Казахские песни Узбекские песни

Песня «Кош Айтам сага»
исполнителя Султан Садыралиев.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Кантем ай, кете бердиң кайрылбай,
Ак сүйүүмдү койдуң баалабай.
Сүйкөнбө сүйбөгөнгө деген бар,
Кош болгунуң анда, жаным ай.

Кайырма:
Кош айтам сага, суранамын, жолукпа мага,
Айыгарда сезимде жарам.
Алсырап турам, канжары жок кансырап турам,
Жообу жок сүйүүдөн улам.

Эгиздеп жүргөн сага жүрөгүм,
Алдаганың эстеп жүдөймүн.
Убакыт айыктыраар мени да,
Сенсиз деле өмүр сүрөмүн.

Другие песни исполнителя:

  • Күлкүң булак үнүндөй, шыңгыраган тунук-тунук, Сүйкүм үнсүз жылмайсаң сүйүү сунуп, Түркүн түскө боёлгон керемет көз карашыңды мен, Сүйгүм келет ансайын көңүлүмдү сага буруп. Кайырма: Жагымдуусуң, жазым, жаңырган, Жүзүң, ай, жаным, сенин албырган. Жүздөшкөндө жылуу жүрөк кандырган сен элең, Тамырымдасың ысып кайнаган. Табышмаксың жипсиз байлаган, Татынамсың гүлдөй жайнаган, берекем. Жетпей сенсиз бакыттын чокусуна кыйналамын, Кетпей сенин элесиң көз алдымдан. Сеппей сенсиз ак булут жамгырын аягансып келет, Эстей берип ансайын күнү-түнү сени сагынам. Ырым жалгыз сага, сага арналат түгөнбөгөн, Сырым сенин сандыгыңда сакталат. Дайым махабаттын бакчасында мас болуп, эркелеп, Кылым өтсө дагы жүрөгүм жалгыз сага аманат.
  • Көрсөтпөй сени көлөкөдө бакканбы ата –энең? Көркөмүң сенин, көңүлдө күткөн бак беле? байкадың, баркың билбес билемин, Капилет кайырмагым илгеним. Түбөлүк түгөң кылам өзүңдү, Асыл эркем. Кайырма: Кызганам, кызгалдак, Кырчындай келбетиң. Кынарбас берметим кызыгам, Кызганам, кызылдан. Дарманым калбады кагылам, кызганам. Түртсөң да, күлсөң, Кайтпаймын мен жолумдан карындаш. Канатым каккан шумкармын кайрып алам карлыгач, Кабыл ал жүрөктөгү арзуумду. Ал мончок кара жанга карч урду, Аз убак аралыгы сен, менби? Сөзүм берем.
  • Менин сүйүүм деңиздей бир чалкыган, Чагылгандай чарк-чурк этип чагылган. Нөшөрлөгөн жамгыр сымал талыкпай, Сүйүүм сага алоолонуп жагылган. Кайырма: Менин сүйүүм, менин махабатым, Сага жетпей кыйналамын ар дайым. Менин сүйүүм, менин махабатым, Жүрөгүмдүн түбүндөсүң сен дайым. Менин сүйүүм сезбедиң го, жаным, ай, Кайда барсам ойлономун талыкпай. Оюмдан эч такыр кетпей койдуң сен, Жүрөгүмдүн түбүндөсүң сен дайым
  • Бул күндор да өтүп кетер, Кыйналган жандардын үнү жетер. Баркын билбей бул жашоонун, Жашадык заманда өзүм деген. Баркын билбей бул жашоонун, Жашадык заманда өзүм деген. Кайырма Бул сыноолор өтөт кетет, Жамандын артынан жакшы келет. Абалыңды сурап турган, Бул күндо адамга адам керек. Абалыңды сурап турган, Бул күндо адамга адам керек. Узак жолду улап келген, Ар бир таң өзгөчө кубат берген. Канча кыйын күн келсе да, Адамбыз баарына чыдап келген. Канча кыйын күн келсе да, Адамбыз баарына чыдап келген. Кайырма Күндон дагы суудан дагы, Эң кымбат адамга адам керек. Сабыр керек сынбай турган, Жакшы күн бар али улай турган. Жене алсын деп адамзатты, Сыноолорду кудай сунган. Жене алсын деп адамзатты, Сыноолорду аллах сунган. Кайырма Адам жөлөк курбусуна, Себепкер жаркыган турмушуна. Кыйын күндөр бирге өтөт, Таянып элдеги уул-кызына. Ынтымакта жеңе турган, Кайрат бер сабыр бер кыргызыма. Кайырма Адам деген көпүрө турмушуна, Адам деген жөлөк да курбусуна. Күч бар кезде биригип бир муштумга, Курсак экен көпүрө кыргызыма. Сен өлбөйсүң артыңда изин калса, Сен жашайсың тарыхта ишиң калса, Ташты талкан кыла бер сапарыңда, Темир кессең мокобос мизиң барда