Казахские песни Узбекские песни

Песня «студенттик кундор»
исполнителя Кубаныч Сатаев.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Ай жылдарга сайып саймасын,
Ачкан мага турмуш пардасын.
Сүйүү, сынак, күлкү жыттанган,
Студенттик күндөр кайдасың?
Бүркүт сымал кагып канатты,
Бизге коюп катуу талапты.
Мен сагындым абдан берилип,
Мугалимдер өткөн сабакты.
Кайырма:
Ай жылдарга сайып саймасын,
Ачкан мага турмуш пардасын.
Сүйүү, сынак, күлкү жыттанган,
Студенттик күндөр кайдасың?
Билим издеп келип алыстан,
Бактым менен беш жыл жарышкам.
Далай кызды сүйгөм ошондо,
Дептер берип, китеп алышкан.
Кайырма:
Өзгөрүлүп жылдар жаңырды,
Өмүр сүрдүм кызык, жалындуу.
Сонундар көп, бирок баарынан,
Студенттик жашоо жагымдуу.
Студенттик күндөр жагымдуу.

Другие песни исполнителя:

  • Эне тилсиз эр болбойт, Эр сүйбөгөн жер болбойт. Эне тилин билбеген, Эч нерседен тең болбойт. Элин-жерин сыйлаган, Эч нерседен кем болбойт. Кайырма: Дилим, дитим кыргызым, Кыргыз – күйгөн жылдызым. Дүңгүрөткөн дүйнөнү, Эне тилин туу кылган, Кыргыз уулу Чыңгызым. Өскүн-өнгүн, элим-жерим, Менин кыргызым, кыргызым ай, Жылдызым… Ар улуттун ар дайым, Эне тили апасы. Эне тилде берилет, Ар бир элдин батасы. Эне тилин билбеске, Элдин тийсин жазасы.
  • Жаңы эле даамын татаарда, Бир келген сүйүү бактысын. Кабарың, дайның билинбей, Кай жакка (ай) кеттиң, ак кушум. Кайырма: Ак кушум ай, ак кызым, Бирге жүрчү гүлүңдөй. Кайда жүрөсүңбелгисиз? Кабар, дайыныңбилинбей? Билинбей, билинбей, Бирге жүрчү гүлүңдөй. Кайда жүрөсүңак кушум, Күтөм дале түңүлбөй. А балким менден жакшыраак, Бактыңа бирөө туш болуп. Кондуңбу анын шагына, Койкойгон аппак куш болуп. Кайырма. Ар түркүн ойлор жаралып, Чыга албай койдум соңуна. Белгисиз учуп кеттиңсен, Бактыңа, же бир шоруңа.
  • Сен мени салдың жаным неге кайгыга? Мен сенден калдым минтип айрыла. Бирге жүрүп жок болдуң, ичте күйгөн чок болдуң, Кайда кеттиң капырай, эс учумдан тандыра ай… Кайырма: А күйдүм, а күйдүм ай, Неге эле сени сүйдүм ай? Сүйдүм, сүйдүм, сүйдүм ай, Неге эле сен деп жүрдүм ай? Жүронүң эле элден такыр башкача, Күлгөнүң тунук эле таптаза. Эңсебеске арга жок, эңсегенде пайда жок, Эмне кылам капырай, сыртым жалын ичим чок. Кайырма: Сен мени салдың жаным неге кайгыга? Мен сенден калдым минтип айрыла. Бирге жүрүп жок болдуң, ичте күйгөн чок болдуң, Кайда кеттиң капырай, эс учумдан тандыра ай…