Казахские песни Узбекские песни

Кубаныч Сатаев.
 Слушать песни исполнителя и скачать онлайн

Исполнители

Добавить
Все киргизские исполнители

Кубаныч Сатаев

  • Жаңы эле даамын татаарда, Бир келген сүйүү бактысын. Кабарың, дайның билинбей, Кай жакка (ай) кеттиң, ак кушум. Кайырма: Ак кушум ай, ак кызым, Бирге жүрчү гүлүңдөй. Кайда жүрөсүңбелгисиз? Кабар, дайыныңбилинбей? Билинбей, билинбей, Бирге жүрчү гүлүңдөй. Кайда жүрөсүңак кушум, Күтөм дале түңүлбөй. А балким менден жакшыраак, Бактыңа бирөө туш болуп. Кондуңбу анын шагына, Койкойгон аппак куш болуп. Кайырма. Ар түркүн ойлор жаралып, Чыга албай койдум соңуна. Белгисиз учуп кеттиңсен, Бактыңа, же бир шоруңа.
  • Сен мени салдың жаным неге кайгыга? Мен сенден калдым минтип айрыла. Бирге жүрүп жок болдуң, ичте күйгөн чок болдуң, Кайда кеттиң капырай, эс учумдан тандыра ай… Кайырма: А күйдүм, а күйдүм ай, Неге эле сени сүйдүм ай? Сүйдүм, сүйдүм, сүйдүм ай, Неге эле сен деп жүрдүм ай? Жүронүң эле элден такыр башкача, Күлгөнүң тунук эле таптаза. Эңсебеске арга жок, эңсегенде пайда жок, Эмне кылам капырай, сыртым жалын ичим чок. Кайырма: Сен мени салдың жаным неге кайгыга? Мен сенден калдым минтип айрыла. Бирге жүрүп жок болдуң, ичте күйгөн чок болдуң, Кайда кеттиң капырай, эс учумдан тандыра ай…
  • Мөлтүрөгөн тунук булак шылдырап, Назик желге жазгы жамгыр тыбырап. Махабаттын өлбөс күүсүн терметип, Тээ алыстан торгой үнү угулат, угулат. Кайырма: Эй, кыздар, эй, кыздар, эй, кыздар, Келбейлиби бак аралап бир басып, Көңүлдөгү айтылбаган сырларды, Чечпейлиби бирге олтуруп, сырдашып. Эй, кыздар, эй, кыздар, эй, кыздар, Жүрбөйлүбү айлуу түндө бир басып. Жымыңдашкан жылдыздардын алдында, Кол кармашып сүйүү ырын, Кол кармашып жаштык ырын, Шаттык ырын ырдашып. Кеч да кирди, көктө жылдыз жымыңдап, Ай баратат сүйүү ырына ыр улап. Ээнсиреген бак дарактар арасы, Кыз-жигиттер келсе экен деп шыбырайт.
  • Эне тилсиз эр болбойт, Эр сүйбөгөн жер болбойт. Эне тилин билбеген, Эч нерседен тең болбойт. Элин-жерин сыйлаган, Эч нерседен кем болбойт. Кайырма: Дилим, дитим кыргызым, Кыргыз – күйгөн жылдызым. Дүңгүрөткөн дүйнөнү, Эне тилин туу кылган, Кыргыз уулу Чыңгызым. Өскүн-өнгүн, элим-жерим, Менин кыргызым, кыргызым ай, Жылдызым… Ар улуттун ар дайым, Эне тили апасы. Эне тилде берилет, Ар бир элдин батасы. Эне тилин билбеске, Элдин тийсин жазасы.
  • Тунжурап бул жашоодон тажаганда, Өзүңдөн мээрим күтөм, келесиңби? Көп кыздар айланамда жайнаса да, Баары бир сени күтөм, билесиңби? Арман күчөп… Кайырма: Ыйлап, ыйлап, көз жашым соолуп барат, Сага деген үмүтүм өчпөй жанат. Ай алмашып, жылдарым жылып барат, Сага деген үмүтүм өчпөй жанат. Жашоомдо жакшы күнгө кабылсаң да, Баары бир бөксөм толбойт, билесиңби? Кыялдан неге кетпейт жалжал көзүң? Жалганда бир арманым жалгыз өзүң, Жалгыз өзүң. Кайырма: Ыйлап, ыйлап, көз жашым соолуп барат, Сага деген үмүтүм өчпөй жанат. Ай алмашып, жылдарым жылып барат, Сага деген үмүтүм өчпөй жанат.
  • Жадыраган жазым сен элең, Жандай көрүп сүйөм дечү элең. Жаркыраган айдай периштем, Түбөлүктүү бактым сен элең. Кайырма: Сүйүүм менден узап кетерин, Бир жүргөндө баркың сезбедим. Сүрөтүңө карап отуруп, Ойноп-күлгөн күндү мен эстедим. Кара көздүү сулуу кыз элең, Сүйүүм менин калпыс түш белең? Табыштырган жазгы сүйүүбүз, Күздө кетер келгин куш беле? Кайырма: Сүйүүм менден узап кетерин, Бир жүргөндө баркың сезбедим. Сүрөтүңө карап отуруп, Ойноп-күлгөн күндү мен эстедим. Ошол күндөр өттү билинбей, Эрте соолгон жаздын гүлүндөй. Бакыт тилеп сага аргасыз, Жашап келем бирок түңүлбөй. Кайырма: Сүйүүм менден узап кетерин, Бир жүргөндө баркың сезбедим. Сүрөтүңө карап отуруп, Ойноп-күлгөн күндү мен эстедим.
  • Жадыраган жазда, жазда, Куштар сайрап, гүл жайнап. Козгоп сүйүү сезимди, Гүл аңкыган алма бак. Кайырма: Жазда жаркын үмүттөр, Жазда ынак сүйүүлөр. Жазда сүйүүм келчи, Жарпым жазып берчи. Келесиңби деги, Кейитпечи мени. Жадыраган жазда, жазда, Күтөм сени сагынып. Келбей койдуң неге сен, Кеттиң беле таарынып? Кайырма: Кечирип кой, кара көз, Калсам бир ооз жаңылып. Жазда сүйүүм келчи, Жарпым жазып берчи. Келесчиңби деги, Кейитпечи мени.
  • Көздөрүңдөн кагылайын, Балбылдаган, жайнаган, Кош деп мага кол сунбачы, садагам. Кош дегенде кол бере албай, Сени сүйүп кайрадан, кызганып, суктанып, Айтчы, жаным, бир сен үчүн эмне болуп баратам? Кайырма: Жашоо, өмүр, сүйүү деген, Татаал нерсе турбайбы, Жаштыгымда билбептирмин мындайды. Жаралган соң бул дүйнөгө, Бир жолу, ай, бир жолу, Жараткан, ай, сүйгөнүңө жете турган кылбайбы. Көп оролдум, көп сыладым, Сенин кундуз чачыңды. Жүрөгүмө далай ийдиң башыңды. Ойлогон ой ишке ашпай, Турмуш кыстап, жеңгенде, Арга жок, айла жок, кошула албайм, Төккөн менен көздөн аккан жашымды.
  • Бишкегим – борбор калам, Алтын уям – Бишкегим. Сенде окуп, сенде жашап, иштедим, Сенде окуп, сенде жашап. Мезгил учуп жалындаган курактан, Элес болуп калды сенде издерим. Кайырма: Бирге өстүк, бирге ойнодук, Жаштык кездин баркын бирок билбедик. Табышмактуу келечекке, Бирге кол сунуп, Биз Бишкектен бакыт издедик. Бакыт издеп алыс жакка барбадым, Бакыт кушун бир өзүңдөн кармадым. Канчалаган кооз шаарлар көрсөм да, Теңдештирбей Бишкегимди тандадым. Кайырма: Чогуу басып бульварында, Чоң сүйүүдөн үмүттөрдү үзбөдүк. Балдарындай эркелетип, Баарын батырган, Биз Бишкектен бакыт издедик. Бирге өстүк, бирге ойнодук, Кырчын кездин баркын бирок билбедик. Табышмактуу келечекке, Бирге кол сунуп, Биз Бишкектен бакыт издедик. Балдарындай эркелетип, Баарын батырган, Биз Бишкектен бакыт издедик.
