Казахские песни Узбекские песни

Песня «Нестан — Дарежан»
исполнителя Аскат Мусабеков.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Кечип таштап данктан, атактан,
Келечегин издеп бараткан.
Кайгылуу шер дүйнө кыдырат,
Кайдасың сен, Нестан-Дарежан.
Кайырма:
Ак сүйүүнүн дайрасын кечип,
Азап-кайгы жүрөктү эзип.
Алоолонуп күйүп баратам,
Ал ансайын сүйүп баратам.
Аялзаттан башкача сезип…
Тоскоол мага боло албаган
Тонгон муздуу, ызгаар Бадахшан:
Тоону тешип өтөм сен үчүн,
Тосуп чыкчы, Нестан-Дарежан.
Кайырма:
Махабаттын дайрасын кечип,
Кумарланып жүрөктү эзип,
Алоолонуп күйүп баратам,
Ал ансайын сүйүп баратам.
Аялзаттан башкача сезип…
Күнү-түнү чыкпай санаамдан,
Күйгөн шамсың мен деп жаралган.
Күйүт мени мыжып жатса да,
Күдөр үзбөйм, Нестан-Дарежан.
Кайырма:

Другие песни исполнителя:

  • Бийиктен түшкөн мөлтүр суу, Берметтей күнгө жалтырап. Сездирип салкын илебин, Аскага тийип жанчылат. Манаттай күйүп кыр жапкан, Жел өпсө тоонун гүлүнөн. Капчыгай өңдүү күүлдөп, Алдастайт менин дүнүйөм. Алыста жүргөн жан курбум, Жарыма окшоп өзүмдүн. Көзүмдөн учуп карааның, Өрүктөй болуп эзилдим. Көргөзбөй коюп таптакыр, Жетүүгө мага туш кылбай. Көкүрөк санаа, көңүлдөр, Камоодо калган туткундай. Жарыгы болгон мезгилдин, Жарымы күн да, жарымы ай. Тагдырдан күтсөм неликтен? Таптырбай кеттиң, жаным, ай. Кыйчалыш жолдун айынан, Калсам да мезгил өткөрүп. Өзүңө бирөө көз салса, Өрттөнүп кетем, өрттөнүп. Шуулдап күмүш бариктер, Жел жүрсө муздак сыдырым. “Сагындым сизди, агай”,- деп, Жалооруп чыкты шыбырың. Көңүлгө түшүп көп санаа, Көзүмдүн жашын кулатып. Колдоруң булгап канаттай, Карааның турду узатып. Кең дүйнө болуп керемет, Кебимдин таппай кыябын. Калкылдап барам кайдадыр, Каркыра болуп кыялым. Калкылдап барам кайдадыр, Каркыра болуп кыялым.
  • Аралап шаар ичин басып жүргөн, Андагы ак буурул түн эсиңдеби? Ойгонуп уйкусунан жымыңдашкан, Оттору Фрунзенин кечиндеги. Убакыт суудай акты, унутпадым, Ачылган аппак гүлдөй күлгөнүңдү. Ал түндү айта бердим жетине албай, Калтырбай бул дүйнөгө билгенимди. Үн катпай мени тиктеп бак-дарактар Жүрөктө сагынчыма карашкансып Негедир канаттуулар учуп өтсө Сезилет сени көздөй бараткансып Эстеймин элесиңди көзүмдү талбай, Азыр мен амалым жок алыс жакта… Түшүмдө күндө сени жолуктурам, Ырахмат миң мертебе махабатка.
  • Балабыз да, анда балабыз, Көч-көч ойноп көлгө барабыз. Бир муштумдап бизди башкарган, Сен атаман, сенсиң кара кыз. Кайырма: Кара кыз, ай, айтчы, кара кыз, Ал күндөрдү кайдан табабыз? Балалыкты абдан сагындым, Жүрчү кайра көлгө барабыз. Ойноокпуз да, анда ойноокпуз, Келин алмай оюн ойноппуз. Сен төрөйсүң, ата болсом да, Баёолук, ай, бир өөп койбопмун. Кайырма: Кара кызым, сени сагынам, Агардыңбы азыр багыңдан? Эстейм сени күзгүнү карап, Бетимдеги салган тагыңан. Кайырма:
  • Бир мезгил жолуктуруп өзүң менен, Бирок да жолдорубуз бөлөк экен. Жамгырда бирге болгон жаштык кезди, Жоготпой сезимиме сактап келем. Кайырма: Табийгат жашып турат неге тынбай? Төгүлөт Түгөлбайдын жамгырындай. Арзууну жүрөктөгү эзген менен, Ааламга жар саламын ырдай, ырдай. Жамгырда чогуу басып атырган таң, Түбөлүк чыкпай келет акылымдан. Азыр да жамгыр төксө нөшөрлөтүп, Тасмадай мезгил өтөт көз алдымдан. Кайырма: Окшотуп добушуңду сенин күлкүң, Шыбыртың кулагыма бекем түйдүм. Жамгырдан сени бөлүп карай албай, Жалындап экөөңдү тең бирдей сүйдүм. Кайырма: