Казахские песни Узбекские песни

Песня «коштошуу»
исполнителя Кубаныч Сатаев.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Көздөрүңдөн кагылайын,
Балбылдаган, жайнаган,
Кош деп мага кол сунбачы, садагам.
Кош дегенде кол бере албай,
Сени сүйүп кайрадан, кызганып, суктанып,
Айтчы, жаным, бир сен үчүн эмне болуп баратам?
Кайырма:
Жашоо, өмүр, сүйүү деген,
Татаал нерсе турбайбы,
Жаштыгымда билбептирмин мындайды.
Жаралган соң бул дүйнөгө,
Бир жолу, ай, бир жолу,
Жараткан, ай, сүйгөнүңө жете турган кылбайбы.
Көп оролдум, көп сыладым,
Сенин кундуз чачыңды.
Жүрөгүмө далай ийдиң башыңды.
Ойлогон ой ишке ашпай,
Турмуш кыстап, жеңгенде,
Арга жок, айла жок, кошула албайм,
Төккөн менен көздөн аккан жашымды.

Другие песни исполнителя:

  • Асыл кечим өмүрдө издеп тапканым Өзүң менен атышын ар бир ак таңым Сен жылмайсаң мага эркелеп Дүйнөм шаңданат Түбөлүккө өчпөй жашасын биздин махабат Кайырма: Арнаймын мен сага Бийлик кылып жүрөгүмдүн жарымын Ар дайым сен гана Жанымда бол ошол бакыт жарыгым Көзүңдөн жайнаган Мен өзүмдү кайра баштан тааныдым Кел анда садагам Бирге айдайлы ак сүйүүнүн кайыгын Сезимимди сыйкырлап Байлап алдың да Ыраазымын жан билгем Ушул тагдырга Келечектин тунук бактысын Сен деп атаймын Сен бар үчүн чексиз жашоону Сүйүп жашаймын
  • Кучагыңа бек кысып, Балдарым деп сүйчү элең. Обон созуп, ыр ырдап, Эл аралап жүрчү элең, Эл обонуң сүйчү эле. Атаганат ой, Арман тамат, ий, дүйнөмө, Атасынан айрылган Болбосо дейм дүйнөдө. Ырларыңда сырларың, Маңдайыма сыйбадың. Сыйлай жүрдү сыздадың, Арман айды ырдадың, Арман этип ыйладың. Кайырма: Өттү өмүрүң сый менен, Эл уулу элең, эл деген. Сөзүң калып, өзүң жок, Жалган дүйнөм шум белең, Жакшыларды иргеген.
  • Бүгүн бойдок кыз бала Эртең эле эрчитээр Эне болор балага Карылыкка баш ийген Кошуларсың дайрага Карындашым бүгүн той Кел бийлеп кой садага Жаштар бийлеп жатса гүлдөп Карындаш ай суранамын Бийле жүр деп Жаш кезинде ойноп күл деп Күлкү ыр менен таң аткан Шаттык жандап бараткан Кел курдаштар достор ай Жаштык өтөт турбайбы Карыбаска жок арга Кайгырганда не пайда Кел бийлейли ырдайлы Кел бийлейли жыргайлы Эмгек менен таң аткан Эл суктантып караткан Кайран өмүр жашчылык Өтүп барат шаштырып Урунарга жол таппас Аттиң жаштык масчылык Бүгүн тойду шат кылып Биз ырдайлы каткырып