  • Тоо гүлүнө окшогон ой кыздар ай Тоону да козгогон ой кыздар ай Дартым айтып күнүгө даай албай үйүнө Далайларды боздоткон ой кыздар ай Ой кантип кантип ой кыздар ай Жалт карасам иймелген ой кыздар ай Жанымды өрттөп жиберген ой кыздар ай Шамалы жок жаз болуп шарабы жок мас болуп Кайып кармайм силерден ой кыздар ай Ырахат көркү куракта ой кыздар ай Ыр жаңырсын бул убакта ой кыздар ай Баарыңарды сүйсөм да Баарыңар деп жүрсөм да Сүйгөнүм бар үй жакта ой кыздар Ой кантейин кантейин ай кыздар ай
  • Төрөлгөндө үйүбүзду шаң кылган, Мээрим отун жандырган. Бажырайган жүзүңө, бал татыган тилиңе, Болупкетем жан курман, Болом дайым жан курман. Кайырма: Тай, тай, тай, тай, тай бөбөк, Таң чолпондой жан бөбөк. Эртең эле чоңоюп, Эр жигит бол торолуп, Эл батасын ал бөбөк, Иий… Тай, тай, тай бөбөк. Эрмегимсиң эркетайым, кичинем, Эзилемин ичимен. Көздөрүңдү көрсөм деп, Белек алып берсем деп, Шашып барам ишимден. Шашып барам ишимден. Кайырма: Жарымысың күйүп турган жанымдын, Жалынысың канымдын. Тулпары бол жердеги, Шумкары бол көктөгү. Эркин Кыргызстаныңдын, Эркин Кыргызстаныңдын.
  • Асыл кечим өмүрдө издеп тапканым Өзүң менен атышын ар бир ак таңым Сен жылмайсаң мага эркелеп Дүйнөм шаңданат Түбөлүккө өчпөй жашасын биздин махабат Кайырма: Арнаймын мен сага Бийлик кылып жүрөгүмдүн жарымын Ар дайым сен гана Жанымда бол ошол бакыт жарыгым Көзүңдөн жайнаган Мен өзүмдү кайра баштан тааныдым Кел анда садагам Бирге айдайлы ак сүйүүнүн кайыгын Сезимимди сыйкырлап Байлап алдың да Ыраазымын жан билгем Ушул тагдырга Келечектин тунук бактысын Сен деп атаймын Сен бар үчүн чексиз жашоону Сүйүп жашаймын
  • Күндөр, күндөр, күндөр ай, Бирге жүргөн түндөр ай. Тагдырыбыз тайкы экен, Экөөбүздү эки жакка бөлүп салды. Жүрөгүмдө тутам кайгы, Кайгы мени курчап алды. Бирге жүрүп жете албай, Турмуш куруп кете албай ай-ий. Тагдырыбыз тайкы экен, Экөөбүздү эки жакка бөлүп салды. Күндөр, күндөр, күндөр ай, Бирге жүргөн түндөр ай. Тагдырыбыз тайкы экен, Экөөбүздү эки жакка бөлүп салды. Үзүлбөгөн үмүт менде, Менден өткөн күйүт сенде. Күндөр, күндөр, күндөр ай, Бирге жүргөн түндөр ай. Ойлогондо ал күндөрдү, Кантип үзөм мен күдөрдү, мен күдөрдү? Күндөр, күндөр, күндөр ай, Бирге жүргөн түндөр ай. Ойлогондо ал күндөрдү, Кантип үзөм мен күдөрдү, мен күдөрдү? Жүрөгүмдө тутам кайгы, Кайгы мени курчап алды. Бирге жүрүп жете албай, Турмуш куруп кете албай ай-ий. Тагдырыбыз тайкы экен, Экөөбүздү эки жакка бөлүп салды
  • Кучагыңа бек кысып, Балдарым деп сүйчү элең. Обон созуп, ыр ырдап, Эл аралап жүрчү элең, Эл обонуң сүйчү эле. Атаганат ой, Арман тамат, ий, дүйнөмө, Атасынан айрылган Болбосо дейм дүйнөдө. Ырларыңда сырларың, Маңдайыма сыйбадың. Сыйлай жүрдү сыздадың, Арман айды ырдадың, Арман этип ыйладың. Кайырма: Өттү өмүрүң сый менен, Эл уулу элең, эл деген. Сөзүң калып, өзүң жок, Жалган дүйнөм шум белең, Жакшыларды иргеген.
