Казахские песни Узбекские песни

Песня «Махабатым арманым»
исполнителя Таалай Бектурганов.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Уурдатып жатам кимге жаштыгымды?
Улгайды сени көпкө көрбөй көзүм.
Көөдөндү жарып чыккан үшкүрүккө,
Окшото берчү болдум өзүмдү-өзүм.

Кайырма:

Мен үчүн сени сүйбөй коюу күнөө,
“Бакыт” деп сени мага берген дүйнө.
Сенсиз өткөн өмүр жалаң арман,
Сенсиз өткөн күндөр баары жалган.

Ордуңду толтура албай сыздайт күкүк,
Муңканган күкүккө да убал керек.
Мендеги сүйүү менен бул тагдырда,
Бактысыз болууга мүмкүн эмес.

Кайырма:

Түгөнгүм келет менин күтүп жүрүп,
Күтүүдөн кетти айлам күйүп-күйүп.
Кагазды өрттөсөң да күл калат,
Жүрөгүм күл калтырбай күйүп-жанат.

Другие песни исполнителя:

  • Сен тартынбай мага карачы, Колуң сунуп колум кармачы. Түбөлүктүү болуп мен менен, Көп кыйнабай менин санаамды. Кайырма: Мен суранам, сенден суранам, Сен кайрылсаң абдан кубанам. Колтукташып сен менен басып, Алкымыңдан ай мен жыттасам. Түшүнбөдүм сенин оюңа, Бере албадың каттын жообун да. Жүрсөң керек сен да сагынып, Ойго батып сарсанаага. Кайырма: Оо, менин сүйгөнүм, Назира, Жүрөгүмдө жалгыз сен гана. Кармашып колубуз дайыма, Калсакчы, садагам Назира
  • Балбылдап жанган чырагым элең, Жанымдай көргөн ынагым элең, Алыста жүрсөм, таштап сен кеттиң, Ардагым менин туруксуз белең. Кайырма: Азыр да ойдо элесиң турат, Сагыныч отун өзүңө бурат, Эстесем өткөн күндөрдү, Көзүмөн жашым агат, куюлат. Андан бери күндөр өттү уланып, А мен болсо жүрөм сени сагынып, Жүрөгүм сыздап кетет сени ойлосом, Унутпай эстей жүргүн мени дагы. Кайырма: Сүйгөнүм, мен тагдырга таарынбаймын, Сүйбөсөң – сүйчү деп жалынбаймын, Күтөмүн, күтө берем махабатым, Сүйгөнмүн, сүйчү элем сени дагы.
  • Сөзү, обону Таалай Бектургановдуку Жүзүңдөн, ай, сулуу кыз, Боздотпочу, садага. Боздосом да жеткирбей, Бой саласың башкага. Кайырма: Ай, сулуу кыз, сулуу кыз, Күтөм сени, садага. Келесиңби, сулуу кыз? Кетесиңби башкага? Кыялың бир башкача, Кыйнайсың сен садага. Кыйналсам да жеткирбей, Кызыгасың башкага. Кайырма: Ай, сулуу кыз, сулуу кыз, Бери басчы жаныма. Сүйлөшөлү эргишип, Сүйүүм артып турганда.
  • Таарынба, садагам, таарынба, Жалооруп сен мага кайгырба. Жанаша сен басып ал менен, Көңүлдү сен антип калтырба. Башында сен жүрдүң каткырып, Сүйөм деп сен мени жактырып. Эгерде чын сүйсөң сен мени, Эмне үчүн кетесиң калтырып? Эгерде чын сүйсөң сен мени, Кетесиң эмне үчүн калтырып? Сен тиктеп менин, ай, көзүмө, «Кечир» деп ыйладың өкүнө. Ошондо сенин сөзүңдү угуп, Калтырап кеттим мен буулугуп. Себебин уктум мен акыры, Ата-энең бербептир тагдырды. Болтуруп сени башка менен, Кайгыга мени, ай, калтырды. Оо, турмуш, сен неге таш боорсуң? Таш боорсуң, сен неге таш боорсуң? Бирине-бирин, ай, сүйдүрүп, Кайрадан эмне үчүн кошпойсуң?