Казахские песни Узбекские песни

Песня «Сен»
исполнителя Асель Касымова.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Сен сезимиң менен, оюмду ээлеп алдың.
Мен жашырып келем, сүйүүп калдым.
Көздөрүң айтат үмүт үзүп кетпе менден,
Кетпе менден
Сүйөрүмдү мен айта албайм,
Кусалыктын азабын тарта албайм.
Сырымды мен ката албайм,
Көздөрүм менен гана кайталайм.
Сен сүйүү издеген сезимге бүлүк салдың,
Мен айта албай келем, күтүп калдым.
Көзүмдөн байка, кусадар болуп турушат.
Болуп турат.
Сүйөрүмдү мен айта албайм,
Кусалыктын азабын тарта албайм.
Сырымды мен ката албайм,
Көздөрүм менен гана кайталайм.

Другие песни исполнителя:

  • Жүрөгүм, жүрөгүм жаман эзилет, Сүйүүгө жан дүйнөм неге берилет? Бир өзүң деп жүрсөм да. Сагынып, саргайып күтүп жүргөнмүн, Өзүңдү, өзүңдү жаным, сүйөмүн, Бир өзүң, жүдөдүм. Сагынып, саргайып сен деп жүрсөм да, Өзүңдү, өзүңдү жаным, сүйсөм да, Сезбедиң, сезбедиң. Кайырма: Эркелеп, эркелеп сага барсамбы, Кучагың, кучагың мага жайсаңчы. Жан эркем, сүйүүнүн балын татсаңчы, Жүрөктүн кусасын жазсаңчы. Ойлонуп, ойлонуп ойго батамын, Көз алдымдан кетпейт сенин карааның, Жете албай сыздадым. Жүрөмүн азыр да сени сагынып, Билемин, келбесиң мага кайрылып, Ыйлаймын, сыздаймын. Жүрөмүн азыр да сени сагынып, Билемин, келбесиң мага кайрылып, Ыйлаймын, кыйналдым. Кайдасың, кайдасың менин жамалым? Өзүңдү, өзүңдү издеп таппадым. Асылым, ардагым сүйүүм сезбедиң, Келбедиң жалгызым, келбедиң. Сагынып, саргайып сен деп жүрсөм да, Өзүңдү, өзүңдү жаным, сүйсөм да, Сезбедиң, сезбедиң. Кайырма:
  • Кыялда кылымдап издегем, Түйшүктүү түбү жок из менен. Капыстан жолуктук, сырдаштык, Жолубуз кайчы эмес, түз беле? Кайырма: Сен дагы мени издеп шаштыңбы? Түбү жок санаага баттыңбы? Шам болуп жагылчы, жыргалым, Чын эле мен сени таптымбы? Сүйлөсөң сүйүнө караймын, Салаалап чачымды тараймын. Күлмүңдөп көздөрүң от чачса, Кайра эле күлкүңдү самаймын. Кайырма:
  • Тумандаган көздөрүмдүн алдында, Туура жол таба албаган Тулку боюм жалында. Туңгуюкта калгым келбейт камалып, Туйлатпай сууруп алчы мени жаныңа. Кайырма: Тамчы-тамчы себелеп, Тагдырыма кирем дейт. Жалбыраксыз калганбы, Жашыл бутагым. Кол чатырдын астында, Кол булгалап алыска, Калгым келет канат арышка. Тыбырашып тынчтыгымды таратты, Тыңшаган добуш сокпой Үнүм өчүп баратты. Куткарчы, кучагыңа аячы Кумарым укчу сенде өмүр аягы.