  • Сен мени салдың жаным неге кайгыга? Мен сенден калдым минтип айрыла. Бирге жүрүп жок болдуң, ичте күйгөн чок болдуң, Кайда кеттиң капырай, эс учумдан тандыра ай… Кайырма: А күйдүм, а күйдүм ай, Неге эле сени сүйдүм ай? Сүйдүм, сүйдүм, сүйдүм ай, Неге эле сен деп жүрдүм ай? Жүронүң эле элден такыр башкача, Күлгөнүң тунук эле таптаза. Эңсебеске арга жок, эңсегенде пайда жок, Эмне кылам капырай, сыртым жалын ичим чок. Кайырма: Сен мени салдың жаным неге кайгыга? Мен сенден калдым минтип айрыла. Бирге жүрүп жок болдуң, ичте күйгөн чок болдуң, Кайда кеттиң капырай, эс учумдан тандыра ай…
  • Жалгыз сезип мен өзүмдү бул дүйнөдө, Жеткис болуп жүргөн элем сүйгөнүмө. Жаңырыгы жеткен беле арманымдын, Кайдан келдиң окшоп көлдүн чүрөгүнө? А мен сени эмнегедир жакшы көрөм, Салыштырып бул өмүрдүн мүрөгүнө. Аз күн өттү, окшоп бирок кылымдарга, Алым жетпей мен өзүңдү унутарга. Издеп сени таппай келем, түн бир оокум, Окшоштуруп элесиңди жылдыздарга. А мен сени эмнегедир жакшы көрөм, Сен бар үчүн бул ааламда сүйүү бардай. Бир көрүүгө зар болдум го карааныңды, Эске салып сенин сүйкүм жамалыңды. Балким, сен да мендей болуп жүргөндүрсүң, Кыйнабастан айтсаң боло абалыңды. А мен сени эмнегедир жакшы көрөм, Окшоштуруп унутулгус элестерге.
  • Көздөрүң турат көзүмдө, Көңүлүң барбы өзүмдө? Көп жүрүп сендей кызды көрбөдүм мен, Кыдырып дүйнө жүзүндө. Көздөрүң сонун, капкара, Көргөндө толкуйм апкаара. Толкундап кетем, кара көз, Эмнеге, кеттиңби жүрөк аңтара? Жүрөгүм толкуйт апкаара. Пейилиң сонун ак пейил, Өзүңдү сүйүп, жан деймин. Жылмайып койсоң, кара көз, сен мага, Жүрөгүм толкуйт, кантейин? Күлбөсөң күйөр асманым, Күйүттө анда калганым. Теңсинбей койдуң, кара көз, Эмнеге, мен сага, тагдырга барбы жазганым?
  • Жанымдан өтсөң жылмайып, Жалт карайм мен да кылчайып. Ичтеги сырды айта албай, Жүрөсүң, айтчы, кимде айып? Өзүңдү жакшы көрөмүн, Өзгөчө сүйүп жүрөгүм. Өрт болуп өмүр өтсө да, Сүттөн ак сага тилегим. Жүрөсүң айтчы, Жүрөсүң айтчы, Жүрөсүң, жаным, кимде айып? Ойлонуу менен таң атат, Ойлорум сени саматат. Жыл өткөн сайын жылт этип, Жаштыгым өтүп баратат. Айттырбай билип сырларым, Ардактап жаштык ырларын. Алагды кылбай көп эле, Аясаң боло, жыргалым.
