Казахские песни Узбекские песни

Песня «Бактысыз сүйүү»
исполнителя Асель Касымова.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Жаз келген болсо да,
Көңүлгө толсо да жашыл айлана.
Жоксуң жанымда, жаздагы жамгырда.
Баш ийип тагдырга турамын күтүп,
Турамын ыйлап жамгырда жалгыз мен.
Кайырма:
Келбесиң билем, келбейсиң сен кайрадан,
Элесиң издейм агып өткөн дайрадан.
Бактысыз сүйүү калтырды го арманда,
Бактылуу күндү издеймин бул жалганда.
Күн тийип турса да,
Мээримин бурса да,
Жылыбай койдум.
Жоксуң жанымда,
Күздөгү нөшөрдө.
Ансайын өжөрлөп турамын күтүп,
Турамын ыйлап нөшөрдө жалгыз мен

Другие песни исполнителя:

  • Өзгөрүлдүм назданып, сүйүү келгенде, Өкүнбөймүн багынсам да, сендей жигитке. Канаты бар перидей, алыска сабалап, Кыялдарым жетелей, учам бийикке. Кайырма: Коркпоймун, тааныш болуштан, Коркпоймун, сүйүп калыштан. А бирок, жаным, жалгызым, Коркомун сенсиз жашаштан. Сенсиз жаным, сенсиз жаным… Кытыгылап сезимдер тирүү жандардай, Жолугууга шаштырып көнүп калгандай. Ушунчалык керемет, сүйүүнүн күчү, Жашообуздун маңызын ээлеп алгандай. Кайырма:
  • Тумандаган көздөрүмдүн алдында, Туура жол таба албаган Тулку боюм жалында. Туңгуюкта калгым келбейт камалып, Туйлатпай сууруп алчы мени жаныңа. Кайырма: Тамчы-тамчы себелеп, Тагдырыма кирем дейт. Жалбыраксыз калганбы, Жашыл бутагым. Кол чатырдын астында, Кол булгалап алыска, Калгым келет канат арышка. Тыбырашып тынчтыгымды таратты, Тыңшаган добуш сокпой Үнүм өчүп баратты. Куткарчы, кучагыңа аячы Кумарым укчу сенде өмүр аягы.
  • Жүрөгүм, жүрөгүм жаман эзилет, Сүйүүгө жан дүйнөм неге берилет? Бир өзүң деп жүрсөм да. Сагынып, саргайып күтүп жүргөнмүн, Өзүңдү, өзүңдү жаным, сүйөмүн, Бир өзүң, жүдөдүм. Сагынып, саргайып сен деп жүрсөм да, Өзүңдү, өзүңдү жаным, сүйсөм да, Сезбедиң, сезбедиң. Кайырма: Эркелеп, эркелеп сага барсамбы, Кучагың, кучагың мага жайсаңчы. Жан эркем, сүйүүнүн балын татсаңчы, Жүрөктүн кусасын жазсаңчы. Ойлонуп, ойлонуп ойго батамын, Көз алдымдан кетпейт сенин карааның, Жете албай сыздадым. Жүрөмүн азыр да сени сагынып, Билемин, келбесиң мага кайрылып, Ыйлаймын, сыздаймын. Жүрөмүн азыр да сени сагынып, Билемин, келбесиң мага кайрылып, Ыйлаймын, кыйналдым. Кайдасың, кайдасың менин жамалым? Өзүңдү, өзүңдү издеп таппадым. Асылым, ардагым сүйүүм сезбедиң, Келбедиң жалгызым, келбедиң. Сагынып, саргайып сен деп жүрсөм да, Өзүңдү, өзүңдү жаным, сүйсөм да, Сезбедиң, сезбедиң. Кайырма: