Казахские песни Узбекские песни

Песня «Кудача кыз»
исполнителя Султан Садыралиев.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Конокко куш келипсиз, кудача кыз,
Бийлеңиз, ырдасаңыз кубанабыз.
Жарк эткен айдай болуп, күндөй болуп,
Жылмайып коюңузчу, суранабыз.
Ээ-эээй, ий-ии-ий-ий, аа-аай.
Кудача кыз, биз менен качан болот тамашаңыз?
Биз менен качан болот тамашаңыз?

Байландым упузун, ай, чачыңызга,
Укмуштай капкара экен кашыңыз да.
Калбайбы көңүлүңүз биле албадым,
Суктанып жакын барсам жаныңызга.
Ээ-ээээй, ига-ига-ига,
Кудача кыз, биз менен качан болот тамашаңыз?
Биз менен качан болот тамашаңыз?

Супсулуу кара көздүү кудача кыз,
Сиз үчүн керек болсо кыр ашабыз.
Көтөрсөк көкүрөктү кечиресиз,
Жакшылап карап көрүп бааласаңыз.
Ээ-эээээй, ии-ии-ии-ий,
Кудача кыз, биз менен качан болот тамашаңыз?
Биз менен качан болот тамашаңыз?

Үйүңүз Ала-Тоонун этегинде,
Коштошуп гул берейин кетериңде
Узатсам кандай сонун болор эле,
Беттен сүйүп үйүңүзгө жетеримде.
Ээ-эээээй, ига-ига-ига-ига-ига,
Кудача кыз, биз менен качан болот тамашаңыз?
Биз менен качан болот тамашаңыз?

Другие песни исполнителя:

  • Кериле басып акырын, Келишкен мүчөң, асылым, Кер маралдай басыгың. Ак куудай мүчөң келишкен, Айдайым, сулуу периштем, Ай-ааламдан сени издейм. Булактай ага бер, Кылыгың болсун мага дем, Карындашым болуп эми кала бер. Булактай ага бер, Кылыгыңды мага бер, Карындашым болуп эми кала бер. Кайырма: Карындашым, карегиңден айланам, Карындашым, кирпигиңе байланам. Көзүңдөгү аруулукту арбаган, Өзүңдөгү сулуулукка таң калам. Кантейин эми, карындаш, Жан болбос сени сагынбас, Өткөн күнүм кайрылбас. Кылыктуу кызсың секелек, Кыялыңды жетелеп, Эркетайым, эселек. Булактай ага бер, Кылыгың болсун мага дем, Карындашым болуп эми кала бер. Булактай ага бер, Кылыгыңды мага бер, Карындашым болуп эми кала бер. Кайырма:
  • Кармашкан эки кол, Жанашкан эгиз жол. Ээрчишип бир жандай, Телегейиң тегиз бол. Сезимге дил болуп, Колдогон пир болуп. Аталып үй-бүлө, Максатыңар бир болуп. Кайырма: Ырыскы чача берсин, Калайык бата берсин. Сүйүүңөр түбөлүккө, Алоолоп жана берсин. Сен ага керексиң, Бактыга себепсиң. Алмашкыс эч качан, Баасыз алган белексиң. Жолуңар улансын, Сүйүүдөн куралсын. Небере жытына, Ата-энелер кубансын.
  • Сени ойлоп, эт жүрөгүм оттой жанды, Учкун болуп алоолонуп күйүп жатты. Сага жетпейм, көзүм жетет ошондуктан, Алаксысам башка менен унутамбы? Кайырма: Сен эмес кучагымда, башка бирөө, Сен деп соккон жүрөгүмдү ал ээлөөдө. Айла жок, ал кыз менен мен сүйлөшөм, Унутуш үчүн бир өзүңдү жүрөгүмдөн. Сен үчүн жаралган тунук сүйүүм, Өзүң менен өткөрбөдүм жаштык күнүм. Артыңдан издеймин мен азыр, бирок Мен үчүн сүйүүдөн да намыс күчтүү.