Казахские песни Узбекские песни

Асель Касымова.
 Слушать песни исполнителя и скачать онлайн

Асель Касымова

  • Жүрөгүм, жүрөгүм жаман эзилет, Сүйүүгө жан дүйнөм неге берилет? Бир өзүң деп жүрсөм да. Сагынып, саргайып күтүп жүргөнмүн, Өзүңдү, өзүңдү жаным, сүйөмүн, Бир өзүң, жүдөдүм. Сагынып, саргайып сен деп жүрсөм да, Өзүңдү, өзүңдү жаным, сүйсөм да, Сезбедиң, сезбедиң. Кайырма: Эркелеп, эркелеп сага барсамбы, Кучагың, кучагың мага жайсаңчы. Жан эркем, сүйүүнүн балын татсаңчы, Жүрөктүн кусасын жазсаңчы. Ойлонуп, ойлонуп ойго батамын, Көз алдымдан кетпейт сенин карааның, Жете албай сыздадым. Жүрөмүн азыр да сени сагынып, Билемин, келбесиң мага кайрылып, Ыйлаймын, сыздаймын. Жүрөмүн азыр да сени сагынып, Билемин, келбесиң мага кайрылып, Ыйлаймын, кыйналдым. Кайдасың, кайдасың менин жамалым? Өзүңдү, өзүңдү издеп таппадым. Асылым, ардагым сүйүүм сезбедиң, Келбедиң жалгызым, келбедиң. Сагынып, саргайып сен деп жүрсөм да, Өзүңдү, өзүңдү жаным, сүйсөм да, Сезбедиң, сезбедиң. Кайырма:
  • Сөзү, обону : Зарлык Камбаралиев Бакытындын илебин Жакынын деп билемин Коздорундон коруп турган баарын Айланаңа бир келип Калат экен иргелип Конулуно жакын туйгандарын Калат,жандап… Сага колун сунгандары Бирде кун бир тун эмес Бирде от,бир гул эмес Калыбы озгорбогон Ата-энен,ата-энен Бирде кун бир тун эмес Бирде от бир гул эмес Ата эне сыйлабоого Мумкун эмес,мумкун эмес Мунозу жок жасалган Сырын айтсан ката алган Сен дегенде оз жанында салып Бирде кетип,бир келип Калат экен иргелип Сага куйгон адамдардын саны
  • Сен сезимиң менен, оюмду ээлеп алдың. Мен жашырып келем, сүйүүп калдым. Көздөрүң айтат үмүт үзүп кетпе менден, Кетпе менден Сүйөрүмдү мен айта албайм, Кусалыктын азабын тарта албайм. Сырымды мен ката албайм, Көздөрүм менен гана кайталайм. Сен сүйүү издеген сезимге бүлүк салдың, Мен айта албай келем, күтүп калдым. Көзүмдөн байка, кусадар болуп турушат. Болуп турат. Сүйөрүмдү мен айта албайм, Кусалыктын азабын тарта албайм. Сырымды мен ката албайм, Көздөрүм менен гана кайталайм.
  • Тумандаган көздөрүмдүн алдында, Туура жол таба албаган Тулку боюм жалында. Туңгуюкта калгым келбейт камалып, Туйлатпай сууруп алчы мени жаныңа. Кайырма: Тамчы-тамчы себелеп, Тагдырыма кирем дейт. Жалбыраксыз калганбы, Жашыл бутагым. Кол чатырдын астында, Кол булгалап алыска, Калгым келет канат арышка. Тыбырашып тынчтыгымды таратты, Тыңшаган добуш сокпой Үнүм өчүп баратты. Куткарчы, кучагыңа аячы Кумарым укчу сенде өмүр аягы.
  • Сайрашат багында, Олтуруп шагында. Куштардын майрамы, Сыдырым жел жаздын таңында. Жарашат теребел, Жарышам мен дагы. Оболоп кайрыктар, Тизилип ырлар да сабына. Кайырма: Бийлеп берчи, мага, Ырдап ырлар сунам сага. Ырдап-бийлеп берели, Көңүл куунак себеби. Шаңдуу жаштык жылдары, Кыз кыялым, сырларым Тушай албай убакыт шарын Кандай, бала, бүт баары? Келчи, обон созуп ырдайлы, Жолобосун муң-кайгы. Текке кетти өмүр жылдары, Ойноп-күлүп жыргап, Обон созуп ырдайлы. Кылымдар кылдары, Укмуштай сырлары. Жаратат музыка, Жан дүйнөгө болуп бир даба, Оргуп чыгат баары, Обон да, ыр дагы, Мүрөк суу агылып, Куунак жашоо жыргалы мына.
  • Жаз келген болсо да, Көңүлгө толсо да жашыл айлана. Жоксуң жанымда, жаздагы жамгырда. Баш ийип тагдырга турамын күтүп, Турамын ыйлап жамгырда жалгыз мен. Кайырма: Келбесиң билем, келбейсиң сен кайрадан, Элесиң издейм агып өткөн дайрадан. Бактысыз сүйүү калтырды го арманда, Бактылуу күндү издеймин бул жалганда. Күн тийип турса да, Мээримин бурса да, Жылыбай койдум. Жоксуң жанымда, Күздөгү нөшөрдө. Ансайын өжөрлөп турамын күтүп, Турамын ыйлап нөшөрдө жалгыз мен
  • Өзгөрүлдүм назданып, сүйүү келгенде, Өкүнбөймүн багынсам да, сендей жигитке. Канаты бар перидей, алыска сабалап, Кыялдарым жетелей, учам бийикке. Кайырма: Коркпоймун, тааныш болуштан, Коркпоймун, сүйүп калыштан. А бирок, жаным, жалгызым, Коркомун сенсиз жашаштан. Сенсиз жаным, сенсиз жаным… Кытыгылап сезимдер тирүү жандардай, Жолугууга шаштырып көнүп калгандай. Ушунчалык керемет, сүйүүнүн күчү, Жашообуздун маңызын ээлеп алгандай. Кайырма:
  • Кыялда кылымдап издегем, Түйшүктүү түбү жок из менен. Капыстан жолуктук, сырдаштык, Жолубуз кайчы эмес, түз беле? Кайырма: Сен дагы мени издеп шаштыңбы? Түбү жок санаага баттыңбы? Шам болуп жагылчы, жыргалым, Чын эле мен сени таптымбы? Сүйлөсөң сүйүнө караймын, Салаалап чачымды тараймын. Күлмүңдөп көздөрүң от чачса, Кайра эле күлкүңдү самаймын. Кайырма: