Казахские песни Узбекские песни

Песня «Апакем»
исполнителя Айбек Касымов.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Текст песни не найден. Добавить?
Мы платим за добавление текста. Вам нужно авторизоваться, чтобы мы смогли вам заплатить
Отмена

Другие песни исполнителя:

  • Жамгыр майда майда болуп себелеп жатты, Жүрөгүмдү аруу сезим тебелеп атты. Автобустун арткы ордунда жанаша олтуруп, Кыялыма түркүн түркүн ой келди татты. Кайырма: Узун жолду кыскартыңыз, Ким болот атыңыз. Тартынчаактык кылып жатам, Сөзгө тартыңыз. Деген сөздү айталбастан уурдана карайм, Көзүм менен саамайыңды суктана тарайм. «Таанышалы ысымың ким карындашым» деп, Сезимимде ушул сөздү эчен кайталайм. Кайырма: Жүрөгүңдү ээлеген бекзадаң барбы? Жүдөп кеттим сүйлөй албай сөз чыкпай калды. Бул бакытың түбөлүгүң куттуу болсун деп, Угулгансыйт ак жамгырдын шыбыраганы.
  • Суу жаңыртып Ала-Тоонун жылгасын, Талаа тыңшап торгойлордун ырдашын. Жаз жадырап мен турамын сумсайып, Жазда неге келбей койдуң кымбатым. Жазда неге келбей койдуң кымбатым Жаркын гүлдө жасалгалап кыр башын, Жай чыгарып табигаттын сымбатын. Жер жапжашыл менин өңүм керсары, Жайда неге келбей койдуң кымбатым. Жайда неге келбей койдуң кымбатым Дарак тагып түркүм мөмө сыргасын, Суктандырды адамдардын кыйласың. Күтүп жүрсөм жүзүм камдап өзүңө, Күздө неге келбей койдуң кымбатым. Күздө неге келбей койдуң кымбатым Эки жүрөк бирин бири тындасын, Эзилишип элжирешип жыргасын. Керемет бар сенде кышты жай кылар, Келчи келчи кыш чилдеде кымбатым, Келчи келчи кыш чилдеде кымбатым Керемет бар сенде кышты жай кылар, Келчи келчи кыш чилдеде кымбатым, Келчи келчи кыш чилдеде кымбатым Келчи келчи кыш чилдеде кымбатым