Казахские песни Узбекские песни

Песня «О Жаным келчи»
исполнителя Таалай Бектурганов.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Текст песни не найден. Добавить?
Мы платим за добавление текста. Вам нужно авторизоваться, чтобы мы смогли вам заплатить
Отмена

Другие песни исполнителя:

  • Сөзү, обону Таалай Бектургановдуку Жүзүңдөн, ай, сулуу кыз, Боздотпочу, садага. Боздосом да жеткирбей, Бой саласың башкага. Кайырма: Ай, сулуу кыз, сулуу кыз, Күтөм сени, садага. Келесиңби, сулуу кыз? Кетесиңби башкага? Кыялың бир башкача, Кыйнайсың сен садага. Кыйналсам да жеткирбей, Кызыгасың башкага. Кайырма: Ай, сулуу кыз, сулуу кыз, Бери басчы жаныма. Сүйлөшөлү эргишип, Сүйүүм артып турганда.
  • Балбылдап жанган чырагым элең, Жанымдай көргөн ынагым элең, Алыста жүрсөм, таштап сен кеттиң, Ардагым менин туруксуз белең. Кайырма: Азыр да ойдо элесиң турат, Сагыныч отун өзүңө бурат, Эстесем өткөн күндөрдү, Көзүмөн жашым агат, куюлат. Андан бери күндөр өттү уланып, А мен болсо жүрөм сени сагынып, Жүрөгүм сыздап кетет сени ойлосом, Унутпай эстей жүргүн мени дагы. Кайырма: Сүйгөнүм, мен тагдырга таарынбаймын, Сүйбөсөң – сүйчү деп жалынбаймын, Күтөмүн, күтө берем махабатым, Сүйгөнмүн, сүйчү элем сени дагы.
  • Тарбия бардыгына бирдей берет, Он бала болсун багат ата-эне. А бирок ошол ону биригишип, Багышпайт ата-энени эминеге. Кол созуп бир кездерде келе-келе, Келе бер, кармат мага өзүң жебе. Дегендер боор көтөрүп үй-жай күтсө, Унутат ата-энесин эминеге? Оокат таап адилеттүү эмгек менен, Адамдык сапатыңды тилеп келген. Ай ушул адам болуп кетсинчи деп, Ата-энең болчу өргө жетелеген. Көрүнүп эл көзүнө коройгондон, Бой болсо ак теректей соройгондо. Карабай атасына, энесине,энесине, Кай мерез басып кетет чоңойгондо. Турмуш оор жүз каталык кеткен күндө, Ойло дос, жаңылыштык кылып жүрбө. Билсеңер ата-эненин милдетинен, Кутула албайсың ар тирүү күндө. Туурдан учурганын унут койбой, Адамдык сапатыңды астиң ойло. Өзүң дөй ташбоордуку балдарыңдан, Көргөндө өкүнбө гүн ушуну ойлон.
  • Уурдатып жатам кимге жаштыгымды? Улгайды сени көпкө көрбөй көзүм. Көөдөндү жарып чыккан үшкүрүккө, Окшото берчү болдум өзүмдү-өзүм. Кайырма: Мен үчүн сени сүйбөй коюу күнөө, “Бакыт” деп сени мага берген дүйнө. Сенсиз өткөн өмүр жалаң арман, Сенсиз өткөн күндөр баары жалган. Ордуңду толтура албай сыздайт күкүк, Муңканган күкүккө да убал керек. Мендеги сүйүү менен бул тагдырда, Бактысыз болууга мүмкүн эмес. Кайырма: Түгөнгүм келет менин күтүп жүрүп, Күтүүдөн кетти айлам күйүп-күйүп. Кагазды өрттөсөң да күл калат, Жүрөгүм күл калтырбай күйүп-жанат.
  • Кыялбай бир өзүңдү, Алоолоп оттой жандым. Сагынба, баарын унут, Алтының болбой калдым. Кайырма: Канчалык күттүм күндө, Өрт болуп отко күйбө. Мени эми кызыктырбайт, Сен мени сүйгүн, сүйбө. Мен сени сагынбаймын, Сага арнап ыр жазбаймын. Сени ойлоп мен ар дайым, Өзүмдү кыйнабаймын Кайырма: Токтобой, тып-тып тамат, Көзүмөн жаштар улам. Акыркы коштошоордо, Мен сени кыйбай турам. Кайырма: Биз дагы жолугабыз, А бирок сендик болбойм. Жанымда жүрсөң дагы, Жүрөгүм муздак бойдон