Казахские песни Узбекские песни

Песня «Таарынба сен мага»
исполнителя Таалай Бектурганов.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Таарынба, садагам, таарынба,
Жалооруп сен мага кайгырба.
Жанаша сен басып ал менен,
Көңүлдү сен антип калтырба.
Башында сен жүрдүң каткырып,
Сүйөм деп сен мени жактырып.
Эгерде чын сүйсөң сен мени,
Эмне үчүн кетесиң калтырып?
Эгерде чын сүйсөң сен мени,
Кетесиң эмне үчүн калтырып?
Сен тиктеп менин, ай, көзүмө,
«Кечир» деп ыйладың өкүнө.
Ошондо сенин сөзүңдү угуп,
Калтырап кеттим мен буулугуп.
Себебин уктум мен акыры,
Ата-энең бербептир тагдырды.
Болтуруп сени башка менен,
Кайгыга мени, ай, калтырды.
Оо, турмуш, сен неге таш боорсуң?
Таш боорсуң, сен неге таш боорсуң?
Бирине-бирин, ай, сүйдүрүп,
Кайрадан эмне үчүн кошпойсуң?

Другие песни исполнителя:

  • Балбылдап жанган чырагым элен, Жанымдай коргон ынагым элен. Алыста журсом таштап сен кеттин. Ардагым менин туруксуз белен. Азыр да ойдо элесин турат, Сагыныч отун озуно бурат. Эстесем ошол кундорду, Козумдон жашым агат-куюлат. Андан бери кундор отту уланып, А мен болсо журом сени сагынып. Журогум сыздап кетет сени ойлосом, Унутпай эстей жургун мени дагын. Азыр да ойдо элесин турат, Сагыныч отун озуно бурат. Эстесем откон кундорду, Козумдон жашым агат-куюлат. Суйгонум мен тагдырга таарынбаймын, Суйбосон суйчу деп жалынбаймын. Кутомун куто берем махабатым, Суйгонмун суйчу белем сени дагын.
  • Издей берем тааныш уйдон Издей берем кочодон Караанынды мен жоготтумбу Тушумдогу тошогон -- Припев (2 раза) -- Эмне мынча суйом сени Эмне мынча сагынам Кучагында денем ысып Чачтарындан сылагам II Ойум сенде билсен деги Ырым сенде сайраган Сендеби дейм муроктору Кышта суусу кайнаган -- Припев (2 раза) -- III Кайдасын сен табаламбы Билесинби сен тилекти Адаштырдын бараламбы Уйкум келбей тун отту -- Припев (2 раза) -- IV Тушумдосун жузумдосун Багымдасын сен жайнаган Озумдосун козумдосун Канымдасын сен жанбаган
  • Тарбия бардыгына бирдей берет, Он бала болсун багат ата-эне. А бирок ошол ону биригишип, Багышпайт ата-энени эминеге. Кол созуп бир кездерде келе-келе, Келе бер, кармат мага өзүң жебе. Дегендер боор көтөрүп үй-жай күтсө, Унутат ата-энесин эминеге? Оокат таап адилеттүү эмгек менен, Адамдык сапатыңды тилеп келген. Ай ушул адам болуп кетсинчи деп, Ата-энең болчу өргө жетелеген. Көрүнүп эл көзүнө коройгондон, Бой болсо ак теректей соройгондо. Карабай атасына, энесине,энесине, Кай мерез басып кетет чоңойгондо. Турмуш оор жүз каталык кеткен күндө, Ойло дос, жаңылыштык кылып жүрбө. Билсеңер ата-эненин милдетинен, Кутула албайсың ар тирүү күндө. Туурдан учурганын унут койбой, Адамдык сапатыңды астиң ойло. Өзүң дөй ташбоордуку балдарыңдан, Көргөндө өкүнбө гүн ушуну ойлон.
  • Кыялбай бир өзүңдү, Алоолоп оттой жандым. Сагынба, баарын унут, Алтының болбой калдым. Кайырма: Канчалык күттүм күндө, Өрт болуп отко күйбө. Мени эми кызыктырбайт, Сен мени сүйгүн, сүйбө. Мен сени сагынбаймын, Сага арнап ыр жазбаймын. Сени ойлоп мен ар дайым, Өзүмдү кыйнабаймын Кайырма: Токтобой, тып-тып тамат, Көзүмөн жаштар улам. Акыркы коштошоордо, Мен сени кыйбай турам. Кайырма: Биз дагы жолугабыз, А бирок сендик болбойм. Жанымда жүрсөң дагы, Жүрөгүм муздак бойдон