  • Ушул дүйнө кең дүйнө, кең дүйнө, Телегейи тең дүйнө, тең дүйнө. Тең болсо да бул аалам, Бирөөлөргө бирөөлөр болуп жаткан, Болуп жаткан, болуп жаткан жем дүйнө. Бирөө тартса муң-кайгы, Бирөө көрдү жыргалды. Жаратканым бар болсо, Бул дүйнөнү, бул дүйнөнү, Бул дүйнөнү баарына тең кылбайбы. Чындык дүйнө бар дүйнө, бар дүйнө, Бирөөлөргө тар дүйнө, тар дүйнө. Бакыт конгон адамга, Ушул дүйнө — шаң дүйнө. Сүйгөнүнө жетпегенге – Чиркин дүйнө, зар дүйнө. Күйүп-күйүп, күл болом, Ичи тарды көргөндө. Көрсөм күйүп күл болом, Жакшы адамды бир арам, Жер алдына, жер алдына көмгөндө. Тирүүлүктө адамдар, адамдар, Алгаласын кадамдар, кадамдар. Арабыздан жок болсун, Ичи бузук арамдар. Ач көз, акмак, ач көз, акмак, Ач көз, акмак, сараңдар. Бакыт болсо, көппөйлү, Кайгы болсо, чөкпөйлү. Кагылайын адамзат, Өмүр өтүп баратат, Бул дүйнөдөн көңүл калып өтпөйлү.
  • Көлөмүң болуп кичине, Көзүмдүн батсаң ичине. Көргөзбөй алып жүрмөкмүн, Көңүлү бузук кишиге. Карааның болуп кичине, Каректин батсаң ичине, Каратпайт элем өзүңдү, Карашы бузук кишиге. Карасаң башка кишиге, Кан толо түшөт ичиме. Эриксе жүрөк булкунуп, Ээ боло албайм күчүмө. Жанаша калсаң кичине, Жалдырап карайм жүзүңө, Балакет кылбасаң экен, Башканын кирип түшүнө. Бийлетип ой-санаамды, Биликтей күйүп-жанамбы? Элестеп жүрүп өзүңдү, Эс жинди болуп каламбы? Кыйсыпыр кылдың санаамды, Кыргыздан сендей табамбы? Сыртыңдан жүрүп кызганып, Сыркоолуу болуп каламбы? Көлөмүң болуп кичине, Көзүмдүн батсаң ичине. Көргөзбөй алып жүрмөкмүн. Көңүлү бузук кишиге. Айтканга күйүп айла жок, Ашыктык оту кайда жок. Мени сүй, эгер ишенсең, Мен сүйгөн менен пайда жок.
  • Сүйдүм го, күйдүм го, жүрдүм го, Сүйбөйүнчү десем деле. Сүйдүргөн, күйдүргөн, Айтчы сенин эмнең эле? Кыялга, бакытка, Бөлөп салган кара жанды. Ай-ий, жан эркем. Балдай сөзүң, кара көзүң, Бир өзүңдө бар эле. Кайырма: Жүрөгүмдө бир эргүү, Бар экенин билбедиң, жаным. Жүрөгүмдө бир эргүү бар, бир эргүү. Ойлондум, толгондум, болжодум, Ойлобоюн десем деле. Ойлонткон, толгонткон, Айтчы сенин эмнең эле? Жүрөктө сырымды, Жашырбастан ачык айтсам. Аи-ий, жан эркем. Жанымда бол, бакытым бол, Маңдайымда эркелеп.
  • Бир досум бар кыздарга такыр барбаган, Билим десе күн-түнү окуп талбаган. Ошол досум үйлөнүп тойго чакырды, Капа болот эртелеп жетип барбасам. Кайырма: Оштук досум үйлөнүп тоюна бардым, Ашык болдум балдызынын көрүп чырайын. Ал куркур да сүйлөбөй жанды кыйнады, Эмне кылайын айтчы туугандар же ала качайын. Күрүч-күрүч артына күрмөк суу ичтим, Башы жакшы башталды буюрса иштин. Тоодой көргөн досумдун сулуу балдызы, Тоңуп калган жүрөктү кантип жибиттиң. Кайырма: Оштук кыздар чынында сулуу келишет, Кыйындыкты сабырдуулук менен жеңишет. Бажа болсом досума бажырайган ээй, Куп жарашып баарысы туура келишет.