмын? Адилетсиз ак сүйүүнүн арман кайгысы. Кайырма: А балким, бул тагдырымдын тайкысы, Анан кантем сенде жүрөк ачкычы? Болдум эми махабаттын жарчысы, Сүйүү тамчысы... Билесиң бул арманымды, Жалгыз гана ырга айланып калганымды. Ойлоп, ойлоп мен, сүйгөнүм, Өзүмдү өзүм сооротконду эми үйрөндүм. Адилетсиз ак сүйүүнүн арман кайгысы. Кайырма: А балким, бул тагдырымдын тайкысы, Анан кантем сенде жүрөк ачкычы? Болдум эми махабаттын жарчысы, Сүйүү тамчысы...
  • Күлкүң булак үнүндөй, шыңгыраган тунук-тунук, Сүйкүм үнсүз жылмайсаң сүйүү сунуп, Түркүн түскө боёлгон керемет көз карашыңды мен, Сүйгүм келет ансайын көңүлүмдү сага буруп. Кайырма: Жагымдуусуң, жазым, жаңырган, Жүзүң, ай, жаным, сенин албырган. Жүздөшкөндө жылуу жүрөк кандырган сен элең, Тамырымдасың ысып кайнаган. Табышмаксың жипсиз байлаган, Татынамсың гүлдөй жайнаган, берекем. Жетпей сенсиз бакыттын чокусуна кыйналамын, Кетпей сенин элесиң көз алдымдан. Сеппей сенсиз ак булут жамгырын аягансып келет, Эстей берип ансайын күнү-түнү сени сагынам. Ырым жалгыз сага, сага арналат түгөнбөгөн, Сырым сенин сандыгыңда сакталат. Дайым махабаттын бакчасында мас болуп, эркелеп, Кылым өтсө дагы жүрөгүм жалгыз сага аманат.
  • Кармашкан эки кол, Жанашкан эгиз жол. Ээрчишип бир жандай, Телегейиң тегиз бол. Сезимге дил болуп, Колдогон пир болуп. Аталып үй-бүлө, Максатыңар бир болуп. Кайырма: Ырыскы чача берсин, Калайык бата берсин. Сүйүүңөр түбөлүккө, Алоолоп жана берсин. Сен ага керексиң, Бактыга себепсиң. Алмашкыс эч качан, Баасыз алган белексиң. Жолуңар улансын, Сүйүүдөн куралсын. Небере жытына, Ата-энелер кубансын.