Казахские песни Узбекские песни

Песня «Эгиз жүрөк»
исполнителя Султан Садыралиев.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Саамайың сылап,
Салкын жел жылат.
Ансайын сүйүүм ашып турат,
Күн чыкса күлүп,
Жүзүңдөн сүйүп,
Жүрөккө турат жарык тийип.

Кайырма:
Биз, эгиз жүрөк, бир болсок деп,
Эңсеп жүрөк.
Бирдей дайым максат тилеп.
Бакыт тилеп,
Бири-бирине болор тилек.
Сен да мага,
Мен да сага,
Энчиленген эгиз жүрөк.

Эрдиңден сүйө эзилип жүрөм,
Ээрчишип дайым бирге жүрсөк.
Айга да сени алмашпайм эми,
Сен барда Алла болбойт кеби.

Другие песни исполнителя:

  • Жүрөгүм, жүрөгүм өзүң деп соксо да, Кечиргин кайрылбайм жүрөгүм. Күн-түнү жаныңда, сүйчү деп жалына, Жүргөндөн түшүнчү, жүдөдүм. Эми кайрылбаймын, Сага жалынбаймын, сагынбаймын… Кайырма: Жылдыз жанып, нурун төгүп ааламга Жалгыз кана сени сүйгөм садага. Түбөлүктүү арман болду ошол кеч, Ак сүйүүмдү тебеледиң сезбей эч, Жүрөгүмдү жемеледиң сезбей эч… Сүйүүмдү арнасам, укпай четке каккан, Күндөрдү эстесем, сыздаймын. Билесиңби адам, бир көңүлү калса, Жүрөгү түбөлүк муздаарын?… Эми кайрылбаймын, Сага жалынбаймын, сагынбаймын…
  • Сен келерсиң бир күнү, Аруу таңды аралап. Шүүдүрүмдөй карегиң, Ак чыныда карагат. Сен келерсиң бир күнү, Нур жүзүңдөн чачырап. Айдыңыңдан көзүңдүн, Баратамын магдырап. Шамалына жытыңдын, Азгырылам артыла. Карааныңа атыңдын, Баргым келет батыраак. Кайдан, качан белгисиз, Сен келерсиң бир күнү. Сен келерсиң бир күнү, Ызгаарымдын жолунда. Илебиңдин кайтпаган, Жылынайын отуңа. Сен келерсиң бир күнү, Адаштырып акылдан. Араң турган жаным, ай, Ала качып закымдап
  • Кериле басып акырын, Келишкен мүчөң, асылым, Кер маралдай басыгың. Ак куудай мүчөң келишкен, Айдайым, сулуу периштем, Ай-ааламдан сени издейм. Булактай ага бер, Кылыгың болсун мага дем, Карындашым болуп эми кала бер. Булактай ага бер, Кылыгыңды мага бер, Карындашым болуп эми кала бер. Кайырма: Карындашым, карегиңден айланам, Карындашым, кирпигиңе байланам. Көзүңдөгү аруулукту арбаган, Өзүңдөгү сулуулукка таң калам. Кантейин эми, карындаш, Жан болбос сени сагынбас, Өткөн күнүм кайрылбас. Кылыктуу кызсың секелек, Кыялыңды жетелеп, Эркетайым, эселек. Булактай ага бер, Кылыгың болсун мага дем, Карындашым болуп эми кала бер. Булактай ага бер, Кылыгыңды мага бер, Карындашым болуп эми кала бер. Кайырма:
  • Жалбарып жаздан тилегем, Жазыгым жалгыз билем мен. Жан музам күүсүн толгойт, Жандаймын көзүм тойбой, Жазаңа даярмын мен. Кызганып кыялым бузба, Кызыгып куру сөз сузба. Кылымдан курап берем, Кыйраса улап берем, Кызылдын гүлүн терем. Кайырма: Аячы, суранам сенден, суранамын, Өз сүйүүмдү өзүмө кайрып берчи. Аячы мени, аячы, Өз сүйүүмдү өзүмө кайрып берчи. Ойлоном ойдун таңында, Ойгонсом деймин жаныңда. Оюнсуз сезимдерим, От алган кезим менин, Ой, тобо, оору жедим. Бактым деп сени тандадым, Байкабай башка калганын. Баркына жетеличи, Байланып кетеличи, Багынып эртелечи.