Казахские песни Узбекские песни

Песня «Шириним»
исполнителя Аскат Мусабеков.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Кайгы-муң бул жашоонун,
Кайылмын бир сен үчүн бардыгына.
Жашайын моюн сунуп
Сезимдин махабаттын ыргагында.
Увазир жандооч болуп,
Жашайын бир өзүңдүн хандыгыңда.
Махабат ырын ырдап ,
Өтөйүн сенин гана жарлыгыңда.
Кайырма:
Шириним шириним ай,
Ширеңди тата албай
Шибердей курап барам
Ширенкедей тутана албай.
Ханышам ырымды укчу,
Өзүңө ырдан артык белегим жок.
Арнайын ушул ырды,
Алтындан белек кылчу себебим жок.
Канышам жөн ырдабайм,
Ырдабайм бир өзүңө себеби жок.
Анчалык сумсайбачы,
Сулууга мерездиктин кереги жок.
Кайырма:
Шириним шириним ай,
Ширеңди тата албай
Шибердей курап барам
Ширенкедей тутана албай.
Жомокко кирип жашап,
Ак жоодур көздөрүңдү уурдап карап.
Жамалым карап койчу,
Жалооруп жалгыздыктан тарттым азап.
Увазир болуп сага,
Уурданып тиктей берем кайра-кайра.
Жамалым карап койчу,
Билмексен болуп мени калп кыйнаба.
Кайырма:

Другие песни исполнителя:

  • Жүздөр кызарып, буттар тушалып, Бирге да баспасам бийлеп кусалык. Күлкүм жоголот күндөр узарып, Жүзүң көргөндө жүрөк лакылдап, мезгил закымдап. Жаркын керемет ойду терметет, Келчи жакындап. Ойлор жадатты, күндү санатты, Кантип унутам ушул адатты. Берди көңүлгө сүйүү канатты, Санаа түмөндөп, түндө уктабайм жылдыз түгөлдөп. Сүйүү сырлары, сүйүү ырлары Кантип түгөнмөк.
  • Билет элең жүрөк туйласа, Кымыздыктай болуп куураарым. Байкамаксан болосуң неге? Карап койчу сенден сураарым. Сөзгө сөздү араң уладым, Оо, Жами… Сага арнап төрт сап курадым, Ой, Жами… Угуп койчу махабат ырды, Сен үчүн деп ырдап турамын. Кайырма: Даңгыр жолдо араба айдап, оо, Жами, Жүрөк козгоп ырдап берейин, оо, Жами. Саманчынын жолун көрсөтүп, оо, Жами, Даниярың болоюн сенин, Болоюн сенин… Билемин мен уулуңду дагы, Колуңдагы шакегиң барын. Байкамаксан болосуң неге? Карап койчу мага бир, жаным. Эбептен мен себеп табамын, Бир күнү үйүңө мен кирип барамын. Ой, Жами… Жүрөктөгү болгон сырымды, Көздү жумуп айтып саламын.